Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

IIДС сабагы: Карапайым жоокердин тагдыры – улук


Ала-тоолук согуш ардагерлери. Бишкек. 09.05.2016.
Ала-тоолук согуш ардагерлери. Бишкек. 09.05.2016.

Экинчи дүйнөлүк согуш миллиондогон кишилердин, анын ичинде канчалаган карапайым жоокерлердин өмүрүн алды, далайынын кийинки тагдырына балта чапты. Анын сабагын пост-коммунисттик өлкөлөрдө жаңыча таразалашууда.

Пост-советтик Орусиядагы жаңы көркөм чыгармалар, көркөм тасмалар жана даректүү филмдер Экинчи дүйнөлүк согуштун (кыскача IIДС) тарыхына кыйла жаңы көз караш менен талдоого огожо болууда. Мурдагы коммунисттик цензура жокко чыгарылган менен, дагы эле табу сакталган темалар бар.

Жеке диктатордун керт башына сыйынууга каршы 1953-жылдан кийинки расмий аракеттер көп улуттуу совет жазуучуларына да карапайым жоокерлердин тагдырын чоңойтуучу айнек менен дааналап көрсөтүү мүмкүндүгүн ачты.

Михаил Шолоховдун (1905-1984) “Адамдын тагдыры” аңгемеси (1956-жылдын соңу), Узакбай Абдукаимовдун (1909-1963) “Майдан” романы (1-китеби 1961-жылы жарык көргөн) советтик цензурага ылайыкталган, бирок карапайым жоокердин турмушун өзгөчө реалдуу чагылдырган чыгармалардан эле.

Нобел сыйлыгынын ээси, жазуучу Александр Солженицын. 21.07.1994.
Нобел сыйлыгынын ээси, жазуучу Александр Солженицын. 21.07.1994.

Ал эми Александр Солженицындын (1918-2008) ГУЛагда азап тарткан Иван Денисович Шухов деген карапайым жоокердин абактагы бир күнү сыпатталган айтылуу «Щ-854» аңгемеси сталиндик режимди сындыруу жүрүмүн баштаган Н.С.Хрущевдун колдоосу менен 1962-жылы 18-ноябрда «Новый мир» журналынын № 11 санында “Иван Денисовичтин бир күнү” повести катары жарык көргөн.

Бул чыгармада ак жеринен сталиндик жазалоочу машиненин кылтагына илинген миллиондогон карапайым совет жоокерлеринин абактагы тагдыры тууралуу тема совет адабиятында алгачкы жолу ачык чагылдырылган. Кийинчерээк, Н.С.Хрущевдун кызматтан алынышынан кийин, советтик цензорлор Солженицындын бул чыгармасына кастарын тигишкен, алиги журналдагы “Иван Денисовичтин бир күнү” повестин камтыган беттер өлкөдөгү китепканаларда тымызын түрдө жок кылынган, ал эми 1974-жылдан тартып СССРде бул эмгекке ачык тыюу салынган.

Эми, пост-советтик орус жазуучулары, иликтөөчүлөрү жана киночулары мурдагы идеологиялык цензурадан кыйла эркин болуп, советтик жоокерлердин IIДС маалындагы жана андан кийинки ар кыл тагдырларын ачык чагылдырууда. Маселен, жазуучу Анатолий Азольскийдин (1930—2008) «Диверсант» романынын (2002) негизинде тартылган сериалда ар кыл себептер менен ГУЛагга камалган жоокерлер, алар баштан кечирген адилетсиздиктер жөнүндө таасирдүү эпизоддор бар. Мындай эпизоддорду совет доорундагы тасмалардан жолуктурууга дээрлик мүмкүн эмес эле.

Киного же китепке турмуштун бардыгын батыра албайсыз.

