Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:28

Украина: селсаяктарды аяз чырмоодо


Донецкиде суукта калгандар үчүн тигилген чатырдын жанындагы үйсүз адам, 2-февраль, 2012-ж.
Донецкиде суукта калгандар үчүн тигилген чатырдын жанындагы үйсүз адам, 2-февраль, 2012-ж.

Украинада Европаны ызгаардуу кучагына алган кыш чилдеде аз дегенде 135 киши тоңуп өлгөнү кабарланды. Бийликтер үй-жайсыздар үчүн чатыр тигип, ысык тамак уюштуруп жатат. Киевде үйсүздөр жана социалдык кызматкерлер жетиштүү чара көрүлбөгөнүн сындоодо.

Иван Брилюк 45 жашта, бирок алда-канча улуу көрүнөт. Сакалын ак баскан, жүзү шишимик тартып, колдору туурулган бул киши Украинада соңку жумаларда кескин күч алган суукта айрыкча кыйналган жүз миңдеген селсактардын бири гана.

Дагы багы бар экен, минус 30 градуска жеткен суукта Брилюкка бийликтер орноткон жылытылган жүздөгөн чатырлардын биринен орун тийди.

Бирок социалдык кызматкерлер түнөгөнгө жылуу туруктуу жери жок жарандарга мындай жайлар бар экендигин кабарлап, ошол жактарга багыттоочу чаралар көрүлбөсө, курмандыктардын саны азыркы 135тен дагы көбөйө тургандыгын эскертишүүдө. Сууктун курмандыктарынын көбү Украинын чыгышындагы
Украина: Үйсүздөр үчүн ачылган чатыр
Украина: Үйсүздөр үчүн ачылган чатыр
Донецк жана Днепропетровск дубандарында болду.

Мурда Украинанын жумуш жана социалдык саясат министри болгон Людмила Денисованын айтымында, үйсүздөрүн көбү алар үчүн жылуу жайлар ачылганынан кабары жок, же ал жерге жете алышпайт. «Бийликтер аларга барып, атайын жайларга ээрчитип келиши керек, бул адамдардын абалы оор», - дейт экс-министр.

Катуу суук бүт Европаны өз кучагына алган менен суука тоңуп өлгөндөр Украинада баарынан көп болду. Ушундан улам бул пост-советтик өлкөдөгү үйсүздөрдүн тагдырына көпчүлүктүн көңүлү бурулууда.

Украинада үй-жайсыздарды наркоман, кылмышкер жана башка «коомдон сыртта калган элементтерге» теңеген советтик түркөй түшүнүк сакталып кала берүүдө. Күнү бүгүн да бийликтер кышкы сууктун курмандыктарын ичкичтерге теңеп, өздөрү күнөөлүү дегендей жүр-нары мамиле жасайт. Чукул абалдар министри Григорий Марченко ушул дүйшөмбүдө соңку өлүмдөрдүн көбү ичкиликке байланышкан деп ырастады.

Бирок адистер үйсүздөрдү жектеген мамиле мамлекеттин кризисти жөнгө салуусуна кедерги болуп жаткандыгын эскертишүүдө.

Севастоподогу үйсүздөр жылуулук өткөн түтүктөргө ыктоодо
Севастоподогу үйсүздөр жылуулук өткөн түтүктөргө ыктоодо
​Расмий эсеп боюнча, Украинада үйсүздөрдүн саны 15 миң, бирок жарандык уюмдар бул сан 600 миң, алтургай 800 миңге чейин экендигин айтышууда.

Павло Розенко Киевдеги Разумков илимий борборунун социалдык саясат боюнча изилдөөчүсү. Ал сууктан набыт болгондордун саны бийликтердин эсебинен жогору болушу мүмкүн деп эсептейт:

- Өкмөттүк статистикада өлүм эсеби төмөндөтүлүп көрсөтүлүп жатканы анык. Бийликтер көргөндөрүн гана эсепке алып жатат. Бирок үйсүз адамдар көчөдө эле өлгөн жок. Алар жылытылбаган, суусу жок турак-жайларда да өлүп жатышат. Мындай өлүмдөр бийликтерге билинбей калып жаткандыгында талаш жок.

Украинанын Саламаттык сактоо министри соңку өлүмдөрдүн себебин аныктоо үчүн өлүктөрдүн ичин ачуу керектигин айтууда. Себеби мамлекеттик адистер "гипотермия" деген диагнозду бардык өлгөндөргө дароо эле коюу мүмкүн эмес экендигин эскертишүүдө.

Министрликтин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Тетяна Юрченко көп киши өз үйлөрүндө жүрөгү кармап өлгөн деп ырастады. Бирок акыркы апталарда көп
тааныштарын оо дүйнөгө узаткан Брилюк үстүндө үй-жайсыздардын башкы душманы суук болуп жатат дейт:

Үй ээси аларды кууп салат. Коңшулары кубалайт. Ошентип алар көчөдө калат, анан кайда барат?

XS
SM
MD
LG