Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Бургастагы жардырууга Израил Иранды айыптоодо


Жардыруудан кийин Бургас аба майданында жарадарларга медициналык жардам көрсөтүү, 18-июль 2012-жыл
Жардыруудан кийин Бургас аба майданында жарадарларга медициналык жардам көрсөтүү, 18-июль 2012-жыл

18-июлда Болгариянын туристтик Бургас шаарынын аба майданындагы жардырууда кеминде 8 киши набыт болду. Жанкечти ишке ашырган жардыруунун чоо-жайы иликтенүүдө.

Израил жардыруу үчүн дароо Иранды айыптады, расмий Тегеран болсо кандуу окуяга эч тиешеси жоктугун жар салды.

Шаршембиде Кара Деңиздин жээгиндеги Бургас шаарынын “Сарафо” аба майданында Тел-Авивден учуп келген каттамдын туристтери түшкөн эки кабат автобус жарылды. Болгариянын Ички иштер министрлиги 8 израилдик жаран өлүп, ондогон адамдар жарадар болгонун билдирди. Автобустун айдоочусу - жергиликтүү болгар дагы көз жумду. Жөөт туристтер түшкөн автобусту жардырган белгисиз жаран АКШнын Мичиган штатында катталган айдоочунун жасалма күбөлүгүн көтөрүп жүргөн деген кабар тарады.

Жанкечти деп шектелген адам (аэропорттун видео камерасынан сүрөт)
Жанкечти деп шектелген адам (аэропорттун видео камерасынан сүрөт)
Жардыруудан көп өтпөй эле Израил Иран менен Ливандын Хизболла уюумун кандуу окуяны уюштурду деп айыптады. Ирандын мамлекеттик сыналгысы болсо мындай айыптоого эч негиз жоктугун жарыялады.

Шейшембиде Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов иликтөө иштери кызуу жүрүп, жанкечтинин кимдигин аныктоо аракеттери көрүлүп жатканын билдирди:

- Бизде бул терррордук ишти жанкечти жасады дегенге жүйөлүү негиз бар. Биз Федералдык чалгындоо бюросу жана Борбордук чалгындоо агенттигиндеги кесиптештерибиз менен тыгыз кызматташып жатабыз, бирок аларда жанкечти тууралуу маалымат табылган жок. Табылган айдоочунун күбөлүгү жабыркагандардын биринен түшүп калса керек.


Израилдин Тышкы иштер министрлиги Бургастагы жардырууну Иран жана "Хизболла" жасагандыгы жөнүндө негиздүү маалымат бардыгынын айтып, бирок маалыматтын чоо-жайына ачыктаган жок.

Ал эми премьер-министр Нетаняху Израил “Иранга бул террордук чабуул үчүн тайманбай жооп берерин” жардыруу болду деген кабар тарары менен билдирди.

Бургастагы чабуул мындан туура 18 жыл мурун Аргентинада жөөт жамаатын жардырууда 85 киши жок болгон окуяга тушташ болду. Бул атайын пландалган кара санатайлыкпы же жөн эле каргашалуу дал келүүбү – түркүн түкшүмөлдөр айтылууда. 2004-жылы Египеттин Синай жарым аралында жарылган бомбадан 12 жөөт набыт болгон эле.

Израил буга чейинки Таиланд, Индия, Грузия жана башка өлкөлөрдөгү жөөттөрдү бутага алган чабуулдардын бардыгына Иранды айыптап келет.

Расмий Тегеран болсо мындай айыптоолорду “суу кечпеген cөз" деп баалайт.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен өз билдирүүсүндө Бургастагы жардырууну айыптап, бул “чыдап тургус жана эч качан эч ким актай алгыс” иш деп баалады. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги “жардырууну уюштургандар аныкталып, жазасын алуусу керек” деп билдирет.

Ал ортодо Израил менен Болгариянын бийликтери кандуу каргашада жабыркагандарга жардам берүү менен сөөктөрдү аныктоо ишин жүргүзүүдө.

Израилдин аскерий учагы Бургас ооруканасынан 30 жарадарды өз мекенине алып кетет. Болгария өкмөтү болсо эс алуусун токтоткон 100 жөөт туристти Израилге жеткирүүнү өз мойнуна алды.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG