Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Окумуштуулар жарыкты "туткунга" алды


Иллюстрация
Иллюстрация

Физиктер жарыкты "туткунга" алып, "кармаганды" үйрөнүштү. Дарчаси-1 нанометрлик дүйнөдөгү биринчи транзистор жасалды. Мээ маалыматты ылгап кабыл алат жана пайдасыз маалыматтарга көңүл бурбайт. Ата-энелер тили чыга элек бала менен анын тилинде сүйлөшпөй туура эмес кылышат.

Жарыкка жайылган тузак

Австралиянын улуттук университетинин окумуштуу-физиктери өтө төмөнкү температурадагы атомдордун булуттарын пайдаланып жарыкты "туткунга" алышты. Ал үчүн рубидийдин аябай муздатылган атомдоруна инфракызыл лазер нуру багытталып, оптикалык тузак жасалган.

Тузактагы жарык такай жаркырап, нур бөлүп турган. “Тузакка түшкөн жарык рубидийдин атомдорунун тегерегинде айланган фотондордон турат. Атомдор айрым бир сандагы фотондорду өзүнө сиңирип алат. Кээ бир фотондор "тузакка илинбей" өтүп кетет, бирок фотондордун көбү "тузакта" кыймылсыз тоңуп калат”, - деп түшүндүрдү эксперименттин жетекчилеринин бири Жесси Эверет (Jesse Everett). Ал “жарыкты тузакка түшүрүүнү” “Жылдыздар согушу” (Star Wars) фильминдеги Кайло Рен деген жоокердин лазердик куралдын огун кармап калуусу менен салыштырат.

Илимпоздор мурда да жарыкты "токтотушкан". Бирок Канберрадагы Австралия улуттук университетинин лабораториясында биринчи жолу туткундалган жарык керек тарапка буруп жөнөтүлдү.

Жаңы усул доцент Бен Бухлердин (Ben Buchler) айтымында, жарыкты жана атомдорду так башкарууга мүмкүндүк берет. Жарыкты тузакка кармап алуу физика илиминдеги чоң жетишкендик. Себеби, анын негизинде жарыкты чачыратпай башкаруунун технологиясы иштеп чыгып, оптикалык квант процессорлорду жасаса болот.

“Өз алдынча атомдордун тузагына түшкөн фотондор атомдордун таасири астында бир бири менен кызматташууга мажбур болот. Атомдордун таасирин өзгөртүп жатып, жарыктын фотондору арасындагы кызматташуунун эң татаал принциптерин иштеп чыгуу же кванттык компьютердин блогун куруу мүмкүн”, - дейт доктор Жэфф Кэмпбелл (Geoff Campbell).

(Булагы: http://www.anu.edu.au, http://www.nature.com)

Бир нанометрлик транзистор жасалды

Беркли шаарындагы Калифорния университетинин физиктери көлөмү 1 нанометрлик дүйнөдөгү биринчи транзисторду жасашты. Физиканын мыйзамдарына ылайык, эң кичинекей дарча беш нанометр болууга тийиш. Ошого кеңири колдонуудагы жогорку класстагы транзисторлордун дарчасы 20 нанометр. Ал эми адамдын чачынын бир талы 50 миң нанометрге барабар. (Редактордон: нано= 1 миллиард, ал эми 1 нанометр (нм)=метрдин миллиарддан бир бөлүгү).

Транзистор - электр тогун ылгап өткөрчү прибор. Эгер приборду кичирейтсе, ток толук өтпөй кошумча проблемаларды жаратып, өз функциясын аткара албай калат. Мындай чектөөгө байланыштуу транзисторлордун дарчасын 5 нанометрден кичине кылуу мүмкүн эмес.

Илим Эйнштейндин теориясын ырастады

Илим Эйнштейндин теориясын тастыктады

Алберт Эйнштейндин 100 жыл мурдагы салыштырмалуулук теориясын тастыктаган илимий ачылыш жасалды. Эйнштейн белгилеген гравитациялык толкундар Аалам мейкиндигинде бар экен.

Бирок америкалык окумуштуулар дарчаны молибдендин сульфиди жана графен же көмүртектин нанотүтүкчөлөрүнөн жасап, көлөмүн кичирейте алышты. "Жарым өткөргүчтөр өнөр жайы транзистордун беш нанометрден кичине дарчасы иштебейт деп узактан бери айтып жүрүшкөндүктөн, андан кичине приборду жасоо мүмкүнчүлүгү каралбаган,"- дейт изилдөөнүн авторлорунун бири Сужэй Десай (Sujay Desai).

Транзистордун токту өткөрүү жөндөмү анын дарчасына жараша болот.

Молибдендин дисульфидинин каршылык көрсөтүү жөндөмү кремнийге караганда жогору болгондуктан, бир нанотүтүкчөдөн турган дарча электронду качырып жибербегендей электр талаасын иштеп чыга алат.

Физиктердин айтымында, дарчасы 1 нм транзисторду өндүрүшчүлөр кадимки компьютерлердин чиптердинде колдонууга даяр эмес. Себеби, алдагыдай транзисторду бүгүнкү технологияны пайдаланып жасоо мүмкүн эмес.

Деген менен Калифорния университетинин профессору Али Жави (Ali Javey) тийиштүү материалдарды пайдалануу менен транзистордун дарчасынын көлөмүн олуттуу өлчөмдө кичирейтип, электрондук приборлорду азыркыдан да кичинекей кылуу мүмкүн экенин айтты.

(Кеңири маалымат үчүн караңыз: http://www.sci-news.com/, http://news.xinhuanet.com, https://geektimes.ru, http://science.sciencemag.org, http://www.zmescience.com)

Мээ келген маалыматтын баарын эле кабыл ала бербейт

Мээ маалыматты ылгап кабыл алат жана пайдасыз маалыматтарга көңүл бурбайт. Керексиз маалыматты нейрондук система ара жолдон токтотот да пайдалуу маалыматты тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн мээге коё берет. Мындай тыянакты Ван Сяоцзин (Xiao-Jing Wang) башындагы NYU Shanghai университетинин илимпоздору математикалык моделдин негизинде жасалган изилдөөдөн соң келишти. Мээ маалыматты ылгап кабыл алганга байланыштуу көпчүлүк адамдар аэропорттун же темир жол вокзалынын күтүү залындагы ызы-чууга көңүл бурбай китеп же гезит окуй беришет. Бирок өз каттамы тууралуу маалымат жарыяланганда, аны көңүл буруп угушат. “Мээнин бизге сунуш этилген нерселердин ичинен эң маанилүү маалыматты кабыл алып, иштеп чыкканы күнүмдүк жашообуз үчүн абдан маанилүү. Мээдеги аябай татаал нейрондук системада тийиштүү маалыматты зарыл учурда керектүү жайдан алып берүүнүн механизми болуш керек, ” – дейт изилдөөнүн жетекчиси, профессор Ван Сяоцзин.

Изилдөөнүн авторлорунун бири Ян Гуанюй (Guangyu Robert Yang) болсо, мээнин маалыматты ылгап кабыл алуусу жөнүндөгү ачылышты маанилүү илимий табылга деп баалайт. "Себеби мурда илимде нерв системасынын кайсы бир жолун көзөмөлдөө иш жүзүндө мүмкүн эмес деп эсептелчү. Буга мээнин маалыматты кабыл алуусун жай жүргүзчү жана мээни козголтчу нейрондор ортосундагы иретсиз байланыш негиз болгон. Бирок биздин изилдөөбүз тормоздоочу нейрондор нервдеги импульстарды абдан кылдат башкара аларын далилдеди", - дейт Ян Гуанюй.

Кытай окумуштуулары адам нерв клеткаларын машыктырып, алардын ийкемдүүлүгүн жакшырта алат деп эсептешет. Мээ ийкемдүү болсо, маалыматты пайдалуулугуна карай ылгап кабыл алуу жана көңүл буруу жөндөмү жакшырат. Бирок, NYU Shanghai университетинин илимпоздору мээнин нерв клеткаларын кантип машыктырганды азырынча билбейт. Бул темага алар келечекки изилдөөлөрүн арнашмакчы.(Булагы: http://russian.news.cn, https://shanghai.nyu.edu, http://www.nature.com)

Бөбөктүн сөзүн кайталап үйрөн

Австралиялык окумуштуу Денис Бернамдын сөзүнө караганда, ата-энелер тили чыга элек бала менен анын тилинде сүйлөшпөй туура эмес кылат. Анткени алар жаш бала айткан үндөрдү кайталасак, баланын тили кеч чыгат, кеч сүйлөп калат деп ойлошот. Бөбөктүн тили анын өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойнойт, ошого алар үү, уу жана башка ушу сыяктуу үндөрдү чыгарганды (айтканды) жакшы көрөт дейт Батыш Сидней университетинин (Western Sydney University) тилди өнүктүрүү боюнча профессору Денис Бернам (Denis Burnham).

Бактылуу эненин баласы жолдуу

Бактылуу эненин баласы жолдуу

Ата-энелердин бардыгы эле балдарынын мыкты билим алып, мектепте, жашоодо алдыңкылардан болуусун тилейт эмеспи. Айрыкча акыркы мезгилде балдарын түрдүү ийримдерге алып баргандардын саны да кескин көбөйдү.

​Окумуштуулар чөйрөсүндө кичинекей балдардын тили жаш бала багыт берген сөз (англис тилинде infant-directed speech) деп аталат. Илимпоздордун айтымында, жаш балдар сүйлөмдү кыска жана жөнөкөй түзүп, бир сөздү көп кайталашат. Алардын сүйлөгөнү бири-бирине, өзгөчө алгачкы 18 айда, кызык. Жаш балдардын сүйлөмдөрүнүн өзүнө мүнөздүү структурасы, ритми болуп, эмоциялуу айтылат. Мурда жаш бала менен апасы гана бөбөктүн тилинде сүйлөшөт деп эсептелсе, азыр алардын тилинде атасы, чоочун адамдар, жаш балдар да сүйлөйт. Жаш балдардын сөзүндө үндүүлөр менен үнсүздөр кезектешип турат жана сөздөрдүн айырмасы дал ушул добуштардан даана байкалат. Мындай айырмачылык жаш баланын тилинин өнүгүүсү үчүн пайдалуу. Апалары наристелерине кайрылганда, үндүүлөрдү созуп айткандыктан, алар добуштарды ажырата баштайт жана ушинтип сөз кенчи көбөйөт. Адамдар ити же мышыгы менен сүйлөшкөндө үндүүлөрдү созуп айтышпагандыктан, тотукуштан башка жандыктар адамдын тилин үйрөнө албайт. Окумуштуулардын айтышынча, жаш балдар өз жашына жараша өнүгүүсү үчүн алардын тили жакшы чыкканча алардын тилинде сүйлөшө берүү керек. Ошондо жаш балдардын тили жакшы өнүгөт.

Жаш балдардын тили лингвистикалык жана маданий факторлорго байланыштуу ар башка болот. Бул деген жаш балдар дүйнөдөгү 7 миң тилде сүйлөшкөнүн билгизет.

(Булагы: http://www.nzherald.co.nz, http://www.medicaldaily.com, http://theconversation.com)

XS
SM
MD
LG