1990-жылдан тартып мурдагы СССРде жана пост-советтик өлкөлөрдүн коомунда IIДС тууралуу улам жаңы маалыматтар ачыктала баштады. Маселен, бул согушка мурдагы СССР иш жүзүндө 1941-жылы июнда эмес, Молотов-Риббентропп келишиминин жащыруун бөлүгүнүн негизинде 1939-жылы сентябрда эле катыша баштагандыгы ачыкталды.

Катын эскерүү жайы, Смоленск.
Катын эскерүү жайы, Смоленск.

Ал эми поляк офицерлери менен айрым советтик атуулдардын СССРдин Ички иштер эл комиссариатынын чекисттери тарабынан 1940-жылы жазында Катынь жергесинде жана башка жайларда кыргынга учуратылышы пост-советтик орусиялык архив маалыматтары аркылуу биротоло тастыкталды.

Мурдагы согуш ардагерлери Улуу атамекендик согуштун алгачкы баскычында “беш жоокерге бир мылтык берип, кан майданга айдаган” учурларды ачык айтууга үлгүрүштү (согуш ардагери, ыраматылык Солтонбек Шаршенов аксакал бул жагдай тууралуу көп айтаар эле).

И.Сталин жетектеген советтик диктатуралык бийлик 1929-жылы 27-июлда Женевада кол коюлган “Туткундарга карата мамиле боюнча Женева конвенциясына” кол койбой койгон, ошол себептүү нацисттик Германия IIДС маалындагы советтик туткундарга карата ачыктан ачык ырайымсыз мамиле жасаган.

Жеңишке бардык арга менен жетишүү ураанынын айынан айрым советтик колбашчылар биринчи орунга өз жоокерлеринин аман-эсендиги маселесин койбостон, өтө көп сандагы курмандыктарга кайыл боло, салгылашууда иши кылып жеңип чыгуу мүдөөсүн койгон. Бул фактылар да согуш өнөрүнүн тарыхында ачык жазылууда.

Сталиндик режим бүтүндөй улуттардын өкүлдөрүн жазыксыз жерден куугунтукка алып, атажуртунан чоочун аймактарга товардык поюздарга шыкап массалык түрдө депортациялаган учурлар да IIДС тарыхынын кандуу барактарын түзүп калды. Бул жазыксыз жерден куугунтукталган элдердин да нечендеген кулундары фашисттик баскынчыларга каршы күрөштө эрдик көрсөтүшкөн.

Маселен, Брест чебин коргоодо каармандык көрсөткөн немис тектүү старшина Вячеслав Эдуардович Мейер фашисттер таштаган баракчалардын сыртына чочконун сүрөтүн тартып, “Биздин советтик бакчабызда фашисттик чочко үчүн орун жок!” деп немисче жазып, таркаткан. Ал фашисттердин кезектеги чабуулу маалында жарадар жоокерге көмөк көрсөтүп жатып окко учкан.

Рихард Зоргенин эстелиги. Бакы ш. 22.05.2008.
Рихард Зоргенин эстелиги. Бакы ш. 22.05.2008.

Советтик чалгынчы, немис тектүү Рихард Зорге (немисче Richard Sorge, жашыруун ысымдары Рамзай, «Инсон»; 1895 — 07.11.1944) өлгөндөн кийин, 1964-жылы, Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.

Кыргызстандагы немис диаспорасынын да өкүлдөрү согушта каармандык көрсөткөн фактылар арбын. Алардын айрымдарынын каармандык үчүн сыйлыктары немис тегинен болгону үчүн гана жазыксыз жерден жокко чыгарылган учурлар да болгон.

1944-жылга чейин көз каранды эмес мамлекет болгон Тыванын жигиттери да фашисттерге каршы согушка катышкан. Тыва тектүү танкчы Чургуй-оол Намгаевич Хомушку (1918—1978) — улуу уруш маалында (1945-жылы) Советтер Союзунун Баатыры наамын алган жалгыз тыва болгон.

“Социализм жеңген сайын тап күрөшү курчуй берет” деген сталиндик жобонун дагы бир туундусу – мурдагы эзүүчү таптардын өкүлдөрүнүн урпактары делген советтик эркектердин жүз миңдеген өкүлдөрүнүн “эмгек майданы” (“эмгек армиясы”, “жумушчу батальондор” деп да аталган) аттуу абактык кырдаалдагы ишканаларга айдалышы болгон. Мындай жайларга туш келгендер иш жүзүндө өз жакындарына кат жазуу жана башка атуулдук укуктарынан ажыратылган.

Бухенвалд (Buchenwald) концлагери. 1945.
Бухенвалд (Buchenwald) концлагери. 1945.

Фашисттерге туткунга түшкөн совет жоокерлери каармандык көрсөтүүсүн абакта да ар кыл түрдө улантышкан. Маселен, бокс боюнча Өзбекстандын чемпиону Андрей Борзенко Бухенвалд концлагеринде Германиянын жана Австриянын мурдагы чемпиондору менен беттешип, аларды нокаутка кетирип, туткун жоокерлердин рухун көтөргөн.

Жүз миңдеген советтик туткундар нацисттик абактарда ар кыл көтөрүлүштөрдү чыгарып, айоосуз жазаланып турган. Алардын бир катары концлагерлерден жана башка сүргүн жайлардан качып чыгып, Батыш Европада, Балканда ар кыл партизандык кыймылдарга катышкан. Маселен, бир гана Францияны алсак, бул өлкөнүн нацисттер басып алган аймактарында 1944-жылдын жазында 35 советтик партизандык кошуун аракет кылган. Советтик атуулдардын партизандык жана башка каршылык көрсөтүү иш-аракетин 1943-жылдын 15-октябрынан тартып Франциядагы совет туткундарынын Борбордук комитети деген уюм жетектеп турган.

Пост-советтик тарыхчылар тапкандай, Борбордук Азиядан урушка барып, туткундалган көптөгөн кишилер дагы Европадагы каршылык көрсөтүү кыймылдарына катышкан.

Француз каршылык көрсөтүү кыймылына катышкандардын бири – кыргыз Кудайберген Кожомбердиев (1960-жылдан – Азамат Алтай) болгон. Тулуза шаарынын чет жакасындагы партизандык күрөшкө казактардан Абу Молдагалиев, Шамил Хасанович Хусаинов ж.б. катышкан.

Ал эми жамбулдук Салтынбек Тулешев, кызыл-ордолук Омар Тойимбетов поляк партизандарынын катарында салгылашкан. Словакияда казакстандык Петр Величко жетектеген партизандык кошуун аракет кылган.

Югославия аймагындагы партизандык кыймылга да орус, кыргыз, казак, өзбек ж.б. жоокерлер катышып, фашисттерге каршы айыгыша согушкан (арасында көкчөтоолук Телжан Желкожинов, ак-төбөлүк Арык Эсентаев ж.б. болгон). Кыргыз Абдыракман Алиев да Югославиядагы партизандык кыймылга катышкан. Ал эми Сайлихан Файзиев жетектеген 28 өзбек жоокери Болгар партизандык кошуунунун курамында Болгарияда жана Югославияда фашисттерге каршы уруштарда эрдик көрсөтүшкөн.

Германдык концлагерлерде тымызын түзүлгөн топтордун бири татар акыны Муса Жалил (1906-1944) тарабынан жетектелген. Ал топко борбордук азиялык Фуат Сайфулмулюков, Гариф Шабаев, Гали Курбанов, Фарит Султанбеков, Гариф Фахрутдинов жана Рушад Хисамутдинов ж.б. кошулган.

Бирок согуш аяктаган соң атажуртуна кайтып келген мурдагы европалык партизандык кыймылдардын катышуучуларынын көбү жазыксыз жерден “чыккынчы” катары ГУЛагга айдалган же атууга өкүм кылынган.

