Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:58

Түркияда чет элдиктерди текшерүү күчөдү


Стамбул, Түркия
Стамбул, Түркия

Түркияда ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштөн кийин киргизилген өзгөчө кырдаал дагы үч айга узартылды. Мындан улам полиция мигранттарды байма-бай текшерүүдө.

Түркияда 15-июлдагы аскердик төңкөрүштөн соң 20-июлда өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин жана министрлеринин жыйыны өтүп, үч айлык өзгөчө кырдаал киргизилген.

Түркия Конституциясынын 120-беренесине ылайык, бул тартип дагы үч айга узартылды. Чоң шаарлардагы эл көп чогулган жерлерде полиция кызматкерлери жарандарды токтотуп, тинтүүгө акылуу. Айрыкча чет өлкөлүк жарандар тыкыр текшерүүгө алынууда.

Мындай тинтүүлөрдү күндө эле көргөн жердешибиз Адинай Токушева мындай деди:

- Ооба, текшерүүлөргө туш болдум. Стамбулда өзгөчө мигранттардын көп иштеген райондору Аксарай, Таксимде көп кездештим. Көбүнесе кечкурун жумуштан чыккан маалда полиция көчөдөн эле паспортуңду сурап, текшерүүгө алат.

Түркияда расмий катталган 14 миңден ашуун кыргыз жараны жашайт. Расмий катталбаган мигранттар да жок эмес. Стамбулдагы Айдын университетинин ага окутуучусу Инаш Азим:

Стамбул, Түркия
Стамбул, Түркия

- Эми чынын айтканда расмий эмес иштеген мигранттардын абалы оорлоду. Орусиядагыдай ыксыз текшерүүлөр мурда жок болчу, азыр текшерүүлөр көбөйдү. Экинчиден, доллар көтөрүлүп кетти. Мындан баягы эле үйүнө акча салган мигрант кыйналууда.

Түркиядагы кыргыз мигранттардын абалын жакындан көрүп-билген серепчи Мурат Ершахин өзгөчө кырдаал тартибинин узатылышы сырттан келгендерге эч кандай тоскоолдук жаратпашы керек дейт:

- Төңкөрүш аракетинен мурунку мигранттардын виза алуу жана иштөө эрежеси менен азыркы эрежелер арасында айырма жок. Тескерисинче, мурун туристтик визаны бир жылга гана берсе, азыр эки жылга узартышты. Виза боюнча, Эмгек министрлиги чет өлкөлүктөргө өзгөчө талап деле койгон жок. Министрликтин иштөө тартиби боюнча деле мигранттардан жаман ой уккан жокпуз. Ал эми көчөдөгү текшерүүлөр менин оюмча талапка ылайык эле жасалган иштер болушу керек. Андан кооптонбош керек, анткени Түркия азыр башынан оор күндөрдү кечирип жатат.

Стамбул, Түркия
Стамбул, Түркия

Ал эми Вандагы Улупамир айылынын башчысы Ейүпхан Кошар чукул кырдаал тартибинин пайдасы эле болбосо, зыяны жок деген ойдо:

- Мурун өзгөчө кырдаал дегенде абдан текшеришчү. Азыр андай эмес. Муну бийликтин террордук уюмдарды тазалоосу деп да айтсак болот. Бул биз үчүн өтө маанилүү, айылдагыларга пайдасынан башка зыяны жок. Өлкөнүн ички иштерин тазалоо максатында гана жүргүзүлгөн тартип деп ойлойм.

Бийлик тарабынан узатылган чукул кырдаал тартиби түрк жарандарынын көңүл чордонунда. Анткени Түркиядагаы саясий өзгөрүүлөр экономикалык жагдайга да таасир этүүдө. Маркетинг боюнча чет өлкөлүк кардарлар менен иш алып барган Садык Секибагнын иш мурдагыдай болбой солгундап калганын айтууда:

- Чукул кырдаал тартибин жумушта аябай эле сезип жатабыз. Фирмабыз жеке менчик болгон үчүн ишибиздин көлөмү азайды. Кардарларыбыздын дээрлик көбү чет өлкөлүк фирмалар. Өлкөдөгү болуп жаткан окуялардан улам алар биз менен иштөөдөн баш тартууда. Албетте бул жагдай айлыгыбыздын кечигишине түрткү болуп жатат. Деги эле моралдык жактан да кыйналып турабыз.

Түрк полициясы
Түрк полициясы

Өзгөчө кырдаал тартиби киргенден кийин толук милдет жана ыйгарым укуктар облустук, райондук акимдерге өттү.

Бул тартипке ылайык, азыркы тапта Түркияда ишке киргизилген белгилүү ченемдер жана милдеттер бар. Алар: коменданттык саатты киргизүү, жарандардын документтерин, автоунааларын, коопсуздугун коргоочу имараттарды текшерүү жана жабуу, коомдук тартипти бузууга шектүү жарандарды жана уюмдарды өлкөгө киргизбөө, уруксатсыз митингдерди токтотуу жана башка чектөөлөр. Саясий серепчилердин айтымында, түрк бийлиги өзгөчө кырдаал тартибин бир жылга чейин узарта алат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG