Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Курал соодасын тартипке салган келишим күчүнө кирди


Буга чейин Украинадагы жикчилдерге Орусия курал жөнөтүп жатканы айтылып келген. Украина. Донецк. 8-ноябрь, 2014-жыл.

Буга чейин Украинадагы жикчилдерге Орусия курал жөнөтүп жатканы айтылып келген. Украина. Донецк. 8-ноябрь, 2014-жыл.

Аскердик курал-жаракты тыш өлкөлөргө сатууну бир эрежеге салчу эл аралык келишим 24-декабрда күчүнө кирди. Келишимге бүгүнгө чейин 130 мамлекет кол койду.

Бирок маанилүү документти азырынча алтымыш өлкө гана ратификациялады. Келишим аскерий куралдардын уюшкан кылмыштуу топтордун, адам укугун кордоочулардын, террорчулардын жана согушчандардын колуна тийүүсүнө бөгөт коюуга тийиш.

Бул аскерий куралдарды өлкөдөн тыш жактарга сатууну тартипке салчу биринчи дүйнөлүк келишим. Эсептөөлөр боюнча, дүйнө өлкөлөрү жылына тышкы базарга 85 миллиард долларга курал-жарак сатат.

Курал сатуу боюнча эл аралык келишимди БУУнун Башкы Ассамблеясы 2013-жылы 3-апрелде жактырган. Бирок Иран, Түндүк Корея жана Сирия каршы чыккан. Орусия жана Кытай баш болгон 23 өлкө добуш берүүгө катышкан эмес.

Келишим дүйнөлүк курал-жарак соодасындагы ачык-айкындыкты камсыздайт деген үмүт чоң. “Эң башкысы, бул куралдуу жаңжалдар жана зулумчулуктар болуп жаткан аймактарга курал-жарактын өтүүсүн токтотуп, адамдардын азабына жол бербөө боюнча биздин коллективдүү жоопкерчилигибизди күбөлөйт” деп айтылат БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун 23-декабрда жасаган билдирүүдө. Ал бардык өлкөлөрдү келишимге маалкатпай кошулууга чакырды.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Зейд Раад ал-Хусейн келишимди курал-жарактардын адамдарга мыкаачылык жана башка калаймандарды жасачулардын колуна түшүүсүнө чек коюучу документ болот деп ишенет.

Эми конвенциянын катышуучулары 90 күн арасында аскерий куралдарды сатуунун бирдиктүү эрежесин иштеп чыгуусу абзел. Андай куралдардын ичине тапанча, автомат, гранатадан тартып, БТР, танк, тик учар, истребитель, ракетага чейин кирет.

Курал сатуу боюнча эл аралык келишимди ратификациялаган 60 мамлекеттин ичинде Британия, Германия, Франция да бар. Аталган үч өлкө дүйнөдөгү ири курал экспорттоочуларга кирет. Кошмо Штаттар жана Израил келишимге кол койгону менен алиге ратификациялай элек. Бул тизмеде куралды көп өндүрчү Орусия, Кытай, Индия, Пакистан сыяктуу өлкөлөр да бар.

Чоң өндүрүшчүлөр менен экспортерлер келишимди ратификацияламайын, анын үзүрлүү иштеп кетерине талдоочулар көп ишенишпейт. Буга байланыштуу былтыр мартта жогорудагы келишим али БУУнун Башкы Ассамблеясында бекитиле электе айрым эксперттер “Азаттык” радиосу менен бөлүшкөн ойлорду эске салып койгон ашыкча болбос.

- Кошмо Штаттар анын бир бөлүгү болмоюн, ал эффективдүү иштебейт, –деген эле Нью-Йорктогу белгилүү Centry Foundation борборунун БУУ боюнча эксперти Жеффри Лоренти.

Ал эми москвалык аскерий талдоочу Александр Гольц мындай пикирин билдирген:

- Чынын айтканда, бул келишимдин кандайдыр бир ийгиликке жетиши мүмкүн деген сөзгө өтө эле ишеним аз. Орусиянын, ошондой эле Кытайдын позициясы айкын. Алар “Жеңил куралдар бизге көңүл толорлук акча беришпейт” дешет.

Эл аралык мунапыс уюмунун ырасташынча, аскерий куралдардын соодасында бирдиктүү эл аралык стандарт жок болгонуна байланыштуу жылына 500 миң адам өлөт, миллиондогон адамдар жарадар болот, зордукталат жана там-жайын таштап кетүүгө мажбурланат.

XS
SM
MD
LG