Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:16

Бээжиндин чаңынан кыш жасалды


Абанын кирдегенин чаң соргуч менен көргөзүп жаткан адам. Бээжин
Абанын кирдегенин чаң соргуч менен көргөзүп жаткан адам. Бээжин

Бээжиндин тургуну абадагы ыштан кыш жасады. Ал эми АКШда үч мерчемдүү принтерден реактивдүү дрон учагы жасалды.

Антарктиданын Юнион аттуу аймагына биринчи жолу элүүгө жакын изилдөөчү учак менен барышты. Ноябрь айынын аяк ченине белгиленген бул саякатты “АЛЕ” (Antarctic Logistic § Expeditions) мекемеси уюштурган.

“АЛЕ” буга чейин жыл сайын жүздөгөн изилдөөчүлөрдү бул материкке кеме же тик учак менен ташып келген. Мекеменин адистери келечекте жүргүнчү учактары менен каттоону сунуштоодо. Эгер бул демилге жүзөгө ашып калса, Антарктиданы көргүсү келгендер арбып, туризм жанданарын айтышууда.

Ыштан кыш жасаган кытай жараны

Бээжиндин тургуну абаны чаң соргуч менен тазалап, шаардын экологиясына көңүл бурууга чакырык таштады. Өзүн Brother Nut деп атаган кытай жараны үч ай бою ушинтип чогулткан чаңдан кыш жасап, аны менен элдин өпкөсү канчалык жабыр тартканын көрсөткүсү келген.

Кытайда экономика өнүгө баштагандан бери өлкөнүн абасы булганып, калктуу аймактарды ыш басканы маалым. Эколог адистер мындан улам абада зыяндуу заттардын өлчөмү нормадан ашып кеткенин айтып, коңгуроо кагууда. Мунун айынан Кытайдын түндүк аймактарынын жашоочулары ар кандай илдеттерге чалдыгып, орточо жашоо узактыгы беш жылга кыскарган.

Чаң соргуч менен көчөгө чыккан активисттин айтымында, шаарда абанын булганып жатканына эч ким көңүл бурбайт. “Мындай жол менен кете берсе, чаң жута берип, шаар тургундары өздөрү да чаңга айланып калышы мүмкүн”, - дейт ал.

АКШда 3D принтерден реактивдүү дрон жасалды

Дубай шаарында өткөн учактардын көргөзмөсүндө 3D басмада жасалган реактивдүү дрон учагы коюлду. Aurora Flight Science учактарды изилдөө борбору жана Stratasys ишканасы жасаган учак башка дрондорго салыштырмалуу көлөмү чоң жана салмагы оор болгону менен саатына 240 чакырымга чейин уча алат.

Flight Science изилдөө борборунун инженери Дан Кампбеллдин айтымында, робот учактын канаты үч метр, салмагы он беш килограмм экенине карабай реактивдүү функциялар менен жабдылгандыктан тез учканга жөндөмдүү.

Дрондун тетиктеринин 80% 3D принтерде жасалгандыктан, ал кыска убакыт ичинде аз каражат менен даярдалган. Буга чейин үч мерчемдүү басма жолу менен Британияда мындан да кичине дрон учагы жасалган болчу.

Антибиотикти аныктоочу жаңы ыкма

Калифорния штатындагы илимпоздор табигый азыктардан антибиотиктерди таап чыгуунун жаңы жолун сунуштады. Journal of Antibiotics илимий басылмасындагы макалада Калифорния окуу жайынын биологдору эки жылдык изилдөөдө химиялык жол менен тазаланган микроорганизмдерде антибиотиктердин аралашмасынан бактерияларга каршы жаңы пайдалуу заттарды аныктоо ыкмасын таап чыккан.

Бирок кийинчерээк ушу эле ыкма менен табигый заттардан да жаңы антибиотиктер табылганы белгилүү болгон. Изилдөөнү жетектеген профессор Кит Поглианонун белгилешинче, алар мындай чоң ачылышты күткөн эмес экен. Өткөн кылымдын 60-жылдары көптөгөн жаңы антибиотиктер пайда болгону менен акыркы жыйырма жылда бул багытта чоң жылыш болгон эмес.

Окумуштуулар ачылыш жаңы антибиотиктерди аныктоо процессин тездетип, ден соолукка зыян жаңы бактерияларга каршы күрөшүү ыкмасы жеңилдерин айтышууда.

XS
SM
MD
LG