Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Космос кыйырынан келген добуш


Австралиядагы телескоп
Австралиядагы телескоп

Австралиядагы аалам изилдөөчүлөр космостон адам кулагына жат үндөр келгенин айтып чыкты. Швециялык окумуштуулар айдагы өзгөрүүлөрдү жарыя кылса, сиднейлик студент илимпоздордун катасын таап чыкты.

Өткөн жумада Австралиянын "Паркес" радиотелескоп борборунун изилдөөчүлөрү кулакка тааныш эмес сигналды угушкан. Ал эки-үч жолу кайталанганын жана түшүнүксүз үндөр менен коштолгонун батыштын бир катар маалымат каражаттары жазып чыкты.

Космос кыйырынан келген бул үндү окумуштуулар тыкыр иликтешүүдө. Алардын айрымдары башка галактикадагы планеталардын биринен Жерге сигнал берилиши мүмкүн деген пикирде.

Илимпоздордун айтымында, 2007-жылы АКШда ушул сыяктуу радио сигнал катталган.

Марста сууну сактоого болобу?

Илимде Марста миллиондогон жыл мурда океан болгону айтылып келет. Учурда кызыл планетанын бетинде температура төмөн, басым аз. Мындай абалда суу бат эле тоңуп, газга айланып кетет дешет окумуштуулар.

Бирок Аризона илимий институтунун окумуштуулары Марста кичинекей көлмөлөр кайсы бир убакытка чейин сакталышы мүмкүн экенин айтышууда. Америкалык астронавттар коомунун жылдык жыйынында изилдөөгө катышкан Жүүлс Голдшпиил (Jules Goldspiel) кызык божомолду ортого салды.

“Марстагы төмөн температура суунун буулануу процессин токтотуп, бат эле музга айлантат. Бирок планетанын астыңкы катмары жылуураак болгону үчүн суу тоңбой бир жылга чейин сакталышы мүмкүн” дейт Голдшпиил.

Айдагы өзгөрүүлөр

Швециялык аалам изилдөө борбору акыркы жылдары айдын бетинде өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирди.

"Күндөн чыккан ысык куюндар айдын магниттик уюлдарын өзгөртүүдө" дейт борбордун окумуштуулары.

Чарлз Луэ 2009-жылы индиялык космос кайыгы менен жердин жандоочуна барып келген. Швед окумуштуусунун айтымында, айдын магниттик талаасы жердикинен алсыз. Мунун айынан ал күндөн чыккан куюнга туруштук бере албай жатат.

Аталган изилдөө борбору ай катмарын изилдеп, андагы өзгөрүүлөргө байкоо салууда.

Австралиялык студент астрономдордун катасын тапты

"Буга чейин CW Leo деп аталган көлөмдүү объектти окумуштуулар чаңдын астындагы жылдыз деп айтып келишкен. Бирок жакында эле Сидней университетинин студенти Паул Стеуард ал жылдыз эбак чаңга айланып, жок болуп баратканын айтып чыкты",- деп жазды MNRAS журналы.

Стеуард мындай тыянакка CW Leoнун акыркы сегиз жылда телескоп менен тартылган сүрөттөрүн чогултуп көргөндөн кийин келген.

Аталган университеттин профессору Тутхил мурдагы теориянын жокко чыгышын “адам канчалык акылдуу болбосун жаратылыштын сырларын толук ача албайт” деп сыпаттады.

XS
SM
MD
LG