Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:34

АКШда хакерлер коркунучу талкууланды


Вашингтон, 5-январь
Вашингтон, 5-январь

5-январда АКШ Сенатынын Куралдуу күчтөр боюнча комитети киберчабуул боюнча угууларды өткөрдү. Угууда АКШнын чалгын кызматтары хакерлик коркунуч боюнча маалымат берди.

Сенаттагы угууларга АКШнын Улуттук чалгындоосунун башчысы Жеймс Клеппер, Улуттук коопсуздук боюнча агенттиктин жетекчиси Майкл Рожерс жана Коргоо министрлигинин чалгын боюнча орун басары Марсел Леттр катышты.

Угууларды Сенаттын Куралдуу күчтөр комитетинин төрагасы Жон Маккейн ачты. Ал кибер коркунучтар жана Орусиянын АКШнын шайлоо жараянына кийлигишүүсү боюнча маселе козгоду. Жон Маккейн атайын кызматтардын киберчабуул боюнча баяндамасы АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын күмөнгө албасын белгиледи.

Улуттук чалгындоонун башчысы Клеппер АКШдагы шайлоого Орусиянын таасири боюнча баяндама жакын арада жарыяланарын билдирди. Ал ошондой киберчабуулду Иран, Түндүк Корея, диний экстремисттер да өз максатына пайдаланып жатканын, АКШ адам укуктарына зыян келтирбей ага каршы турушу керек деди.

Улуттук коопсуздук боюнча агенттиктин башчысы Майкл Рожерс орус хакерлери АКШ эле эмес башка өлкөлөрдө да агрессивдүү дейт:

- Сиздер билгендей, орус кибер-топторунун башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн инфраструктурасына, керек болсо шайлоо системасына агрессивдүү хакерлик жасаган тарыхы бар. Мен белгилегендей, аларга АНБ жана АКШнын кибер командасы өзгөчө көңүл бөлө берет.

Рожерс жалпы кибер мейкиндикте жүрүм-турум нормасын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Суроо-жоопко келгенде Жеймс Клеппер Жуллиан Ассанждын сөзүнө ишенүүгө болбойт деди. Ассанж "Викиликске" жарыяланган маалыматтар Орусия мамлекети менен байланышкан тараптардан алынбаганын билдирген. АКШнын атайын кызматтары Орусиянын хакерлери АКШнын Демократиялык партиясынын жана Хиллари Клинтондун штаб- башчысынын электрондук почтасын бузуп, алынган маалыматтарды "Викиликске" берген деп айыптоодо. Мындай айыптоонун негизинде президент Барак Обама Орусияга карата жаңы санкцияларды жарыялап, 35 дипломатты өлкөдөн чыгарган.

Клеппер Сенаттагы угууларда хакерлик Орусия тарабынан жасалды дегенди ырастап, шайлоо жараянына андай кийлигишүү коркунучтуу деди. Ал Орусия хакерлик эле эмес, пропаганда, калп маалыматтар, социалдык түйүндөрдү пайдаланып жатканын айтты:

- Russia Today орус өкмөтү тарабынан түптөлгөн жана абдан олуттуу каржылык колдоо алып турат. Ал өз линиясын жүргүзүүдө, бир көз карашты жеткирүүдө өтө активдүү болду. Биздин системаны жаманатты кылууда, адам укуктарын сактоодо бизде эки жүздүүлүк бар дегендей маалыматты таратууда. Эгерде алар бизден бир жылчык тапса, аны толугу менен пайдаланууда.

Клеппер ошондой эле атайын кызматтарда киберчабуулдун артында Орусиянын расмийлери турганы боюнча маалыматтар бардыгын айтып, бирок ысымын атабады. Ошол эле учурда интернетке туташкандан кийин ким болбосун киберчабуулга кабылышы мүмкүндүгүн эске салды.

Сенатор Ричард Блументал Орусиянын хакерлик чабуулу жөнүндөгү атайын кызматтардын маалыматтары Ирактын массалык кыргын салуу куралы бар дегендей болбойбу деген суроону койду.

Ага жооп берген Клеппер ал мындан 13 жыл илгери болгонун, ага анын да тиешеси бар экенин айтып, атайын кызматтар тынымсыз окуп, өсүп турган уюм деди. Орус хакерлиги боюнча даярдалып жаткан баяндама өтө дыкат текшерилип, далилдер менен бекемделет деп ишендирди.

Сенаттагы угууларда киберчабуулдардан коргонуунун комплекстүү стратегиясын иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.

Кошмо Штаттардын атайын кызматы жакынкы күндөрү Орусиянын хакерлиги боюнча баяндамасын жарыялоого тийиш.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG