Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Чилиде жер силкинди


Икикадагы жер титирөөдөн кийин деңиз жээгиндеги ресторанда өрт чыкты. 1-апрель, 2014-жыл.
Икикадагы жер титирөөдөн кийин деңиз жээгиндеги ресторанда өрт чыкты. 1-апрель, 2014-жыл.

Чилиде катуу жер титирөөдөн кийин өлкөнүн чыгышында чукул абал жарыяланды. Шейшембинин түнүндөгү кырсыкта аз дегенде беш киши набыт болду.

Чилинин түндүгүндө шейшембиден шаршембиге караган түнү Рихтердин шкаласы боюнча 8,2 баллдык жер титирөө болуп, кеминде беш кишинин өмүрү кыйылды.

Президент Мишел Бачелет негизинен Арика-Паринакота, Тарапака аймактары жапа тарткандан кийин ал жакта чукул абал киргизилип жаткандыгын жарыялады.

Бачелеттин айтымында, жер титирөө канчалык зыян алып келгендиги али тактала элек. Бийликтер набыт болгондор урандынын алдында калып же жүрөгү жарылып көз жумганын билдиришти.

Бачелеттин айтымында, өкмөт зилзала аймагына жардам жеткирүүнүн үстүнөн иштеп жатат:

- Эвакуациялангандардын өмүрүн жана мал-мүлкүн коргоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Өкмөт ошондой эле биздин жарандарга бул кырсыкта жардам көрсөтүүнүн иш-чараларын уланта бермеки.

Түндүк аймактарда мухит жээгинде толкундун бийиктиги жер титирөөдөн 45 мүнөттөн кийин эки метрге жеткен эле. Ошондо Чилинин бийликтери цунами коркунучу тууралуу эскертүү жарыялаган. Шаршембиде бул эскертүү күчүн жоготту.

АКШнын Геологиялык көзөмөл кызматы жер титирөөнүн чордону Чилинин Перу менен чек арасына чукул жерде болгонун маалымдады. Бул кызмат ошондой эле зилзала мухиттин түбүндө, жер кыртышынын 20 чакырым тереңинде болгондугун бышыктады.

Кырсыктан улам Чилинин түндүгүндө электр жарыгы менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады.

Зилзаланын чордонуна эң жакын жайгашкан Икике шаарында жер титирөөдөн кийинки тополоң-тоздун мезгилинде аялдар түрмөсүнөн 300 чакты айыпкер качып кеткендиги кабарланууда. Бир миң чакырымдай түштүктө жайгашкан баш калаа Сантьягодо жердин силкингени байкалган жок.

2010-жылы 8,8 баллдык жер титирөөдөн цунами башталып, Чилинин түштүгүндө жана борбордук аймактарында анын кесепетинен 526 кишинин өмүрү кыйылган эле.

XS
SM
MD
LG