Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Бийлик оппозицияга сүйлөшүүнү сунуштады


Оппозициянын Оштогу митингинен, 1-март, 2012.
Оппозициянын Оштогу митингинен, 1-март, 2012.

Өкмөт оппозицияны тегерек үстөлгө чакырды. Ар бир тараптан бештен өкүл катыша турган жыйынга өкмөт башчы өзү келип катышууга даяр.

Оппозиция өкүлдөрү сүйлөшүүгө президент Алмазбек Атамбаев баштаган жетекчилер катышыш керектигин билдирүүдө. Бийлик менен оппозициянын диалогу мүмкүнбү?

Бийлик менен оппозициянын тирешүүсү Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин төрагалыгынан бошотулгандан кийин жана андан соң Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев бириккен соң күч алды.

Мына ушул окуялардан кийин оппозиция 1-мартта Ошто ири митинг уюштуруп, өкмөттү кызматтан кетирүү, Конституциялык реформа жүргүзүү, апрель, июнь окуялары үчүн күнөөлүүлөрдү жазалоо талаптарын коюп чыкты. Андан кийин алар 31-мартта Баткен шаарында митинг уюштуруп, бирок ага өтө көп киши чогула берген жок. Бирок мына ошол митингде “эгерде бийлик укпаса, анда талаптар катуулай баштаары” эскертилди.

Оппозиция ошондой эле 10-апрелде Жалал-Абадда 50 миң кишинин катышуусу менен митинг белгилеген эле. Бул митингге он миңдин тегерегинде киши катышканы маалымдалды.

Жалал-Абад митингдин алдында өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов оппозиция лидерлери менен жолугушууга даярдыгын билдирди. Бирок оппозиция тараптан жооп боло элек дейт өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Султан Каназаров:

- Оппозициядан жооп жок. Өкмөт даяр. “Каерде болбосун, качан болбосун, силерге кандай ыңгайлуу болсо ошондой шартта жолугушууга даярмын”, - деп премьер-министр сунуш киргизген. Беш-бештен болуп жолугалы, талаптарды бөлүк-бөлүгү менен талкуулайлы деп сунушталган. Эгерде альтернативдүү концепциялар, сунуштар болсо, аларды турмушка ашырууга өкмөт даяр. Мисалы, тоо-кен тармагы болобу, тартип коргоо органдарын реформалоо болобу, кандай гана болбосун, аларды өкмөт угуп, аткарууга алууга даяр.

Оппозиция лидерлеринин бири Исхак Масалиев алар бийлик менен сүйлөшүүгө даярдыгын айтып, бирок ал жолугушууга президент Алмазбек Атамбаев баш болгон колунда бийлиги жана таасири бар адамдар катышыш керектигин белгиледи:

- Биринчи талап - өкмөттү кетирүү. Калган беш-алты талап уланып жатат. Сүйлөшүүдөн эч ким баш тартпайт. Сүйлөшүш керек. Жолугушуу керек. Бабановдун өзүнө айтыш керек. Ал айтып жатпайбы, “мына Мадумаров менен Ташиев айтты, беш-алты министр жөнүндө кеп болуп жатат деп”. Ал калп сөз. Камчы Ташиев Өмүрбек Бабановдун өзүнө айткан, “сен кетишиң керек” деп. Беш-бештен жолугушууга өкмөт эле эмес, жалпы бийликтен катышыш керек. Мисалы үчүн, ага президент катышыш керек. Жогорку Кеңештин төрагасы катышуусу мүмкүн. Мына ушундай таасирлүү жана чечкиндүү адамдар катышыш керек. Анан аппарат башчы менен жолугушуунун кажети жок.

Өкмөт тарап оппозиция менен сүйлөшүүгө даярдыгын айтуу менен митингдерге үч жылга мораторий жарыялоону да сунуштап жатат. Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун пикиринде, митинг, пикеттер инвесторлорду чочутууда. Экономиканы көтөрүү үчүн митингдерге мораторий жарыялап туруш керек.

Мораторий жарялоо жеңил, бирок митинг, пикеттерди токтотуу Кыргызстан шартында мүмкүн эмес. Бул баарына айкын. Ал эми Жалал-Абад митинги бийликке 21-апрелге чейин мөөнөт коюп, ошол мезгилге чейин талаптарды аткарууну табыштоо менен соңуна чыкты.

Соңку кезде оппозиция өз катарын өлкөнүн бардык региондорунан толуктоого аракет жасап келатат. Ал аракет кайсы бир деңгээлде өзүнүн максатына жете баштаганы Жалал-Абадда ачыгыраак байкалды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG