Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Евробиримдик-Кыргызстан: кыйынчылыкта бирге


Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева жана Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу, Брюссел, 1-март, 2011-жыл
Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева жана Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу, Брюссел, 1-март, 2011-жыл

Бул күндөрү Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева баштаган атайын делегация Европада иш сапарда жүрөт.

1-мартта Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу кыргызстандыктарды кабыл алып, атайын тегерек үстөлдө талкуу өттү. Андан соң төрага Баррозу менен президент Отунбаева журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Жозе Мануэл Баррозу учурдагы демократиялык жараяндар Кыргызстан гана эмес, жалпы эле Борбор Азия чөлкөмүндөгү туруктуулукка жана өнүгүүгө өтө маанилүү экенин айтты:

- Европа биримдиги Кыргызстандагы туруктуулукту жана демократияны өнүктүрүүдө өткөөл мезгилде өлкөнүн учурдагы жетекчилигинин алдына койгон ишенимдүү максаттарын өтө жогору баалайт. Жолугушуулар маалында президент Отунбаеванын каармандыгына жана мүдөөгө берилгендигине өтө жогору баа бердим. Мен Кыргызстанды өткөн жылы башталган демократиялык жараян менен куттуктадым.

Эки лидерге өткөн июнь айындагы Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжалдын запкысы, анын кесепеттерин жоюу тууралуу суроолор берилди.

Алгач суроого президент Роза Отунбаева жооп берди:

- Биз жаатташкан эки тарапты жакындатуунун үстүндө болгон күч аракетибизди жумшап жатабыз. Жаңжалдын запкысы өтө терең кеткен. Бул ишти аткарууда албетте жалпы эл аралык коомчулуктун жакындан көңүл буруусу зарыл, ошондой эле каржылык колдоо керек.

Европа биримдиги Кыргызстандагы апрель ыңкылабынан берки демократиялык реформаларды жакындан колдоп келет. “Евробиримдик Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө тыкыр көз салууда жана Кыргызстанга илгери жылууга жакындан жардам берет. Өткөн жылдагы апрель кризисинен кийин мыйзамдуулуктуу орнотуу, адам укуктарын сыйлоо жана социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында биз жардамыбызды күчөттүк. Бул жардамдар бараандуу каржылык колдоо аркылуу уланууда", деп айтты төрага.

2010-жылдын июндагы жаңжалдан кийин европалык өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдар Кыргызстандын түштүгүндө ар кыл долбоорлорду ишке ашырууда.

“Өткөн июндагы Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңжалды көз карандысыз иликтеген комиссия биз тараптан кошумча каржыланып, колдоо алды. Эми ал комиссия өзүнүн сунуштарын берди. Ал сунуштар иш жүзүнө ашырылат деп ишенем",-
деди Еврокомиссиянын төрагасы.

Европа Биримдиги учурда Кыргызстандагы саясий-экономикалык реформаларга колдоо көрсөтүп жаткан экинчи чоң донор болуп саналат. «Бул уюм чыныгы достукка негизделген ишенимдүү өнөк катары биздин башыбызга кыйынчылык түшкөндө биз менен бирге болууда»,-деди Кыргызстандын өлкө башчысы.

Евробиримдик Кыргызстанга 2010-11-жылдарда 118 миллион евро жардам убада кылган. Еврокомиссия чукул арада Бишкекке бюджетке кошумча жардам берүү мүмкүнчүлүгүн талдоого өз эксперттерин жөнөтөт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG