Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Паваротти сыйлыгын алган Жеңишбек Ысманов


Жеңишбек Ысманов
Жеңишбек Ысманов

Европанын алдыңкы театрларында дүйнөлүк операларды аткарган опера ырчысы тенор Жеңишбек Ысманов өткөн жумада Лучианно Павароттиге арналган PAVAROTTI D’ORO сыйлыгына татыды.

Ушул тапта таланттуу журтташыбыз Жеңишбек Ысманов Түштүк Кореяда чыгармачыл сапарда жүргөн экен. Бул өлкөдө Жакомо Пуччинин “Богема” операсына даярданып жаткан Жеңишбек бир апта мурда алган сыйлыгына дагы эле кубанып бүтө электигин жашырган жок.

- Негизи PAVAROTTI D’ORO деген аталыштагы бул сыйлык буга чейин жыл сайын маданиятка эмгеги сиңген чоң дүйнөлүк ырчыларга ыйгарылып келген. Аны атайын уюштурулган концертте тапшырышат. Мени аталган концертке былтыр эле чакырышкан эле. Мен макул болуп, бирок кийин башка келишимдер чыгып калганына байланыштуу баш тартууга туура келген. Быйыл да чакырышканынан сыйлыкка көрсөтүлгөнүмдү билбей эле бардым. Көрсө бул сыйлыкты мага былтыркы концертте эле ыйгарышмак экен. Мага Павароттинин айкелчесин беришти. Кичине айкелдин өзүндө да 2015-жыл деп жазылып турат. Негизи бул сыйлыктын алтын төш белгиси тажрыйбалуу, сахнада көп жылдан бери жүргөн ырчыларга берилип жүрөт. Мага болсо келечектен көптү үмүттөндүргөн ырчы, жаш тенор үндүү талант, Павароттинин жолдоочусу катары бул айкелчени берип жатышканын сахнадан жарыялашты.

Жеңишбек белгилегендей, бул жогорку сыйлык ХХ кылымдын алтын үнү аталган, атактуу ырчы, италиялык тенор Лучано Паваротти 2007-жылы каза болгондон кийин негизделген.

Паваротти - Гиннеске кирген опера булбулу

Паваротти - Гиннеске кирген опера булбулу

Кыргыз операсында да Павароттинин жолун жолдогон ырчылар жок эмес. Маселен, Токтоналы Сейталиевдин аткарган ырлары азыр да эл арасында кеңири белгилүү.

Өмүрүнүн акыркы жылдары тенор кичи мекени Модена калаасынын чекесиндеги Корреджо шаарында узак убакыт иштебей турган Bonifacio Asioli театрынын ишин жандантып, иштетип баштаган. Ал эми сөз болуп жаткан PAVAROTTI D’ORO сыйлыгын атактуу ырчынын элесине арнап, Дал Корреджо шаарынын мэриясы негиздеген.

Жеңишбек айтып өткөндөй Павароттинин сыйлыгы буга чейин атактуу ырчыларга тапшырылып келген. Алардын арасында Лео Нуччи, Хосе Каррерас, Андреа Бочелли, Мирелла Френи бар.

- Алгандан кийин деле бир топко ишене албай турдум. Статуэтканы карасам менин атым, Павароттинин аты жазылып турат. Бул мен үчүн чоң сыймык. Анткени мен операны Павароттинин үнү менен тааныгам. Мен дагы ошондой ырчы болууну кыялданам. Бир кезде улуу талант менен бул жактан учурашууну көздөчү элем, бирок, тилекке каршы, көзү өткөндөн кийин келип калдым. Кудайга шүгүр көп жылдан бери Павароттинин элесине арналып уюштурулган концерттерде чыгып жатам. Былтыр Павароттинин 80 жылдыгына арналган концерт болгон. Рикардо Мутти деген чоң дүйнөлүк дирижер Барошонун чакыруусу менен барып ырдагам,- деген Жеңишбек Ысманов жети жылдан бери “Операнын Меккеси” катары саналган Италияда жашап келет.

Италияда кыргыз үнүн жаңырткан Жеңишбек

Италияда кыргыз үнүн жаңырткан Жеңишбек

Тенор үндүү ырчы Жеңишбек Ысманов Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айылында карапайым үй-бүлөдө төрөлүп, беш баланын кенжеси. Ал 2000-жылы орто мектепти аяктап, Бишкектеги улуттук филармониянын эки жылдык студиясына кирип, Эл артисти Улукмырза Полотовдон тарбия-таалим алат.

Таланттуу ырчы Милан шаарында жашайт. Бирок Европанын чоң сахналарында келишимдин негизинде ырдап келет. Маселен, Жеңишбек Европанын алдыңкы сахналарына чыгып, Вердинин "Риголеттосунда” Герцогдун ролун, "Травиатада" Альфреддин ролун, Пуччининин "Богема" операсында Рудольфтун арияларын аткарууга жетишкен.

- Албетте, жети жыл мурда келгенде балапан эле болчумун да. Тажрыйба да аз, тил билчү эмесмин. Эми кудайга шүгүр, акырындан өз ордумду таап калдым. Кандай эле кыргыз бала акцентсиз Италияда опера ырдап жүрөт деп таң калгандар болот. Опера жанрында ийгиликке жетүү үчүн бардык ой-максаттарымды алдыга коюп, аракет кылдым. Көптөгөн конкурстарга катыштым. Албетте, баары эле шыр кетпейт, сынактарда да өз эмоцияңды башкарганды үйрөнүү эле өзүнчө аракетти талап кылат эмеспи. Аракеттен аркасы берекет деп коет эмеспи. Азыр бардыгы жакшы. Негизи эле биздин өнөр өмүр бою эмгектенүүнү талап кылат. Анан канчалык көтөрүлгөн сайын ошончолук жоопкерчиликти сезип, андан да көбүрөөк аракет кыла баштайт экенсиң. Себеби атаандашуу күндөн-күнгө күчөп атат. Кандайдыр бир деңгээлге көтөрүлгөндөн кийин ошол деңгээлде өзүңдү өзүң кармоо бул абдан татаал нерсе. Кээ бирлер ойлошу мүмкүн башында эле оор деп, ойлоп көрсөм тескерисинче экен. Үстүнө чыгып алып, ошол жакта кармалып туруш кыйын экен.

Ош облусунун Ноокат районунда туулуп-өскөн Жеңишбек Ысманов 2000-жылы орто мектепти аяктаган соң Бишкектеги улуттук филармониянын эки жылдык студиясынан билим алган. Ал жерден эл артисти, белгилүү музыкалык педагог Улукмырза Полотовдон тарбия-таалим алат. Андан кийин улуттук консерваторияда Эл артисти Керим Тураповдун классынан вокалдык өнөрдүн сырларын өздөштүрөт.

- Негизи ошол сынактарга барып, өзүмдү көрсөткөндөй даражага жеткирген өзүмдүн агайым, консерваторияда беш жыл окуп жүргөндө устатым Керим Рысалиевич Турапов болгон. Операны укканда эле түшүнө калбайсың да, анын да үтүр-чекити бар дегендей. Агайым ал кезде филармониянын директору эле, жумушунун көптүгүнө карабай мага убактысын бөлүп, тажрыйбасы менен бөлүштү. Абдан ыраазымын. Италияда да жакшы педагогум бар. Сара Сфорникорти аттуу айым. Билимимди ошол окутуучум менен өрчүтүп атам.

Учурда Түштүк Кореядагы сапарынан соң журтташыбыз Европадагы режиссердун чакыруусу менен “Богема” операсында белгилүү партияны аткарарын айтты.

XS
SM
MD
LG