Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Бакы: "Азаттыктын" кабарчысына кысым


"Азаттыктын" азери тилиндеги кызматынын интернет барагы
"Азаттыктын" азери тилиндеги кызматынын интернет барагы

"Азаттыктын" Азербайжандагы журналисти өзүнө каршы багытталган интернеттеги каралоо өнөктүгүнөн коркпой тургандыгын билдирүүдө.

Хадижа Исмаилова "Азаттыктын" азери тилиндеги кызматынын кабарчысы. Ал өзүнө каршы багытталган каралоо өнөктүгү анын президент Илхам Алиевге, анын жакындарына байланышкан коррупциялык жана финансылык иштер боюнча иликтөөсүнө байланыштырат. Бирок журналист мындай кысымдан коркуп калбай тургандыгын эскертүүдө:

Эгер алар мени коркутам дешсе, жаңылышат, максатына жете алган жок. Мен иликтөөлөрүмдү уланта берем. Алар мени каралай алышпайт, себеби мени досторум колдойт. Алтургай диний ишмерлер да мага колдоо билдирип жатышат.

Эркин Европа/Азаттык үналгысынын президенти Стив Корн Бакыдагы студияда маек берүүдө
Эркин Европа/Азаттык үналгысынын президенти Стив Корн Бакыдагы студияда маек берүүдө
Шаршембиде жарык көргөн катында Эркин Европа/Азаттык радиоcунун президенти Стив Корн Исмаиловага кыйшаюсуз колдоо билдирди. «Хадижа азери элин цензураланбаган кабарлар, жоопкерчиликтүү талкуу, ачык дебаттар менен камсыздоо боюнча биздин радионун аракеттерине кол кабыш кылып келатат», деди 11-13-март күндөрү Бакы калаасында болгон Корн.

11-мартта ачылган интернет сайтта жайгаштырылган видеодо кабарчыга тийешелүү делген сексуалдык кыймыл-аракеттер көрсөтүлүп, оппозициядагы "Мусават" партиясына тийешелүү интернеттеги URL дареги берилген. Чындыгында, бул даректин аталган партияга тийешеси болгон эмес.

Дүйшөмбүдө бийлик партиясына тиейешелүү "Йени Азербайжан" гезити Исмаилованы жана "Азаттыктын" азери кызматын бутага алган макала жарыялады. Исмаилова автору көрсөтүлбөгөн макала жеке өзүн жана үй бүлөсүн каралаганы үчүн гезитти сотко бергени жатат.

"Азаттыктын" кабарчысы Халида Исмаилова
"Азаттыктын" кабарчысы Халида Исмаилова

Өткөн аптада ошондой эле Исмаиловага интернет видеодон алынган өзүнүн интимдик мазмундагы сүрөттөрү почтадан келген. Сүрөттөр «байкап жүрбөсөң, шермендең чыгат» деген куш кат менен коштолгон. Бул сүрөттөр эки гезитке да жөнөтүлгөн, бирок алар сүрөттөрдү чыгарышкан жок.

Исмаилова Азербайжандын өзүнөн жана чет өлкөдөн моралдык колдоо алууда.

Азербайжандык укук корогоочу Лейла Юнус Бакы калаасында "Тынчтык жана Демократия" институтунун жетектейт. Ал "Азаттыкка" жана Исмаиловага каршы аракеттерди жалпы эле коомду бүшүркөтүү аракети деп эсептейт:

– Азербайжанды калчап турган бул криминалдык, мафиялык структура биздин коркуп жашашыбызды каалайт. Качан камакка алынып, качан кыйноого дуушар болом, качан мени уурдап кетишет деп ар ким коркуп жашоосу керек. Эркек болобу, аял болобу, зордуктоодон коркот. Булар кимди болсо да колкодон ала алышат.

Азербайжандын ички иштер министринин маалымат катчысы "Азаттыкка" Исмаилованын арызы боюнча кылмыш иши козголгондугун, ага мыйзам боюнча 10 күндүн ичинде жооп бериле тургандыгын бышыктады.

Бакыдагы "Медиа укуктар" институтун жетектеген Рашид Хажижи полицияны бул ишти жакшылап иликтөөгө чакырды:

Ички иштер министрлиги менен Баш прокуратура тергөө жүргүзүп жатат, анын аралыгында бул видео интернет аркылуу тарап жатат. Алардын көз алдында жаңы кылмыш жасалууда.

Азербайжан журналисттер үчүн кооптуу өлкө деп саналат. Транспарэнси Интернэшнэл бейөкмөт уюмунун коррупциялык индексинде бул өлкө былтыр 183 өлкөдөн 143-орунду ээлеген. Ал эми «Фридом Хаустун» 2011-жылдагы «Сөз эркиндиги» тууралуу отчетунда өлкөдөгү кырдаал өтө оор экендиги белгиленген.

«Бийликтер өз пикирин билдирген журналисттерди жана блоггерлерди камакка алууну улантууда. Журналисттерди кысымга алуу азайган жок, медианы кысымга алуу эч токтоосуз уланууда» деп айтылат аталган баяндамада.
XS
SM
MD
LG