Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Деңиздеги таштандыдан бут кийим жасалат


Желим таштандыдан бут кийим жасалып баштайт. Жапон спутниги Чолпон орбитасына учурулду.

Спорт киийимдери менен белгилүү болгон Adidas ишканасы мухиттеги таштандыларга каршы күрөшкөн Parley for the Oceans деп аталган уюм менен биргеликте деңиздеги пластик таштандыдан бут кийим тигүүнү көздөөдө.

Бул тууралуу БУУнун Париждеги климатты коргоо боюнча жыйыны учурунда белгилүү болду.

Adidas компаниясынын жетектөөчү адиси Эрик Лидкенин (Eric Liedke) айтуусунда, желим таштанды менен нейлондун кошулмасынан чуркоо үчүн ылайыкталган биринчи бут кийимдин калыбы үч мерчемдүү принтерден жасалып чыкты. Мындай бут кийимдин үстүнкү бети пластиктен жасалса, калган бөлүктөрү полиэстер материалынан чыкмакчы.

Мухиттеги таштандыларга желимден тышкары балык кармоо үчүн жасалган нейлон торлор да кирет. Маалыматтарга ылайык, океандагы калкып жүргөн торлордон жылына жүз миңдеген балыктар кырылат.

Ушул жылдан баштап суу жаныбарларын коргоо БУУнун 14-өнүгүү программасына кирди.

АКШда героинди аныктоочу жаңы ыкма пайда болду

Колумбия университетинин окумуштуулары атайын микросхема менен зыян заттарды аныктоонун жаңы ыкмасын иштеп чыкты.

Белгилүү болгондой, микросхема жандуу клетканын молекуласы менен кремнийдин кошулмасынан турат. Бул гибрид схемадан электр тогу пайда болуп, ал кадимки жытка жана атайын химиялык кошулма заттарга реакция берет.

Бул ыкманын негизин түзгөн Аденозиндифосфат (АДМ) жана Аденозинтрифосфат (АТФ) молекулалары адам денесинде клеткалар арасындагы маалымат алмашууда чоң роль ойнойт.

Адистердин айтуусунда, мындай микросхеманын пайда болушу келечекте жардыруучу жана баңги заттарга каршы күрөшүүдө эффективдүү ыкма болушу мүмкүн.

Жерге түшкөн астероид

НАСАнын маалыматы боюнча, Шри-Ланканын аймагына космостогу жолбун астероиддердин бири келип түшкөн.

Бул бейтааныш астероиддин аалам кезип жүрүшү Европа космос агенттиги тарабынан 2013-жылы эле аныкталып, ага WT1190F деген ат берилген. Окумуштуулар бул астероид жер менен кагылышы мүмкүн экенин божомолдоп, аны дайыма көзөмөлдөп турушат.

Абу Даби астрономиялык борборунун адистери аталган астероидди жерге жакындаганда чукул көзөмөлгө алып, коопсуздук чараларын көргөн.

Адистердин айтуусунда, бул астероид болгону 2-3 метр диаметрде болгондуктан жердеги жашоочуларга зыян келтирген эмес.

Буга чейн 2013-жылы Орусиянын Челябинск шаарына жакын аймакка күтүүсүздөн астероид түшүп, бир канча үйдүн терезелери кыйраган эле. Ошол окуядан кийин окумуштуулар жерге жакын учкан объекттерди такай көзөмөлгө ала баштаган.

Жапон спутниги Чолпонду изилдейт

“Акатсуки” аттуу жапон спутниги Венера планетасынын орбитасына учурулду.

Бул тууралуу өткөн жумада Жапон аалам изилдөө борбору билдирди. Мындан беш жыл мурда Жапониянын ушундай эле спутниги учурулуп, бирок ал Венеранын тартылуу күчүнө туруштук бербей жарылып, кыйрап калган болчу.

Жапон аэрокосмос таануу агенттигинин башкаруучусу Масато Накамуранын билдиришинче, сапардын биринчи үч айлыгында планетанын уулуу атмосферасы жана вулкан катмарлары изилденип, андан ары кошумча илимий иштер жүргүзүлмөкчү.

Мындан бир жылдай мурун өлкөнүн дагы бир спутниги ааламдагы астероиддерди изилдөө үчүн алты жылдык экспедицияга учурулган.

XS
SM
MD
LG