Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (5-11-сентябрь).

New York Times басылмасына “Акчаны тандайсызбы же убакыттыбы?” деген макала чыгып, узаган аптадагы эң көп окулгандардын тизмесинен орун алды.

Макалада окумуштуулар жашоодогу аталган эки түшүнүктүн маанисине илимий байкоо жүргүзгөнү баяндалат. Кызыгы, илимий топ ар кыл курактагы төрт миң АКШ атуулуна бул суроону узатканда көбү акчаны тандаган.

Бактылуу мүнөттөр. Бишкек

Бактылуу мүнөттөр. Бишкек

“Акча туура чечимби? Көп суммадагы акча бакытка ачкыч боло алабы? Бирок акчаны тандайм дегендердин көбү жашоосуна нааразы экени маалым болду. Убакытты өйдө койгондор жакындарына жакын келип, өзүн бактылуу сезет экен. Ушундан улам акчанын артынан кубалоо туура эмес чечим. Бирок социалдык абалы жогорулар өмүрдөн көбүрөөк рахат аларын байкадык. Маселен, жылдык кирешеси 75 миң долларды түзгөндөрдүн жашоого канааттануусу да жогору экен”, - деп жазат New York Times.

Мусулман жаштар тез көбөйүүдө

Washington Post гезитинин аналитиги Жон Эмонт акыркы мезгилде өтө тез көбөйүп жаткан мусулман жаштар тууралуу өз көз карашын жазды.

“Демографияда болуп жаткан кубулуштардан заманбап жашоо буйтап кете албайт. Бардык коомдо жаштар куруучу жана талкалоочу кубатка ээ. Маселен, Берни Сандерстин саясий революциялык чакырыгын колдогондордун 70 пайызы жаштар болгон.

Сирияга кеткен казак жаштары

Сирияга кеткен казак жаштары

Демократиялуу коомдо жашоодон көңүлү калбаган, келечегинен үмүтү бар жаш муундун кандайдыр бир агрессияга ыктаганын сейрек кездештирсе болот. Бирок калкынын саны өтө тез көбөйүп жаткан мусулман коомунда жаш агымды туура эмес нукка буруунун наркы арзан. Маселен, Иранга караганда Ооганстанда жаштардын саны кыйла көп. Бул жагдайды Ирандын Сириядагы Башар Асадды колдогон күчтөрү өз максатына арзыбаган тыйынга колдонуп жатат.

Ооганстандын Хазар аймагынын миңдеген жигиттери ирандыктарга айына 500 долларга жалданып, Сириядагы кан күйгөн согуш талаасында жүрөт. Алардын көбү катаал турмуш айынан бул кадамга барганын The Guardian гезити да жазган. Ушундан улам Сахара чөлкөмүнөн тарта Африканын аймагында жана Жакынкы Чыгыш менен Азияда тез көбөйүп жаткан жаш муундун идеологиялык багытын туура нукка буруу маселеси күн тартибинде”, - деген пикирде 26 жаштагы аналитик Жон Эмонт.

Путинге жаккан жаңы өзбек лидери

Ислам Каримов дүйнөдөн кайткандан көп өтпөй Өзбекстандын башына келген жаңы лидер Кытай, АКШ жана Орусия сыяктуу ири күчтөрдүн тең салмагын таба албы деген суроо Foreign Policy журналынын талдоочусун түйшөлткөн.

Владимир Путин жана Шавкат Мирзиёев

Владимир Путин жана Шавкат Мирзиёев

“Каримовдун толук кандуу мураскери деп айтылып жаткан Шавкат Мирзиёевдин алдында чоң түйшүк күтүп турат. Экономикалык туруксуздук, массалык миграция жана диний экстремизмден тышкары аймакта таасир арттырууну кубалаган чоң державаларды тең салмактай билиши керек.

Орусия, Кошмо Штаттары, Кытайдын Борбор Азияда көздөгөн кызыкчылыгы бар. Эл аралык Республика институтунун Европа кафедрасынын мурдагы башчысы Бахти Нишановдун айтымында, Москванын таасири баарынан олуттуу. Кытай экономикалык пайданы көздөсө, Америка аймактык тынчтыкты, ал эми Орусия саясий таасирин коргогусу келет.

Мирзиёевди Владимир Путин жылуу кабыл алды. Кремл менен Каримовдун ымаласы мурда солгундап кеткен эле. Борбор Азия боюнча эксперт Пол Стронскинин пикиринде, маркум Каримов эч качан өз өлкөсүнүн көз карандысыздыгына көлөкө түшүргүсү келген эмес. Анын бул саясаты Кремлге жакпай келген. АКШ менен байланышы да 2005-жылдагы Анжиян окуяларынан кийин кескин солгундаган. Кытай гана экономикалык долбоорлору менен өзбек бийлигинин ачуусуна тийбей келет. Өзбекстандын жаңы лидери эми бул үч күчтүн ортосунан тең салмакты табарын убакыт көрсөтөт”, - деген талдоо жарыяланды.

Эки жүз баланын бири качкын

ЮНИСЕФтин жаңы маалыматына караганда, дүйнөдө качкын балдардын саны көбөйдү. 2010-жылдан 2015-жылга чейин өз өлкөсүнөн ата-энеси же жакындары менен бозуп кеткен наристелердин саны 5 миллиондон 8 миллионго жеткен. Бул тууралуу World Economic Forum журналы маалымдады.

Качкындар. Идомени кыштагы. Греция

Качкындар. Идомени кыштагы. Греция

Дүйнөдөгү ар бир эки жүз баланын бири азыр качкын. 11 миллион наристе качкын макамын күтүп, өнүккөн өлкөлөрдүн босогосун сагалап келет. 2015-жылы Африка чөлкөмүндө сегиз өлкөдө, Жакынкы Чыгышта үч өлкөдө, Европадан Украинада, Азиядан Кыргызстан, Мянмар жана Пакистандан миграция толкунуна тушуккан балдар катталды.

Сирия менен Ооганстандан качкан наристелер качкындардын 45 пайызын түзөт. ЮНИСЕФ бул маалымат орто эсеп менен гана алынганын, чыныгы цифралар мындан да көп болушу ыктымалдыгын эскертүүдө. Мындан тышкары качкын балдардын укугу бузулуп, зомбулукка кабылган учурлар да арбын катталып жатканы өкүнүчтүү дейт World Economic Forum.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG