Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Күйөөдөн кордук көргөн келин үйдөн качты


Таластын Манас районундагы айылдардын биринде жашаган төрт балалуу келин күйөөсүнүн сексуалдык кордугуна чыдабай үйүнөн качып чыкты. Учурда ал облустагы социалдык мекемелердин биринде балдары менен убактылуу баш калкалап турат.

Укук коргоочулар келин кириптер болгон окуяны облуста көп катталып келген үй-бүлөлүк зомбулуктун ачыкка чыккан алгачкы көрүнүшү деп сыпаттап жатышат.

33 жаштагы Айжанды (аты белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) мектепти аяктары менен эле ала качып кетишет. Бирок күйөөсүнүн ашкере кызганчаактыгынан улам тун перзенти жаңы тороло баштаганда өз үйүнө баса берген.

Көп узабай экинчи жолу бүлө күтөт. Бул ирет өзүнүн кыялындагыдай, ичкиликти да кээде гана оозуна алганы болбосо дээрлик ичпеген, жашоо-шарты да кыйла тың мырзага жубай болот. Бирок күйөөсү гиперсексуал болуп чыгат.

- Мен турмушка чыккан күндөн тарта эле ушундай экенин билдим. Башында төркүнүмө кетип калып жүрдүм. Бирок себебин эч кимге айта албагандыктан, кайра эле бирге түтүн булата бердим. Башыма түшкөн мүшкүлдү тагдырдын сыноосу катары кабыл алып, он жыл жашаптырмын. Бул убакыт аралыгында төрт кыз төрөдүм. Баары удаа.

"Порнографиялык тасмаларды сатканды токтотушса"

Айжан кыздарынын келечеги үчүн да күйөөсүнүн кылыгына көп учурда көз жумган. Бирок акыркы кезде чыдамы түгөнгөнүн көз жашын тыя албай мындайча баяндады.

Сексуалдык зомбулуктун тагы кетпейт

Сексуалдык зомбулуктун тагы кетпейт

Кыргызстанда жыл сайын зордукталган 300гө чамалуу кыз-келиндин 30 пайызы гана милицияга кайрылат. Ар бир 25-аял сексуалдык зомбулукка кабылат, ар бир алтынчы аял ала качууга дуушар болот.

- Порнографиялык тасмаларды сатыкка чыгарганды токтотушса болот эле. Диск деген бир балээ болду! Күйөөм каалаган убагында телевизор турган бөлмөгө эч кимди киргизбешимди талап кылат. Анан түнкүсүн ошол көргөндөрүн кайталайт. Акыркы жолкусунда түнү менен үйгө камап алып билген намазын окуду. Таң атканча алыштым. Ошентип таң атары менен эптеп качып чыктым. Апам каза болуп калган. Атамдын экинчи аялы бар. Бир туугандарым да өз бүлөсү менен алек. Менин мындай абалга туш болгонумду тайжеңемден башка жан билбейт. Туугандарым "жакшынакай күйөөңдөн эмнеге кеттиң?" деп жемелегени жемелеген.

Төркүндө деле түбөлүк жашай албасын түшүнгөн келин жергиликтүү акыйкатчыга кайрылган. Арзыкан Момунтаева Айжанды Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу облустагы оор кырдаалдагы үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүүчү борборго жайгаштырууга көмөктөшкөн.

- Келин мага келгенде турмуштан ындыны өчүп, баарынан көңүлү калып, күйүткө батып, өзүнүн оюн да айта албай жаткан болчу. Анан азыр убактылуу баш калкалоочу жер таап, төрт кызы жана өзү болуп ошол жерде күн көрүп жатат. Эгер арыз менен милиция органдарына кайрыла турган болсо сот, прокурорлор өз кызматын так аткарса, өзүнө тиешелүү үлүштөн кол жуубашы мүмкүн. Тилекке каршы көп учурда аларды биз арыз жаздырып алганыбыз менен деле сотто, милицияда, прокуратурада иш оң жагына чечилбей калган учурлар болот.

Оор кырдаалдагы үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүүчү мекемедеги эрежеге ылайык, алты айдан кийин келин өз арабасын өзү тартууга тийиш. Бирок чиедей балдары менен каякка барары белгисиз. Анын үстүнө 12 жаштагы улуу кызы шал оорусу менен төрөлгөн.

Ачыкка чыккан алгачкы окуя

Бул жаатта ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук боюнча бөлүм башчысы Шүкүрбек Кушбеков буларды айтты:

Чоң муштум күйөөнүн жанга баткан кордугу

Чоң муштум күйөөнүн жанга баткан кордугу

Кыргызстанда катталган үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары 2009-жылдан бери 30 пайызга көбөйдү. Зомбулуктун түрлөрүнүн 70 пайызга жакыны күч колдонуу, 25 пайызы психологиялык басмырлоо жана 5 пайызы сексуалдык мүнөздөгү кордук болуп саналат.

- Күйөөсүнө арызданып келген аялдар боюнча биз ишти карап, көп учурда «Охранный ордер» дегенди беребиз. Бул белги зомбулук көрсөткөн адам менен жабырлануучунун ортосундагы мамилени чектейт. Мындайча айтканда, күйөөсү 15 күнгө чейин аялына моралдык, психикалык кордук көрсөткөнгө акысы жок. Талапты бузса, административдик чара көрүлөт. Быйыл административдик айыппул 97 адамга салынып, 12 600 сом өндүрүлдү. Мындан тышкары облус боюнча 14 эркек каттоодо турат. Булар эки же андан ашык жолу аялына күч колдонгондор. Бирок дээрлик көпчүлүгү өз ара элдешип алып эле жашай берет. Мындан улам аялына кордук көрсөтүп камакка алынгандар жокко эсе.

Адистердин айтымында, аялдар бул сыяктуу маселесин көп учурда коомчулуктан жаап-жашырууга аракет жашайт. Жергиликтүү бейөкмөт уюмунун өкүлү Жыпар Турдумамбетова мунун себебин менталитет менен байланыштырды.

- Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдар көбүнчө башынан өткөндү ачык айтуудан уялышат. Тууган-урук, ата-энем, эл эмне дейт деген стереотиптер менен баарына кайыл болуп жүрө беришет. Эмне үчүн аялдардын өлүмү көп катталып жатат? Мына ушундай кордуктарга чыдап жүрүп жүрөк оорулуу болушат. Ур-токмокко кабылгандар өз учурунда дарыгерге көрүнмөк турсун, көз жашын арчып алып эле күнүмдүк тиричиликке киришет. Ажырашайын десе балдарын ойлойт. Ошентип таяк жесе да күн кечирүүгө туура келет.

Адистердин айтымында, Таласта мындай окуя биринчи жолу ачыкка чыгып отурат. Анткен менен региондо аялдардын укуктары бузулган учурлар аз эмес.

Акыркы тогуз айдын ичинде өз укугу тебеленип жатканын айтып, облустагы ички иштер башкармалыгына 133 аял арыз менен кайрылган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 28 адамга көп.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG