Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

АКШ өз айыбын өзү ашкереледи


Террорчулукка шектелип, Ооганстандан туткундалгандар кармалган Гуантанамо түрмөсүн жабууга чакырган нааразылык акциялары АКШнын өзүндө да өтүп келет. Вашингтон, 11-январь, 2013-жыл.

Террорчулукка шектелип, Ооганстандан туткундалгандар кармалган Гуантанамо түрмөсүн жабууга чакырган нааразылык акциялары АКШнын өзүндө да өтүп келет. Вашингтон, 11-январь, 2013-жыл.

ЦРУнун “катаал” сурактары боюнча баяндама жарыялангандан кийин БУУ жана адам укугун коргоочу уюмдар АКШнын кыйноого тиешеси бар чиновниктерин жоопко тартууга үндөштү.

Талаштуу документ Кошмо Штаттардын өзүндө анын тууралыгы боюнча талкуу жаратса, Вашингтондун өнөктөштөрү АКШ адам укуктарын бузганын моюндаганына көңүл бурушту, Кытай сындуу атаандаш өлкөлөр ал эми башкаларга акыл үйрөтө албасын айтып чыгышты. Талдоочулар болсо Сенат баяндамасынын мааниси - ал өткөндүн сабагы экенин белгилешүүдө. “Азаттыктын” “Өңүт” апталык берүүсүндө эл аралык турмуштун ушул окуясы талкууланды.

Жарыяланышы узактан бери күтүлгөн баяндамада АКШнын Борбордук чалгын кызматы - ЦРУ 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин “ал-Каиданын” адамы деп шектелгендерди чет өлкөлөрдөгү жашыруун абактарда суракка алганда колдонулган “катаал” ыкмалардын чоо-жайы айтылат.

Сенаттын баяндаманы даярдаган чалгын иштери боюнча комитетинин төрайымы, Демократиялык партиянын өкүлү Дайан Файнштейн (Diane Feinstein) Вашингтондо сүйлөп жатып, алардын беш жарым жылдык иликтөөсүнүн жыйынтыгы жөнүндө буларды айтты:

- Биз төрт негизги категорияга бөлүнгөн 20 тыянакка жана корутундуга келдик. Биринчиден, сурактын күчөтүлгөн ыкмалары чалгын маалыматты алуунун эффективдүү жолу болгон эмес. Экинчиден, ЦРУ программанын натыйжасы тууралуу Конгресске, Ак үйгө, Юстиция министрлигине, маалымат каражаттарына, америкалык коомчулукка көптөгөн туура эмес маалыматтарды берген. Үчүнчүдөн, ЦРУ программаны талаптагыдай эмес жана терең жаңылыштык менен башкарган. Төртүнчүдөн, ЦРУнун программасы адамдар ойлогондон кыйла катаал болгон. Баяндама ЦРУ чет өлкөлөрдө 119 адамды жашыруун кармап турганын жана кээде сурактын кыйноого теңелген мажбурлоо ыкмаларын колдонгонун иликтейт. Ал ЦРУнун бул аракеттери биздин баалуулуктар жана биздин тарых үчүн кара так экенин көргөзүүдө. Баяндаманын 500 беттен турган кыскача бөлүгүнүн жарыяланышы ал кара такты кетире албайт. Бирок ал элибизге жана дүйнөгө Америка туура эмес кылган учурунда аны моюнга алууга кудурети жетерин жана өзүнүн катачылыктарынан сабак алууга ишенимдүү экенин көргөзө алат.

ЦРУнун жашыруун тергөө программасынын “Нью-Йорк Таймс” гезитинде жарыяланган тарыхына кыскача көз чаптырсак, мурдагы президент Жорж Буш “ал-Каида” менен Талибандын туткундалган адамдарына Женева конвенциясынын “денеге зыян келтирүүгө, катаал мамиле жасоого, кыйноого” тыюу салган беренеси жайылтылбоосун караган жардыкка 2002-жылдын февралында кол койгон экен.

Ал ЦРУнун бул аракеттери биздин баалуулуктар жана биздин тарых үчүн кара так экенин көргөзүүдө. Баяндаманын 500 беттен турган кыскача бөлүгүнүн жарыяланышы ал кара такты кетире албайт.

Ошол жылдын мартында ЦРУнун камагына биринчи түшкөн адам “ал-Каида” жетекчилеринин бири делген Абу Зубайда болгон.

Террорчулукка шектелгендерге карата сурактын күчөтүлгөн ыкмаларын колдонуу 2007-жылдын ноябрына барып токтогон.

2008-жылдын апрелине карата ЦРУнун камагында алардын эч кимиси калган эмес.

2009-жылы январда азыркы президент Обама бийликтеги биринчи мөөнөтүнө киришкенде бул жашыруун программага өз жардыгы менен дароо тыюу салган.

Укук коргоочулардын чакырыгы

Баяндамада ЦРУ террорчулукка шектелгендерди суракка алууда адамдын бетине чүпүрөк жаап, суу куюу менен сууга чөктүрүү имитациясын жасоо, үкөккө салып туруп курт-кумурскаларды коё берүү, уйку бербөө, суук менен таасир көргөзүү, колунан узак убакыт асып коюу өңдүү ыкмалар аталган.

Сенат комитетинин баяндамасы жарыялангандан кийин Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча мекемеси жана укук коргоочулар кыйноого тиешеси бар америкалык чиновниктерди жоопко тартууга үндөп чыгышты.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын өкүлү Роберт Колвилл (Robert Colville) Женевадагы басма сөз жыйында:

- Кыйноо болгон. Менимче, муну АКШнын президенти, Сенаттын комитети моюнга алды. Кыйноо болгондон, кыйноонун түрдүү формалары орун алгандан кийин, биз эми буга кандай жоопкерчилик каралганын көрүшүбүз керек. Менимче, мындан аркы талкуу жоопкерчилик, кыйноону ишке ашыргандарга гана эмес, ага буйрук бергендерге, бул саясатты жараткандарга айып тагылар-тагылбасы жөнүндө жүрөт.

Кошмо Штаттардын өзүнөн болсо Жарандык эркиндиктер союзу өлкөнүн башкы прокурорун кыйноо программасын түзгөн, жактырган, ишке ашырган жана аны жашыргандардын ишин тергөө үчүн атайын прокурор дайындоого үндөдү.

“Кылмышкерлер жооп бериши керек, биздин системада эч ким мыйзамдан өйдө турбашы абзел”, - деп көргөзүлөт алардын билдирүүсүндө.

Жон Бреннан

Жон Бреннан

Сенат баяндамасынын жарыяланышына тушташ ага ЦРУ да өз жообун берди. Мекеменин азыркы жетекчиси Жон Бренан (John Brennan) өз билдирүүсүндө агенттик ката кетиргенин жана андан сабак алганын белгиледи. Бирок ал ырастагандай, сурактын катаал ыкмалары аркылуу “пландалган кол салууларга жолтоо кылууга, террорчуларды кармоого, адам өмүрүн сактоого жардам берген” маалыматтар алынган.

Мурдагы бийликтин жообу

ЦРУнун мурдагы үч жетекчиси Жорж Теннет (George Tenet), Портер Госс (Porter J. Goss), Майкл Хейден (Michael Hayden) болсо Wall Street Journal басылмасындагы макаласында Сенат комитетинин баяндамасын “начар даярдалган жана 11-сентябрь окуяларынан соң Американы коргоо үчүн баарынан көп иш кылган мекемеге партиялык тар кызыкчылыкты көздөгөн кол салуу" катары баалашты.

Алардын ырастоосунда, сурактын катаал жана күчөтүлгөн ыкмаларысыз “ал-Каида” лидери Усама бин - Ладендин дарегин ачыктаган адамды табуу мүмкүн болмок эмес.

ЦРУнун аракеттерин АКШнын мурдагы биринчи жетекчилери да коргоп чыгышты.

Мурдагы вице-президент Дик Чейни (Dick Cheney) “Нью-Йорк Таймс” менен маегинде террорчулукта шектелгендер үчүн алардын учурунда колдонулган сурак ыкмаларын “толугу менен актаарлык” деп атады.

Ал эми мурдагы президент Жорж Буш (George Bush) баяндама жарыяланар алдында СNNге берген интервьюсунда ЦРУнун кызматкерлерин коргоп:

- Мен эмне демекчимин. Биз Борбордук чалгын кызматында биздин атыбыздан күжүрмөндүк менен иштеп жаткан адамдар бардыгы үчүн бактылуубуз. Алар чыныгы патриоттор. Эгер докладда бир нерсе айтылса, алардын биздин өлкөгө кошкон салымы төмөндөтүлсө, бул негиз эмес. Мен ЦРУнун директорлорун, орун басар директорлорун, көптөгөн кызматкерлерин билчүмүн. Алар чынында жакшы кишилер. Ошондой адамдардын бардыгы үчүн биздин жолубуз болду, - деп жооп берди.

ЦРУнун жашыруун программасын ашкерелген баяндаманы мурдагы администрация өкүлдөрүнө кошумча жаңы жылдан кийин Сенатты да көзөмөлдөөчү республикачылардын лидери Митч Макконнелл (Mitch McConnell) менен чалгын комитетинин республикачыл мүчөлөрү да сындашты. Негизги баяндама демократтар тарабынан даярдалган.

Эки ача көз караш

Талдоочулар баяндама айланасында тутанган талаштарды АКШда террор коркунучу менен күрөшүү ыкмалары боюнча бири-биринен айрымаланган эки бөлөк көз караш өкүм сүргөндөгү менен түшүндүрүшүүдө.

2001-жылдын 11-сентябрь, Нью-Йорк.

2001-жылдын 11-сентябрь, Нью-Йорк.

Жон Хопкинс (Johns Hopkins University) университетинин профессору Роберт Фридман (Robert O. Freedman) “Азаттык” менен маегинде:

- Кошмо Штаттарда ой -пикирдин эки мектеби бар. Биринчи толук эмес, бирок дүңүнөн Демократиялык партияга, экинчиси толук эмес, бирок дүңүнөн Республикалык партияга ыктап турат. Ой-пикирдин Республикалык партияга ыктаган мектебин мен “дүрмөттөгү бомба” деп айтаар элем. “Дүрмөттөгү бомба” дегенде мен эгер дагы бир жерде террордук чабуул жасалып, адамдардын өмүрү кыйылат деп ойлосоңуз, буга жол бербеш үчүн террорчуларга кысымды мүмкүн болушунча көргөзүүнү эң туура иш деп санагандарды эске алып жатам. Ой-пикирдин экинчи мектебиндегилер эки позицияны карманышат. Биринчиси - кыйноого кандай шарт - жагдай болбосун жол берилбеши керек. Экинчиси - кыйноо туура маалыматтын алынышына эч убакта жардам бербейт. АКШдагы телеканалдарда, коомдук радиодо жүрүп жаткан талкууларга көз чаптырсаңыз талаш - тартыштар мына ушул эки көз карашка барып такалууда. Буга кошумчаласам, 2001-жылдын 11- сентябрындагы чабуулда 3000дей америкалыктын өмүрү кыйылган соң баяндамада айтылган жаман иштер орун алган кезде адамдар жакында дагы чабуул болобу деп чочуп, ага жол бербеш үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек деп турган кез эле.

Доктор Давид Шанзер (David Schanzer) Дюк (Duke University) университети алдындагы Санфорд коомдук саясат мектебинин (Sanford School of Public Policy) профессору.

Ал “Азаттык” менен маегинде ЦРУнун жашыруун программасы боюнча докладга байланышкан талаш-тартышта партиялык биримдикти бузгандар да бардыгын белгиледи:

- Белгилеп кетүүчү нерсе, республикачылардын улуттук коопсуздук маселелер боюнча маанилүү адамы, сенатор Жон Маккейн (John McCain) Сенат комитетинин баяндамасын жана анын тыянактарын колдоду. Башка көптөгөн республикачылар сындашып, баяндаманын кээ бир тыянактары жөн эле билдирүү экенин, актуалдуу фактыларга шайкеш эместигин айтып чыгышты. Партиялык сызык бул баяндаманын сапаты боюнча талкууларда толук эмес, бирок кандайдыр бир деңгээлде бузулду.

Профессор Шанзер эскерткен сенатор жана Вьетнам согушунун ардагери Жон Маккейн да Вашингтондо сүйлөп жатып, баяндамада айтылгандарды АКШ үчүн “кара так” деп атаган.

Александр Квасьневскинин агынан жарылуусу

Сенат комитетинин баяндамасын АКШга өнөктөш жана ага атаандаш өлкөлөрдүн бийликтери да комментарийлешти. Еврошаркет АКШ адам укуктарын бузганын моюнга алышын “оң кадам” деп атаса, Кытай менен Түндүк Корея Кошмо Штаттарды ачуу сөздөр менен сындады.

Кытайдын мамлекеттик “Синхуа” агенттиги өзүнүн редакциялык макаласында “Америка башка өлкөлөрдөгү адам укуктары үчүн ылайыктуу модел же кесипкөй сот боло албайт. Балким, АКШнын өкмөтү биринчи кезекте өзүнүн короосун тазалап, өз проблемаларын өздөрү чечүү үчүн башкалардын укугун урматташы абзел”,- деп жазат.

Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хонг Лей (Hong Lei) Бээжиндеги басма сөз жыйында:

- Кытай кыйноолорго ырааттуу түрдө каршы чыгып жүрөт. Биз АКШ мунун үстүнөн ойлонушу керек деп эсептейбиз. Өзүнүн багытын оңдоп, эл аралык конвенциялардын эрежелерин чын ниетинен урматтап, сакташы абзел.

11-сентябрь окуяларынан кийин “алкаидачы” катары шектелип, ЦРУнун жашыруун абак жайларында сурак бергендердин көбү Ооганстан менен Пакистандын аймагынан колго түшкөндөр.

Ооган президенти Ашраф Гани Сенат баяндамасында ысымы аталган жүздөн ашуун кишинин ичинде анын өлкөсүнүн канча жараны болгонун билгизүүнү талап кылды. Гани Кабулдагы басма сөз жыйында:

- Бул шок кылган баяндама. Адам укуктарынын дүйнөдө кабыл алынган жана америкалык укукта көргөзүлгөн нормалары ЦРУнун бир нече кызматкери жана контракчысы тарабынан бузулуп отурат. Ооган өкмөтү бул адамкерчиликсиз ишти чечкиндүү түрдө айыптайт. Тилекке каршы, бул доклад биздин мекендештердин да укуктары бузулуп, кыйноого алынганын ачыктоодо. Алардын так саны белгисиз. Бул абдан өкүнүчтүү. Доклад биздин кыйноого алынган айрым мекендештер толугу менен күнөөсүз болгонун көргөзүүдө.

Рейтер агенттиги келтирген маалыматка караганда, ысымдары Сенат баяндамасында жазылган 119 адамдын жарымынан көбү кезинде Ооганстандагы америкалык түрмөдө кармалган.

Америкалыктар бул баяндамасын жарыялоо менен өзүлөрүнүн союздаштык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла жоготууда. Анткени, азыркы жаңы жагдайда, ар бир өлкө ага канчалык ишене алабыз деп кызыгат.

Сенат баяндамасы жарык көргөндөн кийин Пентагон Ооганстандагы эч бир абак жайга тиешеси жоктугун жарыялады. Пентагондун өкүлү 10-декабрда билдиргендей, америкалык камактагы акыры алты адамдын үчөөсү бошотулду, экөөсүн Ооганстанга өткөрүп берди, коркунуч туудурбаган бирөөсү башка өлкөгө чыгарылууда.

Ооганстанга өткөрүлүп берилген эки адамдын бири тунистик Ридха ал-Нажар 2002-жылы майда Усама бин-Ладендин жардамчысы деген шек менен кармалган. Сенаттын баяндамасында ал кыйноонун катаал ыкмасына кириптер болгондордун бири катары көргөзүлөт.

Европадан ЦРУнун жашыруун түрмөлөрү Польша менен Литвада болгону айтылып жүргөн. Бирок бул өлкөлөрдүн бийликтери андай ырастоолорду такай төгүндөшүп, моюнга алышкан эмес.

Анткен менен Сенаттын баяндамасы жарыялангандан кийин Польшанын мурдагы президенти Александр Квасьневски көп жылдык тыныгууну бузуп, анын өлкөсүнүн аймагында ЦРУнун жашыруун тергөө жайы болушуна кезинде уруксат бергенин биринчи ирет моюнга алды:

- Америкалыктар Польшага кайрылып, АКШ менен кызматташууга даярдыгын билдирген адамдардан эффективдүү маалымат алгыдай операция жүргүзүүгө мүмкүндүк берген тынч жай таап берүүнү өтүнүштү. Биз буга макул болдук. ЦРУ эмне жасап жатканын мен билгенминби? Жок, билген эмесмин. Америкалыктар бул баяндамасын жарыялоо менен өздөрүнүн союздаштык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла жоготууда. Анткени, азыркы жаңы жагдайда, ар бир өлкө ага канчалык ишене алабыз деп кызыгат. Кээ бир учурларда коопсуздук үчүн абдан маанилүү айрым операцияларды мыйзамсыздыктын чегинде ишке ашырууга болот.

Мурдагы поляк президенти учурунда алар Кошмо Штаттардан Польшанын аймагындагы абакта сурак бул өлкөнүн мыйзамдарына жана гуманитардык нормаларга ылайык жүргүзүлөрү кепилденген документке кол коюуну суранганын, бирок америкалык тарап муну жасабаганын кошумчалады.

Бул баяндаманын мааниси, менимче, өткөндөн, тарыхтан сабак алуу жана бул иштерди кайра кайталанбашы үчүн документтештирүү жөнүндө.

Европанын Адам укуктары боюнча комитети буга чейин эле Польшада укук бузуулар орун алган деп тапкан жана Польшанын өкмөтүнө камакта болгондорго компенсация төлөөгө милдеттендирген.

Маселени өлкөсүндө ЦРУнун жашыруун абагы болгону биринчи ирет ачыкталган Польшанын азыркы президенти Бронислав Коморовски да комментарийледи:

- Биринчи кезекте АКШнын саясий системасы алыска кеткен жөндөмүн көргөзүп, өз катачылыктары менен келише алганын, туура эмес иштерин ачыктап, көргөзгөнүн түшүнүү керек. Бул башка өлкөлөр, анын ичинде Польша да кайталай турган маанилүү көрүнүш.

"Тарыхтан сабак алуу"

Ошентип, көптөн күтүлгөн баяндама жарыялангандан кийинки кадам Адам укугун коргоочулардын күнөөлүүлөр жоопко тартылуусу керек деген чакырыктарына Вашингтондон кандай жооп чыгат ?

Биз бул суроону Дюк университетинин профессору Давид Шанзерге жолдодук:

- Эл аралык деңгээлде кылмыш жоопкерчилиги боюнча кандай иликтөө жүрөрүн мен айта албайм. Бирок АКШнын өзүндө буга чейин тергөө жүргөн. ЦРУнун агенттеринин жасагандарын иликтеп, кылмыш ишин ачууга негиз бар-жогун аныктоо үчүн Юстиция министрлиги көз карандысыз прокурор дайындаган. Бирок иликтөөнүн жыйынтыгында Юстиция министрлиги жетиштүү далил таппагандыктан, ал ачылган эмес. Менин ишенимимде, бул программага тартылган кайсыл бир адам кылмыш жоопкерчилигине кириптер болбойт. Жоопкерчиликтин башка формалары бар. ЦРУ өзү да иликтөө жүргүзүп, айрым кызматкерлерине карата санкция колдонууну сунуш кылган. Баяндамада ЦРУнун бул чечими сынга алынды. ЦРУ анын жоопкерчилик чаралары жетишсиз болуп калганын да моюндады.

Профессор Давид Шанзер эскерген тергөө 2009-2012-жылдардын аралыгында жүргүзүлгөн.

Ал “Азаттык” менен маегинде кошумчалагандай, Сенат баяндамасынын тыянактары жана мааниси өткөндөн сабак алууда жатат:

- Менимче, бул көбүнесе тарых үчүн. Анткени, бул нерселер он жыл мурда болгон. Программа он жыл мурда башталып, президент Буштун экинчи мөөнөтүндө иш жүзүндө, ал эми расмий түрдө президент Обама тарабынан 2009-жылдын январында токтотулган. Андыктан, бул баяндаманын мааниси, менимче, өткөндөн, тарыхтан сабак алуу жана бул иштерди кайра кайталабоо үчүн документтештирүү жөнүндө.

Азыр адамдар кандай жаман иштер болгон деп айтканы менен узак мөнөөттөн алганда мындан Америка өзү эле утушу мүмкүн.

“Азаттыктын” дагы бир маектеши Жон Хопкинс университетинин профессору Роберт Фридман төмөнкүлөргө көңүл бурду:

- Баяндаманы эки жактан кароо керек. Бир жагынан АКШ көп жагымсыз иштерди жасаган. Экинчи жагынан Америка жок дегенде башка көптөгөн өлкөлөрдөн айрымаланып, катачылыктарын моюнга алууга даярдыгын көргөзүүдө. Албетте, бүгүн баяндамада айтылгандар АКШнын дүйнөдөгү беделине оң салым кошпойт. Азыр адамдар кандай жаман иштер болгон деп айтканы менен узак мөөнөттөн алганда мындан Америка өзү эле утушу мүмкүн. Сөзсүз Кытай, Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн медиасы баяндамада айтылгандарды өз кызыкчылыгында колдонот. Бирок сиз Кытай же Орусия туура эмес иш жасаганын моюнга алган акыркы учурду айта аласызбы? Алардан, Сирия менен Ирандан айрымаланып, биз бул фактыларды өзүбүз иликтеп, ачыкка чыгарып жатабыз.

Профессор Роберт Фридман “Азаттык” менен маегинде Сенат баяндамасы, террор коркунучу менен күрөшүү ыкмалары боюнча талаш-тартыш, талкуулар АКШда кийинки президенттик шайлоого чейин улана бериши мүмкүндүгүн жокко чыгарбады.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG