Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:28

"Фридом Хаус": жарандык эркиндик коркунучта


"Эркин эмес", "жарым-жартылай эркин" мамлекеттерде жашаган калк "эркин" дүйнөнүкүнөн 1,6 миллиардга көптүк кылат.
"Эркин эмес", "жарым-жартылай эркин" мамлекеттерде жашаган калк "эркин" дүйнөнүкүнөн 1,6 миллиардга көптүк кылат.

Баш кеңсеси АКШда жайгашкан "Фридом Хаус" уюму жаңы жарыяланган жылдык баяндамасында дүйнөдө саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер "кош коркунучка" кабылып жатканына көңүл бурду.Фридом Хаустун пикиринде, бул -бир тараптан авторитардык өкмөттөрдүн чыңдалуусу, экинчи тараптан Батыш мамлекеттеринде популисттик жана улутчул күчтөрдүн көтөрүлүүсү.

"Фридом Хаустун" жаңы баяндамасы былтыркы жыл ичи дүйнөнүн кеминде 67 мамлекетинде саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер артка кеткенин ачыктады. Ал эми оң нуктагы жылыш баяндамада камтылган 195 өлкөнүн 36сынан эле байкалган.

2006-жылдан бери, "Фридом Хаустун" эсебинде, жарандык эркиндиктер менен саясий укуктардын абалы 60 өлкөдө гана жакшырса, 109сунда начарлаган.

- Биз репрессиялар диктатураларда күчөгөнүнө көнүп калган элек. Бирок эми эркиндиктин эркин мамлекеттерде да чектеле баштаганы анын жалпы дүйнө боюнча кыскаруусуна өз салымына кошо баштады, - дейт "Фридом Хаустун" Нью-Йорктогу өкүлү Сара Репуччи.

"Фридом Хаус" 2016-жылдын жыйынтыгы менен 195 өлкөнүн 87син же 45% “эркин”, 59сун же 30% “жарым-жартылай эркин”, 49сун же 25% “эркин эмес” деп тааныган.

Ошондо дүйнөнүн 7,4 миллиард калкынын 2,9 миллиарды “эркин”, 1,9 миллиарды “жарым-жартылай эркин”, 2,6 миллиарды “эркин эмес” мамлекеттерде жашаган болот.

Евразия чөлкөмүнөн кайрадан “эркин эместердин” башында турган Орусия былтыр аймакта эле эмес, дүйнөдө көрсөткүчтөрү эң начарлаган өлкө болду. "Фридом Хаустун" өкүлү Сара Репуччи:

- Орусиянын чөйрөсү мурда эле репрессиячыл болчу, бирок кырдаал жылдан-жылга начарлап жаткандай. Биз өзгөчө парламенттик жана аймактык шайлоолордун көзөмөлгө алынышына, мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө либералдык оппозициянын такыр эле жоктугуна тынчсыздандык. Ага катар биз Орусия бейөкмөт уюмдарды чет элдик агент жана кааланбаган уюм деп тааныганына кабатырбыз. Муну менен Орусия өлкөдө жалгыз көз карандысыз добуштун ээси болгон бейөкмөт уюмдардын үнүн негизинен өчүрүп сала алды.

Мурдагы совет аймагынан Орусия менен бирге кайрадан Беларус, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан “эркин эместердин”, ал эми Армения, Кыргызстан, Молдова, Украина, Грузия “жарым-жартылай эркиндердин” катарына киргизилди.

Булардын ичинен "Фридом Хаус" өткөн жыл ичинде Азербайжанда, Тажикстанда, Кыргызстанда азыр бийликте тургандар бийлигин дагы бекемдегенин эске салды.

"Фридом Хаустун" 2017-жыл үчүн картасы.
"Фридом Хаустун" 2017-жыл үчүн картасы.

Эски совет аймагынын "эркин эмес" өлкөлөрдүн арасынан Өзбекстан менен Түркмөнстандын жарандык эркиндиктер менен саясий укуктары боюнча көрсөткүчтөрү дээрлик Түндүк Корея, Эритреа, Сирияныкына барабар.

"Фридом Хаус" ошондой эле демократиялык мамлекеттерде да маселе бардыгын, аларда популисттик жана улутчул лагердегилердин көтөрүлүүсү дүйнөдө эркиндиктин жалпы тарышына салым кошуп жатканын эскерткен:

- Бул жылы биздин өзгөчө тынчсызданганыбыз - Евробиримдик да, Кошмо Штаттар да башка мамлекеттерге үлгү болуп, алардын демократияларын колдоого жардам бергендин ордуна өздөрүнүн ички маселелери менен көбүрөөк алектенип калышкан, - дейт "Фридом Хаустун" өкүлү Сара Репуччи.

Бул уюмдун көз карашында, дүйнөнүн башкы демократияларынын өздөрү Британиянын Евробиримдиктен чыгуусун караган референдум, АКШдагы шайлоодо Дональд Трамптын жеңиши, Европада улутчул жана ксенофобиялык партиялардын электораттан колдоо таба башташы өңдүү окуялардан улам кооптонууга жана чечкинсиздикке кептелип калышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG