Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

Ирак армиясы Тикритти бошотууга киришти


Ирак армиясына жардам берген ыктыярчылар
Ирак армиясына жардам берген ыктыярчылар

Ирак армиясы дүйшөмбүдө өлкөдөгү ири шаарлардын бири – Тикритти “Ислам мамлекети” жихадчылар тобунун согушкерлеринен бошотуу операциясын баштады.

Багдаддан 130 чакырымдай түндүк тарапта жайгашкан шаар Ирактын экс-лидери Саддам Хусейндин туулган жери катары белгилүү.

Жихадчылар Тикрит шаарын былтыр жайында басып алышкан. Бул шаар Ирактагы экинчи ири шаар – Мосул менен Багдадды байланыштырган маанилүү түйүн эсептелинет. Дүйшөмбүдө кеңири аскердик чабуул башталаар алдында Ирактын премьер-министри Хайдер Абади “Ислам мамлекети” тобуна кошулуп кеткен жергиликтүү суннилерге кайрылып, өз ыктыяры менен куралын таштап жансоога сурагандарга мунапыс берилээрин жарыялады.

Хайдер Абади элге кайрылууда. 1-март, 2015-жыл
Хайдер Абади элге кайрылууда. 1-март, 2015-жыл

- Туура жолдон адашып, ката кетирип, ал үчүн азыр өкүнүп тургандарды куралын таштап баш ийип берүүгө үндөйм. Элиңерге, улуттук армиянын аракетине кошулуп, өз шаарларыңарды баскынчылардан бошоткула! – деп кайрылды премьер Абади.

Былтыр жайда Ирак армиясы бул аймакта “Ислам мамлекети” тобунун жихадчыларынын мизин кайтарганга күчү жеткен эмес. Андан бери АКШ баш болгон коалициялык күчтөрдүн жардамы менен согуштук кудуретин бир топ жогорулата алды. Жакында эле Тикриттин жанындагы Бэйжи шаары жихадчы согушкерлерден бошотулду. Ал жерде өлкөдөгү ири мунай иштетүүчү заводдордун бири жайгашкан.

“Аль-Арабия” телеканалы кабарлагандай, Тикритти бошотуу операциясы дүйшөмбүдө таңга маал бир нече багыттан чабуул коюу менен башталды. Артиллериялык күчтөрдүн кеңири чабуулу асмандан жаадырылган авиасоккулар менен коштолууда. Жихадчыларга каршы операцияга Ирак армиясынын катарындагы 30 миңдей сунни, шийи аскерлери бирдей катышууда. Былтыр июн айынан бери бир нече жолку Тикритти бошотуу аракети ишке ашпай, маанилүү шаар согушкерлердин колунда кала берген.

Тикрит шаарындагы талкаланган мектептин урандыларынын жанында турган киши. 5-ноябрь, 2014-жыл
Тикрит шаарындагы талкаланган мектептин урандыларынын жанында турган киши. 5-ноябрь, 2014-жыл

Байкоочулар Ирактын премьер-министринин акыркы шарт койгон кайрылуусу биринчи кезекте Саддам Хусейндин Баас партиясынын колдоочулары, жалпы эле Саддамдын күйөрмандары жана Багдаддагы бийликтин ишине ичи чыкпаган сунни тарапкерлерине жолдонгонун айтышат. АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн аба чабуулу башталган өткөн күздөн тарта Ирак армиясы жихадчы согушкерлерден Багдаддын тегерегин, түндүктөгү күрт аймактарын, чыгыш тараптагы Дияла провинциясын бошотушту. Ошол эле маалда “Ислам мамлекети” кыймылынын жоокерлери Тикрит жайгашкан Салахуддин провинциясынын көбүн, батыштагы Анбар чөлкөмүн каратып алууга жетишишти.

Улуттар уюмунун эксперттери өткөн февраль айында эле Иракта күчөтүлгөн согуштук кагылыштарда 1100дөн ашуун адам өлгөнүн, алардын 600дөн ашууну карапайым тургундар экенин кабарлашты. Байкоочулар “Ислам мамлекетинин” куралчан жихадчылары басып алган аймактарда айоосуз кыргын салганын, ошол эле маалда бошотулган аймактарда өкмөттүк күчтөр да өч алуу максатында далай кишинин өлүмүнө себепкер болуп жатканын белгилешет.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG