Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Кытай болк этсе, дүйнө солк этет


Кытайда улуттук акча - юандын алмашуу курсундагы олку-солкулук инвесторлордун камтамачылыгын жаратып, мунун аркасында жалпы Азияда баалуу кагаздар базары кыйсыпырга түштү. Баалуу кагаздар базарындагы чайпалуудан Европа менен АКШ да сыртта калган жок. Орусия менен Казакстанда улуттук акчалардын куну качуусу уланып, рубль менен теңге төмөндөп эле баратат.

Дүйнөнүн экинчи ири экономикасы - Кытайда жыл башталгандан бери улуттук акча - юань 1,5% арзандады.

Ал эми былтыр бир жыл ичиндеги девальвация 4,7% жеткен эле.

Былтыркыдай эле юандын жаңы жылдан берки наркынын түшүшү акциялардын арзандоосу менен коштолгондуктан, өлкөнүн Элдик банкы кайра ушул дүйшөмбүдө юандын долларга расмий алмашуу курсун көтөрдү.

Бирок бул чара баалуу кагаздар базарындагы кырдаалга азырынча оң таасир көргөзө алган жок.

Анткени, талдоочулардын баамында, Бээжиндин акча саясатынын келечеги боюнча белгисиздик инвесторлорду камтамага салууда.

Кытайдын өзүндө акциялар өткөн аптада 10% арзандаса, Шанхай биржасында ушул дүйшөмбү күнкү соода негизги көрсөткүчтөрдүн 3% ашуунга төмөндөөсү менен аяктады:

Биржа. Китай

Биржа. Китай

- Менимче, фондулук базардагы биз көргөн төмөндөө баары үчүн эле күтүүсүз болду. Бирок бул азбы же көппү - өткөн жылдын жайында базарга одоно кийлигишүүнүн тикелей натыйжасы. Анда институционалдык инвесторлор айрым эсептер боюнча наркы 1,2 триллион юанга жеткен акцияларды сатып алып коюшкан эле. Бул болжол менен базарда эркин айланууда жүргөн акциялардын 8%. Эгер ушул институционалдык инвесторлордун азганакай бөлүгү эле өткөн аптада акцияларын саткан болсо, базарга олуттуу басым жасашты. Мындан улам рационалдуу, чекене инвесторлор базардан биринчи болуп чыгып кетүүгө умтулууда. Демек, биз азыр өткөн жайда базарга туура эмес кийлигишүүнүн натыйжасын көрүп жатабыз,- деди Сеулдан Рейтердин кабарчысы менен маегинде каржы базарлары боюнча талдоочу Жефф Левис.

Талдоочу айткан институционалдык инвесторлордун катарына пенсиялык корлор, инвестициялык фонддор, камсыздандыруу компаниялары кирет.

Эске салсак, былтыр августта Кытай улуттук акчасын салыштырмалуу ири ченемде нарксыздандырууга барганда бийликтер баалуу кагаздардын куну качышын токтотуу үчүн аларды сатып алууга пенсиялык корлордун да акчасын жумшаган болчу.

Өзү юанды акырындык менен арзандата баштаган Кытай анын дүйнөлүк экономикадагы ролун эске алганда, бул жаатта кандай кадам жасабасын “валюта согушу” чыкпайбы деген шек саноолорду жаратат. Мындан эң биринчи кезекте Азиядагы коңшулары, соода атаандаштары кабатыр.

Анткени, юандын куну качса, Кытай менен экспорттогу атаандаштыкка туруштук берүү үчүн Азиянын калган өлкөлөрү да улуттук акчаларынын кунун атайылап кетирүүгө мажбур болушат.

Кытай акчасы

Кытай акчасы

Кытайдын баалуу кагаздар базарындагы арзандоо Азиянын калган өлкөлөрүндө да биржалык көрсөткүчтөрдү артка тартты.

Жаңы жылдан бери олку-солку кырдаал АКШ менен Европанын биржаларында да сакталып турат:

- Албетте, негизги көйгөй Кытай. Бирок биз бул көйгөйдү эки жылдан бери билебиз. Эгер Кытайдын фондулук базарында жапырт төмөндөө орун алса, бул сөзсүз Франкфурттагы биржага да таасир берет. Бирок Кытайдын экономикасы анын репутациясына караганда, жакшы экенин айтып коюшубуз керек. Ал мурдагыдай жакшы эмес, бирок абдан жаман дагы эмес, - дейт Германиядагы Baader банкынын талдоочусу Роберт Хейлвир.

Кытайда быйыл экономикалык өсүштүн ыргагы былтыркыдан да солгундап, 6,5% тегерегинде болору күтүлүүдө. Бул өз кезегинде Кытай керектеген чийки заттын, мунайдын көлөмүн азайтат.

Бул аралыкта дүйнөлүк базарда кара май баасы арзандагандан арзандап жатат. Дүйшөмбү күнкү соодада мунайдын бир баррели 32 доллардан төмөндөп кетти. Мындан улам Кыргызстанга тикелей экономикалык таасири бар Орусия менен Казакстан валютанын жаңы соккусуна кабылды.

Орусияда дүйшөмбү күнкү соодада акциялар менен катар улуттук акчанын куну качышы уланып, рублдин долларга карата катнашы жаңы тарыхый минимумга түштү. Бир доллар Орусияда 76 рублден Казакстанда 357 теңгеден ашты. Бул эки өлкөнүн валюта базарындагы төмөндөө шейшемби күнү да уланууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG