Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:03

Киевде Юлия Тимошенконун соту башталды


Юлия Тимошенко сотко келген жактоочулары менен учурашууда, 24-июн, 2011
Юлия Тимошенко сотко келген жактоочулары менен учурашууда, 24-июн, 2011

Украинанын экс-премьер-министри Орусия менен газ келишимин түзүүдө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Киевдин Печерск райондук сотунда Юлия Тимошенкого каршы козголгон 3 кылмыш иштин бири боюнча сот жараяны башталды. Оппозиция лидери өзүнө тагылган айыпты саясий негизге такайт.

Украин оппозициясы президент Виктор Януковичтен сот жараяны сыналгыда түз көрсөтүлүшүн талап кылды. Тергөө органдары тарабынан тагылган айып сотто далилденсе Юлия Тимошенко 7 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мындай соттук териштирүү менен оор айып тагуу Юлия Тимошенконун кийинки жылы өтчү парламенттик шайлоого, 2015-жылдагы президенттик жарышка катышуусуна бут тосуу катары да бааланууда.

Юлия Тимошенко жана Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин, 2-октябрь, 2008-жыл
2009-жылы Тимошенко Орусия өкмөт башчысы Владимир Путин менен Москвада кездешип, газдын миң метр кубунун баасын 450 доллардан сүйлөшкөн. Андыктан азыр Украина Орусиянын "Газпром" ишканасынан өтө кымбат баада көгүлтүр отун сатып алып, өлкө чоң каржылык чыгымга дуушар болгонун учурда бийлик билдирип келет.

Тимошкенко сот башталаар алдында өзүнө тагылган айыпты четке кагып, президент Янукович жакындары менен сотту курал катары колдонуп калганын айтты.

Ал эми соттук жараянды алып барган судья Родион Киряевди "президенттик администрациянын куурчагы" деп сындады:

- Башкы прокуратура менчиктештирилип калганынан эч кимдин күмөнү жок. Соттор да менчиктештирилген. Адилеттүүлүк деген жок. Андыктан бүгүн эмне болуп жатканы - президент Януковичтин негизги саясий оппоненттеринен өч алуусу.

Тимошенконун миңдеген жактоочулары сот имаратынан сыртында топтолуп, "Юлия" деп кыйкырып жатышты.

Виктор Янукович
Өзү болсо сотко адаттагыдай саркеч кийинип, колуна мала кызыл роза кармап келди.

Сот жараяны көпчүлүктүн көңүлүн бураарын билген Юлия айым бөлмөгө кирерде христианча чокунуп, анан кол баштыгынан Украинанын Баш мыйзамын алып чыгып, үстөлдүн үстүнө койду.

Ага жанаша "саясий туткундарга эркиндик" деген чолок жең көйнөк кийген жардамчысы орун алды. Чүткөрдөй сот бөлмөсүнө журналисттер менен жактоочулар, соттук отурумду көрүүгө келгендер жык толгон.

"Сот жүрүп жаткан жерде адам баласы чыдагыс шарт түзүлгөн. Тар бөлмөдө аба салкындаткыч жок. Бөлмөнүн ичине сансыз адам толгонунуна карабастан, дагы эле киребиз дегендер толтура", деди сотко күбө болуп отурган Европа биримдигинин Украинадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хосе Мануэл Пинту Тейшейра.

Мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко шайлоодо жеңилгенден кийин азыркы жаңы бийликтин каарына калып, бир катар тергөө иштерине тартылууда. Андан Киевден эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат алынган.

Ал эми Тимошенконун кабинетинин айрым мүчөлөрү мурдагы ички иштер министри Юрий Люценко абакта отурса, дагы башкаларга кылмыш иштери ачылган.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG