Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

АКШ менен ЕККУ "Интерге" чабуулду айыптады


"Интер" телеканалынын имараты.
"Интер" телеканалынын имараты.

АКШ бийлиги жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму украиналык «Интер» телеканалынын кеңсесинин өрттөлүшүн «чектен чыккан жорук» катары сыпатташты. Ал арада акцияга чыккандар каналдын өкүлдөрү менен жолуккан соң убактылуу тарап кеткени маалым болду.

Активисттердин айтымында, алар “Интердин" өкүлдөрү менен жолуккан кезде каналдын контентин өзгөртүү жана Улуттук маалыматтык стратегия компаниясынын жетекчисинин орун басары Игорь Шуваловду кызматтан алуу талабын коюшкан. Эгер бул талап аткарылбаса блокада жанданарын эскертишкен.

Ал арада эл аралык уюмдар жана эксперттер жаалданган топтун телеканалга чабуулу Украинадагы сөз эркиндигине доо кетирет деп чочулашууда.

"Интердеги" өрт

Белгилүү болгондой 4-сентябрь күнү Киевдин Щусев көчөсүндө жайгашкан телеканалдын алдына "Интер - Кремлдин агенти!" деген жазуусу бар плакат көтөргөн 20дай адам чогулган.

Күбөлөрдүн айтымында, алар кеңсени карай «Молотов коктейлин» ыргытып, “Подробности” берүүсүн даярдаган студия күйүп кеткен.

“Интердин" жамааты Украинанын президентине кайрылып, “мыйзамдуулукту орнотууга жана ага каршы аракеттерди токтотууга” чакырык таштады.

Башаламандыктан кийин беш адам жараат алганы маалым болду.

"Орусияга жан тартпасын"

"Интер" телеканалынын ишин токтотууну талап кылгандар 5-сентябрда да нааразылык акциясын өткөргөн. Катышуучулар колдоруна "Москванын агенттери", "Интер, кет!" деген жазууларды кармап, имараттын айланасына чатыр тигип, дөңгөлөктөн баррикада жасашкан.

Киевдеги "Интер" каналынын алдындагы баррикада
Киевдеги "Интер" каналынын алдындагы баррикада

Өздөрүн «Ыйык Мария» деп атаган батальондун мүчөсү Алексей Середюк бул аракетти минтип түшүндүрөт:

- Биз имараттан баарын чыгарып атабыз, бирок эч кимди киргизбейбиз. «Интер» ишин токтотмоюнча, баррикада алынбайт. Бул канал Орусиянын саясатын колдоп жатканына нааразыбыз.

Август айында «Интер» телеканалынын Украина чыгышындагы жикчилдер мен жазышкан каттары делген маалыматтар интернетке тараган. Ушундан кийин каналды украин бийликтери текшерүүгө алып, редакция ар бир берүүнү өлкө чыгышындагы жикчилдер менен кеңешип даярдайт деп айыпташкан.

Аваков: "Интердин" ички саясаты иликтенсин

Окуя болордон эки-үч күн мурда Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков Фейсбукка «Интер» тууралуу билдирүү жазган. Ошол себептүү серепчилер арасында бул иштин артында Аваков турат дегендер да жок эмес.

Аваков өзү украиналык «1+1» телеканалына берген интервьюсунда башаламандык уюштургандар мурдагы аскер кызматчылары экенин айтты:

Арсен Аваков
Арсен Аваков

- Чатак чогулгандар менен «Интердин» күзөтчүлөрү чырдаша кеткенден чыккан. Ушундан кийин имарат түтүнгө чулганып, экинчи кабатта өрт чыккан. Натыйжада эки-үч адам ышка ууланып, нааразы тараптан бир адам жараат алган. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кармалгандар аты-жөнүн жашырган жок, алар мурда Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 30-бригадасында кызмат өтөшкөн.

Аваков "Интердин" редакциялык саясаты "мамлекетке каршы позицияда" деген ойду кыйытты:

- Ооба, буга чейин мен Украинанын Коопсуздук кызматын телеканалдын ишин иликтөөгө чакыргам. Анткени канал орус технологдору жана өздөрүн «Донецк элдик республикасы» деп атагандар менен байланышы барын далилдеген документтер табылган. Мен азыркыга чейин кесиптештерим кандай реакция кыларын билбейм. Биз өзүбүз, полиция элдик депутаттар берген документтерди иликтеп жатабыз. Дүйшөмбү же шейшемби күнү ИИМ бул боюнча жыйынтык чыгарат.

"ММКга чабуул кабыл алынгыс"

Учурда имаратта чыккан өрт боюнча украин полициясы тогуз адамды камакка алып, ээнбаштык, бирөөнүн мүлкүн атайылап бүлүндүрүү беренелеринин негизинде иш козгогону маалым болду.

Ал арада АКШ жана Европа коопсуздук кызматташтык уюму телеканалдын өрттөлүшүн кескин айыптап чыкты. АКШнын Киевдеги элчилиги бул тууралуу Твиттердеги баракчасына «ММКга болгон бардык чабуул кабыл алынгыс» деп жазды.

"Интер" каналынын өрттөнгөн студиясы. Киев
"Интер" каналынын өрттөнгөн студиясы. Киев

ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович «редакциялык саясат канчалык чагымчыл жана талаштуу болсо да, ага зомбулук менен жооп бербеш керек» деп билдирди.

Миятович Украинанын коопсуздук органдарын тез реакция кылууга, президент Петро Порошенко менен Украинанын журналисттер бирикмесин кол салууну айыптоого чакырды.

5-сентябрда Петро Порошенко өлкөнүн баш прокурору Юрий Луценкого жолугуп, "Интердеги" окуяны иликтөөнү тапшырды.

Ошол эле маалда президент Порошенко «Орусиядан каржыланган ММКлар Украинаны олку-солку кылуусуна жол берилбеши керектигин» билдирип, "мындай аракеттерге карата реакция мыйзамдуу болушу" зарыл деп айтты.

XS
SM
MD
LG