Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Пакистан: кол салуудан 21 өмүр кыйылды


Пакистандын аскерлери кол салуу болгон имараттын жанында
Пакистандын аскерлери кол салуу болгон имараттын жанында

Пакистандын Түндүк-Батышында Чарсад шаарындагы университеттин кампусуна талип жоочулары кол салды.

Бул террордук чабуулдан кеминде 21 студент жана окутуучу набыт болгону кабарланууда. Университеттин кампусунун айланасындагы Пакистандын коопсуздук күчтөрүнүн атайын операциясы бир нече саатка созулуп, анын жыйынтыгында андагы террорчулар тобу толугу менен жок кылынды.

Таң эрте бастырып кирген жоочулар

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы Чарсад шаарынын Бача Хан университетине шаршемби күнү таң эрте бир нече адамдан турган куралдуу террорчулар тобу чабуул жасады. Имаратка кирип келгендер анда сабакта отурган студенттер менен окутуучуларга ок жаадырган. Полициянын аймактык башкармалыгы кабарлагандай, террордук чабуулдан каза тапкандардын көпчүлүгүн окуу жайдын студенттери түзөт. Алардын ичинде химия илиминин доктору, профессор да бар. Бул үрөй учурган чабуулдан кеминде элүүдөн кем эмес адам жараат алган. Бийликтин айтымында, университетте үч миңден ашуун студент билим алып, анда алты жүздөн ашуун окутуучу менен илимий кызматкерлер эмгектенчү. Бул окуяга күбө болгон студенттердин бири:

- Ал жакта коркунуч жана дүрбөлөң аябай көп болду. Менин бир досум коркконунан бийик имараттан жерге кантип секирип кеткенин сезбей калыптыр. Анткени ал ок атышуу башталган учурда катуу корккон экен. Жоочулардын кыйкырган үндөрүн жана ок атышууну биз да алыстан угуп, байкап турдук.

Пакистан: 21 адамдын өмүрүн алган чабуул
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

Окуу жайды коопсуздук күчтөрү курчоого алып, чабуул жасагандарды кармоо боюнча атайын операция жүрдү. Ок атышуу бир нече саатка созулуп, андан куралдуу террорчулар тобунун төрт мүчөсү жок кылынган. Эртең менен башталган ок атышуу учурунда окуу жайдын аймагында эки чоң жардыруу болду. Пакистандын телеканалдары ок атышуудан качып бараткан студенттердин чоң тобу тартылган видео кадрларды көргөздү. Ошондой эле коопсуздук күчтөрүнүн тик учактары бул тилкеде учуп, чопкутталган аскер техникасы баштан-аяк жайгашканы тасмадан көрүнүп турду. Буга чейин ок атышуу башталган учурда студенттер, мугалимдер жана мекеме кызматкерлеринин көпчүлүгү окуу жайдын имаратынын ичинде калып кеткени кабарланган эле.

Карама-каршылыктуу билдирүүлөр

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы Чарсад шаарынын Бача Хан университетине жасалган террордук кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Техрик-э-Талибан" уюму өзүнө алды.

"Талибандын" талаа командирлеринин бири Умар Мансур Франс-пресс агенттигине “бүгүн биздин төрт шахидибиз Бача Хана университетине кол салды, бул Пакистан аскерлеринин "Талибанга" чабуулуна карата жооп болду” деп билдирген. Бул окуя Пакистандын коопсуздук күчтөрү уруулар жашаган аймактарда антитеррористтик өнөктүк баштаган учурга туура келди.

Бирок "Талибандын" Пакистандагы расмий өкүлү Мохаммед Хурасани окуу жайга жасалган чабуулду айыптап, анын исламга каршы келерин билдирди. Ошондой эле ал бул кол салууга "Талибандын" тиешеси жок экенин белгилеген. Мохаммед Хурасани "Талибандын" атынан билдирүү тараткан жагдайды иликтешерин белгиледи. Эске сала кетчү жагдай, 2014-жылы Пешавардагы мектепке кол салуудан 130 адам каза тапкан болчу.

XS
SM
MD
LG