Айрым каарман жоокерлерге жогорку мамлекеттик сыйлыктар учурунда берилбей калган фактылар да кийинчерээк тастыкталды. Кыргыз учкучу Исмаилбек Таранчиев (1923—1944) татыктуу болгон “Советтер Союзунун Баатыры” наамы ал өлгөндөн кийин 47 жылдан соң, 1991-жылы гана ыйгарылган. (И.Таранчиевдин эрдигинин жогорку наам менен бааланышы үчүн тарыхчы Назарбек Түнтеев сыяктуу ала-тоолук илимпоздор да зор салым кошкону маалым).

Ал эми Ровно шаарын нацисттерден бошотууда эрдик көрсөткөн тывалык атчан жоокерлерди башкарган каарман капитан Түлүш Балданович Кечил-оол (1914—10.06.1945) мырзага Советтер Союзунун Баатыры наамы 1990-жылы 5-майда (өлгөндөн кийин) ыйгарылган.

Айтылуу Муса Жалил Советтер Биримдигинде оболу “чыккынчы” катары каралган, себеби ал нацисттик туткунда жүргөндө “Эдил-Урал” (татарча “Идел-Урал”) деп аталып, фашисттерге көмөк кылуу мүдөөсүндө уюшулган аскер тобуна кошулган. Бул топто жүрүп ал далай татар, башкыр ж.б. туткундардын нацисттик тордон уюшкандыкта качып чыгуусун багыттаган. Анын Моабит абагындагы ырларынын айрымдары сакталып калып, 1946-жылдан тартып СССРге жеткирилип, татарчадан орусчага жана башка тилдерге которулган. Константин Симонов сыяктуу залкар инсандар Муса Жалилди актоого зор салым кошуп, акыры 1956-жылы Муса Жалилге өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Кыргыз тарыхчысы Нарынбек Алымкуловдун айтымында, Батышта каршылык көрсөтүү кыймылдарына катышкан кыргыз жоокерлеринин тагдырын изилдөө, ошондой эле, “эмгек майданына” жиберилип, андан кайткан же кайтпай калган инсандардын ысымдарын ачыктоо иши Кыргызстанда, коңшу өлкөлөрдөн айырмаланып, алигиче дурус жолго коюла элек.

Бул сыяктуу жагдайларды ачык жазуу же талкуу кылуу далаалаты мындан чейрек кылымдай илгери советтик идеология менен чүмбөттөлгөн жалган патриотчулуктун айынан өтө олуттуу каршылыкты туудураар эле.

Эми, IIДС аяктагандан бери 72 жылдын жүзү болду. Азыркы муундар бул алааматтуу согуштун кесепеттери жана сабактары тууралуу өтө калыс маалымат алуу бактысына ээ болду десек жаңылышпаспыз.

1945-жылдан бери ар кандай дүйнөлүк, аймактык, атуулдук согуштарды терең айыптаган канчалаган жаңы чыгармалар жарык көрдү.

Белгисиз жоокердин эстелиги. Александр багы, Кремлдин ыптасы.
Белгисиз жоокердин эстелиги. Александр багы, Кремлдин ыптасы.

Эгерде алааматтуу согуш маалында ар бир генералдын же маршалдын өмүрү карапайым жоокерлердин өмүрүнөн бийик коюлган болсо, согуш аяктагандан 72 жылдан кийинки жаңы түшүнүккө караганда, карапайым жоокердин өмүрү генералдыкынан кем эмес саналат (албетте, колбашчынын таланты жана кесипкөйлүк айлакерлиги миңдеген жоокердин өмүрүн сактаган жана мамлекеттин жеңишин камсыз кылган кубат экендиги талашсыз).

Карапайым жоокердин, чалгынчынын, партизандын жана ооруктагы эмгекчинин эрдигисиз жана жеке салымысыз эч бир генерал же башка колбашчы, эч бир мамлекет нацисттик Германияны жана анын коштондуларын жеңе алмак эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG