Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:33

Биз жашаган жерди жана башка миллиондогон планеталарды камтыган чексиз мейкиндикте же болбосо ааламда келечекте кандай өзгөрүүлөр жана кубулуштар болот? Ушуну ойлонуп көрдүңүз беле?

Ааламдын жана анын курамындагы жер шарынын алыскы келечектеги тагдыры кандай болот? Бүгүн мына ушул суроого илимдин тили менен жооп издеп көрөлү.

Космос жаатындагы көп жылдык изилдөөлөр жана ачылыштар учурдагы дүйнө окумуштууларына ааламдын келечеги жана акыркы тагдыры эмне болорун илимий фактыларга таянып болжолдоого мүмкүндүк берет.

Акыркы божомолдорго көңүл бурсак, аалам жана бул дүйнөдөгү жашоонун акыр-аягы өтө деле кубанычтуудай көрүнбөйт.

Илимий чөйрөдө бул тууралуу "чоң бөлүнүү" жана ааламдын "кара тешикте бууланып" жок болуусу сыяктуу бир нече гипотезалар айтылып жүрөт.

Ушул илимий божомолдорду анализдөөдөн мурда биз, оболу ааламдын пайда болушу жана азыркы абалын карап көрсөк.

Ааламдын өнүгүүсү ылдамдап баратат

Жер шарынын жана ага окшогон миңдеген планеталар жана жылдыздардын пайда болушун илимий тилде “чоң жарылуу” деп атап койот. Башкача айтканда, мындан ондогон миллиард жыл мурда болгон чоң жарылуудан улам, ар кандай чаңдардын жана газдардын натыйжасында аалам же болбосо чексиз мейкиндик пайда болуп, анын алкагында планеталар жана жылдыздар куралган.

Жыйырманчы кылымдын башында окумуштуулар чексиз мейкиндиктин кеңейип, өнүгүүсү басаңдап калганын айтып чыгып, муну алар аалам өсүп, чоңойуу чегине жеткени менен түшүндүргөн.

Деген менен андан көп өтпөй эки топ көз карандысыз окумуштуулар ааламдын өнүгүүсү тескерисинче тездеп баратканын далилдеп, 2011-жылы Нобель сыйлыгына ээ болушкан.

Окумуштуулардын айтуусунда, чексиз мейкиндикте кара материя пайда болгон, анын негизинде ааламдын кеңейүү процесси тездеп баратат.

Эми ушул изилдөөгө таянып, ааламдын, анын ичинде жер шарынын келечеги жөнүндөгү гипотезаларды карап көрсөк.

Келечек кандай болот?

Галактика жана масса ассамблеясынын изилдөөсү боюнча, чексиз мейкиндикте жылдыздардын куралуу процесси бүткөн, андыктан аалам акырындык менен “өлүп” же жок болуп баратат.

"Болжол менен мындан беш миллиард жылдан кийин, күн өзүнүн кызыл фазасына жетет, андан соң эки миллиард жылдан кийин күн жерди жутуп алат" деп айтылат жогорудагы илимий изилдөөдө.

Андан ары космосто кара материя же энергия өз үстөмдүгүн орнотуп, бара-бара тартылуу күчү аны башкара албай калган соң, “чоң бөлүнүү” болушу мүмкүн. “Чоң бөлүнүүнүн” жыйынтыгында, аалам алкагындагы планеталар бири-бирине болгон тартылуу күчүн жоготуп, чачырап, массасыз боштукка айланат.

Дагы бир илимий божомол боюнча, кийинки бир жүз триллион жылдан кийин чексиз мейкиндиктеги чаңдардын жана газдардын көлөмү азайып, жылдыздардын куралуу процесси токтойт. Андан соң аалам курамында кара тешиктер көбөйүп, алар акырындык менен планеталарды жутуп, космосто караңгылык пайда болот. Анан дагы бир канча триллион жыл ичинде кара тешиктерден материялардын протон жана атомдору субатомдорго айланып, акырындык менен эрип жок болот. Аалам жалаң гана кара тешиктерден турган караңгы вакуумга айланып, калган электрондор жана жарык фотондор бири-биринен алыс болуп карым-катнаш такыр токтойт.

Деген менен квантум механиканын кээ бир өзгөчө кубулуштарына таянсак, вакуумда же боштукта эрежеге баш ийбеген процесстер жүрүп кетиши мүмкүн. Андыктан, ааламды келечекте күтүп турган боштукта кайра “чоң жарылуу” орун алып, планеталар пайда болуп, жердеги жашоо кайра башталышы толук ыктымал.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG