Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:42

Орусияга каршы санциялар колдоо тапты


Кошмо Штаттардын бир катар сенаторлору Орусияга каршы санкцияларды катаалдатууну жактады.

Ошол эле учурда жаңы шайланган президент Дональд Трамп АКШга жасалды деген хакерлик чабуул артында Орусиянын турганын далилдөө кыйын экенин билдирүүдө.

20-январда инагурациядан кийин президенттик кызматка кирише турган Трамп Обаманын Орусияга каршы жаңы санкцияларын эмне кылат деген суроолор жаралууда.

Республикачыл сенаторлор Жон Маккейин, Линдси Грэхем жана Демократиялык партиядан шайланган сенатор Эми Клобукер декабрдын соңунда Балтика, Украинаны кыдырышты. Жаңы жыл күндөрү алар Грузияга келишти.

Грузия сапары учурунда бул үч сенатор Орусия жана президент Владимир Путинге каршы санкцияларды катаалдатуунун үстүнөн иштерин билдиришти. Сенатор Грэхем 1-январда Тбилисиде мындай деди:

- 2017-жыл чабуул жылы болот деп үмүттөнөбүз. Биз, Путин Америкадагы шайлоого хакерлик кылганын, жалпы дүйнөдө демократияны басынтууга аракеттенип жатканын билебиз. Ошондуктан азыр ага, Орусиянын энергетика жана банк тармагына катуу тие турган санкциялардын мезгили. Азыр Путинди артка сүрүү, Грузия жана башка досторубузга көбүрөөк жардам берүү учуру келди.

Сенатор Клобукер Орусиянын хакерлик чабуулу үчүн санкцияларды катаалдатууга өз коллегаларын үндөрүн айтып, сенаторлордун сапары тууралуу мындай деди:

- Бул өтө маанилүү сапар. Биз эми эле Украинадан келдик. Анын көз карандысыздыгын Орусиянын бузуусу кандай натыйжага алып келгенин көрдүк. Биздин шайлообузга таасир этүү аракетин да көргөнбүз.

АКШнын үч сенатору 2008-жылдагы Орусия-Грузия чыр-чатагында Орусиянын көзөмөлүнө өткөн Түштүк Осетияга жакын Курвалети жергесинде болду. Сенатор Жон Маккейн алар Грузия аймактык бүтүндүгүн камсыздоо үчүн колдоо уланарын билдирди:

- Азыр өтө татаал жана көйгөйлүү мезгил. Биз азыр Түштүк Осетия тарапка барып, Орусия агрессиясы учурунда орун которууга аргасыз болгон үй-бүлөлөр менен жолугушабыз. Грузиянын эркиндигин, толук эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн камсыздоо үчүн бардык колдоону уланта беребиз.

АКШ сенаторлору Грузиянын жетекчилиги менен жолугуп, Грузия-НАТО биргелешкен машыгуу борборунда болушту. Сенатор Грэхем алар Америкага кайтып барганда Балтика, Украина жана Грузияда Орусия эмне кылып жатканын Конгресске кабарлайбыз деди.

Бул арада АКШ жарыялаган жаңы санкциялар жана Орусиянын 35 дипломатын чыгаруу чечимине ылайык, Орусиядан барган атайын учак 35 дипломатты үй-бүлөсү менен жекшемби күнү Москвага алып келгени маалымдалды.

АКШнын орус дипломаттарын чыгаруу жана эки эс алуу үйүн жабуу чечимине жараша жооп берүүдөн Кремл баш тарткан. Москва 20-январдан кийин Дональд Трамптын кызматка киришин күтүүдө.

Би-Би-Синин жазуусуна караганда, Дональд Трамптын басма сөз катчысы боло турган Шон Спайсер Орусиянын 35 дипломатын чыгаруу жана эки дачаны жабуу тууралуу чечим адекваттуу болгонунан күмөн санады.

Дональд Трамп президент Владимир Путиндин АКШ дипломаттарын чыгарбоо тууралуу чечимин “өтө акылман” чечим деп баалаган эле.

Конгресстеги Орусияга санкцияларды катаалдантуу чакырыктары менен Дональд Трамптын Орусия менен мамилени жакшыртуу максаты кагылышып, ал кандай натыйжага алып келет суроо жаралууда.

Дональд Трамптын Конгресс менен бет келишүүсү орус президенти менен жакшы тааныш Рек Тиллерсонду Мамлекеттик катчылык кызматка бекитүү учурунда башталары айтылууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG