Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:05

COVID-19: АКШда 120 миңден ашык киши жан берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын түштүк жана чыгыш аймактарында коронавирус жукккан учурлар көбөйдү.

Соңку күндөрү АКШнын 23 штатында өпкөнү сезгенткен вируска чылдыккандар көбөйдү. Техас, Аризона, Жоржия, Флорида баштаган бир катар штаттарда ооруканага түшкөндөр көбөйдү жана бул өз кезегинде илдеттен көз жумгандар дагы арбышы ыктымал деген кооптонууга негиз болду.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку көрсөткүч АКШда акыркы 1,5 айдан берки карантин чараларын жумшартуу аракети оорунун жайылышын шарттайт деген божомолдорду бекемдей баштады.

Техастын губернатору Грег Эббот коронавирус болуп көрбөгөндөй тездик менен жайылып жатканын эскертти. Бирок губернатор Техаска кайрадан карантин киргизүү акыркы чара болорун айтып, жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырды:

«Азыр COVID-19 Техаста болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен жайылып жатат жана бул басаңдашы керек. Бизде оорунун жайылышын токтотуу боюнча бир канча ыкма бар. Бардык техастыктар буга чейин колдонулган эрежелерди сакташы керек. Үйдө болгула, колуңарды жууп тургула, аралыкты сактагыла, эгерде коопсуз аралыкты сактабасаңар беткап тагынгыла».


Убагында АКШда оорунун очогуна айланган, дээрлик 22 миңдей бейтап ажал тапкан Нью-Йоркто дүйшөмбүдөн тартып карантин чараларын жумшартуунун кезектеги баскычы башталды. Ага ылайык, штатта соода жайлары, жайкы террасасы бар ресторандар, чачтарачтар ачылды жана айрым кеңсе кызматкерлерине жумушка барууга уруксат берилди.

Мунун алдында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму оору жуккан учур эң чоң көрсөткүчкө жеткенин билдирген. Уюмдун чукул кырдаалдар боюнча директору Майк Раян эл жыш жашаган аймактарда оору тездик менен жайылышы ыктымал экенин белгилеп, коронавируска кабылгандардын көбөйүшү тест алуунун эле жыйынтыгы эместигин айткан:

«Менимче, АКШнын айрым штаттарында оору кайрадан жайыла баштады. Мен бейтаптардын жаш курагы тууралуу азырынча 100 пайыз ынанымдуу айта албайм, бирок алардын арасында жаштар көбөйгөнү тууралуу баяндамаларды көрдүм».

Иран.
Иран.


Ушул тапта оору Пакистанда, Индияда жана Латын Америкасында, айрыкча Бразилияда кеңирип жайылып жатат. Буга карабай Рио-де-Жанейродо пляждарга жык-жыйма адамдар чогулду. Оорунун очогуна айланган бул өлкөдө өпкөнү сезгенткен вирустан ажал тапкандар 51 миң бейтаптан ашты.

Бир катар мамлекеттер өз экономикасын батырак калыбына келтирүү максатында санитардык талаптарды сактоо шарты менен карантин чараларын жумшартууну улантууда.

Кытай бийлиги Бээжиндеги тамак-аш сатылган ири базарда оорунун жаңы очогу катталгандан бери коронавируска каршы чараларын күчөтүп жатат. Дүйшөмбүдө баш калаада айрым чектөөлөр кайрадан киргизилди жана жарандардан жапырт тест алынып жатат.

Дүйнө жүзү боюнча өпкөнү сезгенткен вируска кабылгандар тогуз миллион адамдан ашты. Бул илдет 471 миңден көп бейтаптын өмүрүн кыйды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG