Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Өзбекстанда эки аткаминер жанын кыйды


Иллюстрация
Иллюстрация

Ферганада эки күн ичинде акимдердин орун басарлары асынып өлдү.

Дүйшөмбүнүн таңында Фергана шаарынын акиминин орун басары Ахмаджон Каримбердиевдин өз үйүндө асынган сөөгү табылган. Андан бир күн мурун Дангара районунун акиминин орун басары да асынып алган.

Фергана облустук администрациясында иштеген кызматкер ысымын жашыруун калтырууну өтүнүп, “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына Фергана шаарынын чарбалык, курулуш, өндүрүш жана ишкердик боюнча акимдин орун басары Ахмаджон Каримбердиев 20-февраль күнү өз жанын кыйганын маалымдады:

- Эртең менен Ахмаджондун өлгөнүн уктук. Кийин ал өз жанын кыйып алганы белгилүү болду. Азырынча себебин так билбейбиз.

“Азаттык” радиосунун Ферганадагы бир нече жеке булактары суициддин себебин ар кандай жоромолдошот. Бирок кайгылуу окуянын расмий версиясын тактоого мүмкүнчүлүк болбоду.

Андан бир күн мурун 19-февралда Дангара районунун экономика жана социалдык маселелер боюнча акимдин орун басары Илёсбек Рахимов дагы жогорудагыдай жагдайда өз жанын кыйган.

– Илёсбек Рахимов Фергана облусунда туулган. Бирок Кокон шаарында чоңойгон. Ал 19-февралда үйүндө асынып алган экен. Бизге эмнеге мындай кадамга барганы белгисиз, – деди "Азаттык" радиосуна райондук администрацияда иштеген булак.

Өзүн тааныштырууну каалабаган Фергана облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкери биздин кабарчыга бул маалыматтарды ырастады:

– Мен бул иш боюнча эч нерсе айта албайм. Азыр прокуратура иштеп жатат.

Соңку жылдары Өзбекстанда аткаминерлер, фермерлердин өз жанын кыйган учурлары көбөйдү. Маселен, 2015-жылы “Хамкорбанк” коммерциялык банкынын Маргалаң шаарындагы филиалынын башчысы Шерзод Кадыровдын сөөгү Фергана каналында табылган. Банк башчы аттестациядан өтпөй калып, жумуштан айдалганынан улам жанынан кечкен дейт расмий орган.

Ошол эле жылы Анжиян облусунун Избаскан районунда аким жана прокурордун катышуусунда өткөн жыйындан чыгып 29 жаштагы фермер Нодирбек Хайдаров өз чарбасынын дааратканасында асынып калган. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын өз булактарынын айтымында, жыйында аким менен прокурор план толтура албай калган жаш фермерди катуу кемсинтишкен.

2014-жылдын октябрь айында өз жанын кыйган Хабибулло Эгамбердиевди Хорезм облусунун Хазарасп районунун жетекчилиги пахтанын планын толтура албай калгандыгы үчүн басмырлашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG