Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

АКШ Сенаты ЦРУнун “катаал” cурактарын жарыялады


Борбордук чалгын кызматы - ЦРУ.
Борбордук чалгын кызматы - ЦРУ.

Борбордук чалгын кызматы - ЦРУ 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин “ал-Каиданын” адамы деп шектелгендерди Европа менен Азиядагы жашыруун жайларда суракка алганда колдонулгон “катаал” ыкмалардын чоо-жайы сүрөттөлгөн баяндама жарыялады.

Баяндама АКШ Сенатынын Чалгын комитети тарабынан жарыяланды.

Анда Борбордук чалгын кызматы - ЦРУ 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин “ал-Каиданын” адамы деп шектелгендерди Европа менен Азиядагы жашыруун жайларда суракка алганда колдонулгон “катаал” ыкмалардын чоо-жайы сүрөттөлгөн.

Баяндамада белгиленгендей, ЦРУнун ал ыкмалары “так маалымат алуунун эффективдүү каражаты" болгон эмес жана кармалгандар менен “кызматташууга” жол ачкан эмес.

Баяндаманын авторлору ЦРУну террорчулук боюнча шектелгендерди суракка алууда колдонулган ыкмалар боюнча саясатчыларга жана башкаларга туура эмес маалымат берип, атайын чаташтырганы үчүн айыптаган.

Ал катаал ыкмалар ЦРУнун медициналык кызматкерлеринин эскертүүлөрүнө карабай колдонулганы көрсөтүлгөн.

Баяндамада ЦРУнун мындай сурактарына кирептер болгон 119 айыпкердин ысымы биринчи жолу ачыкталган.

Аларды суракка алууда башы менен сууга чөктүрүү, бетке уруу, уйку бербөө, суук менен таасир көргөзүү өңдүү ыкмалар колдонулган.

Президент Барак Обама баяндамада ачыкталган маалыматтарды “кооптуу жана биздин баалуулуктарга каршы келет” деп, аларга 2009-жылы президенттик кызматка киришкенден соң эле тыюу салганын билдирди.

Обаманын айтымында, ЦРУ колдонгон ыкмалар АКШнын “дүйнөдөгү беделине олуттуу зыян келтирди, өнөктөштөр менен союздаштарды Американын кызыкчылыктарына ынандырууну кыйындатты”.

Жалпысынан алты миң беттен турган баяндама Сенаттын Чалгын иштери боюнча комитетинин беш жылдык ишинин жыйынтыгы. Комитетти Демократиялык партиянын өкүлү Дайан Файнштейн башкарат.

Ал Вашингтондогу басма сөз жыйында сүйлөп жатып буларга токтолду:

Дайан Файнштейн
Дайан Файнштейн

- Бүгүн жарыяланган баяндама ЦРУ чет өлкөлөрдө 119 адамды жашыруун кармап жана кээде сурактын кыйноого теңелген мажбурлоо ыкмаларын колдонгонун иликтейт. Ал ЦРУнун 10 жыл мурунку аракеттери биздин баалуулуктар менен тарых үчүн кара так экенин көргөзүүдө. 500 беттен турган бул жыйынтыктоочу баяндаманын жарыяланышы ал кара такты кетире албайт. Бирок ал биздин элге жана дүйнөгө Америка туура эмес кылган маалда аны моюнга алууга кудурети жетерин жана өзүнүн катачылыктарынан сабак алууга жөндөмдүү экенин көргөзө алат.

Баяндаманын бүгүн жарыяланган 525 бети анын редакцияланган, кыскартылган жыйынтык бөлүгү.

Мурдараак Ак үй билдиргендей, баяндаманын жарыяланышын утурлай АКШнын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери менен консулдуктарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG