Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Тереза Мэй: бий менен ый коштолгон саясат


Тереза Мэй.
Тереза Мэй.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 7-июнда бийликтеги Консерваторлор партиясынын төрайымдыгынан кеткени жатат.

Мэй партиянын жаңы лидери тандалып, ал киши өкмөт башчылык кызматка киришкенге чейин премьер-министрдин ишин аткарып турат. Тереза Мэй - Британиянын соңку тарыхында оор учурда бийликке келген экинчи аял премьер-министр.

62 жаштагы Тереза Мэй Британиянын Евробиримдиктен кандай шартта чыгаары жазылган Брекзит келишимин бир нече жолу парламенттин ратификациясынан өткөрө албай койгондон кийин 24-майда кызматтан кетерин жарыялаган.

Мэй бул билдирүүнү жасап жатканда көзүнө жаш алган эле:

«Жакында мен кызматымдан кетем, бул кызмат орду мен үчүн чоң сыймык болду. Мен өлкөнүн экинчи аял премьер-министри болдум, бирок албетте акыркы эмесмин. Мен ачууланбастан, терең ыраазычылык сезип ушул кадамга баруудамын. Сүйгөн өлкөмө кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазымын».

Премьер бийлеп келип, ыйлап кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:18 0:00

2016-жылы өткөн референдумда британдардын 52% Евробиримдиктен чыгууну колдогон. Бул чечимди жактагандардын максаты - Евробиримдик эрежелерине байланбаган, өз алдынча саясат жүргүзүү, анын ичинде сооданы, каражатты өзү башкаруу эле. Бирок үч жылдан бери парламент менен өкмөт Лондон уюмдан кандай шартта чыгат деген маселе боюнча орток пикир таба албай келе жатат.

Апрель айында Евробиримдик Британиянын уюмдан чыгуу мөөнөтүн алты айга узарткан. Ага ылайык, расмий Лондон 31-октябрга чейин бир чечимге келиши керек.

Тереза Мэй Брекзит боюнча мунасага жеткирген чечим табууга аракет жасап, бир нече саясий кризистерди башынан өткөрдү. Акыры муну жасай албаганын мойнуна алган.

«Брекзитти ишке ашыра албаганым мени терең өкүндүргөн маселе бойдон кала берет. Менин ордума келчү адам бул багытта ийгиликке жете алат деп үмүт артып турам. Бул үчүн ал парламент менен мунаса таба алышы керек. Бардык тараптар компромисске барууга даяр болгон учурда гана мындай мунасага жетүү мүмкүн болот».

Тереза Мэй партиянын жаңы лидери тандалып, ал киши өкмөт башчылык кызматка киришкенге чейин премьер-министрдин ишин аткарып турат.

Британияда бийликтеги партиянын төрагасы өлкөнүн премьер-министри болот. Андыктан парламенттеги 11 депутат премьер-министрликке талапкерлигин көрсөттү. Консерваторлор партиясынын парламенттеги 313 депутаты эки жума ичинде бардык талапкерлердин ичинен экөөнү тандашы керек. Алардын кимиси жаңы төрага болоорун партиянын 125 миңдей мүчөсү аныктайт.

Брекзитти колдоп келген мурдагы тышкы иштер министр Борис Жонсон негизги талапкер катары мүнөздөлүп жатат.

Тереза Мэй үч жылга чукул убакыттын ичинде башкы саясий убадасын ишке ашыра албаса да, Британиянын тарыхында Маргарет Тетчэрден кийинки эле экинчи аял премьер-министр катары, ошондой эле мыкты стили менен да көпчүлүктүн эсинде калмакчы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG