Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Украин кыргыздары: Эл четинде, жоо бетинде


1908-жылы туулган Жолой Ишаевдин Жумушчу дыйкан Кызыл армиясынын катарына 1940-жылы чакырылганын тастыктаган чарбалык китептеги 1944-жылкы жазуу. Украина.

1908-жылы туулган Жолой Ишаевдин Жумушчу дыйкан Кызыл армиясынын катарына 1940-жылы чакырылганын тастыктаган чарбалык китептеги 1944-жылкы жазуу. Украина.

Cовет өкмөтү кулакка тартылып, бөтөн жакка “спецпереселенец” деп айдалгандарды Кызыл Армиянын катарында кызмат кылганга татыксыз деп эсептеген.

1932-жылы 4-апрелде СССР Эл комиссарлар совети – Совнаркомдун төрагасы Молотов кол койгон токтомдо жергиликтүү бийликтерге: “Аскер курагындагы "спецпереселенцтер" армияга, анын ичинде корукта аскерий кызматка чакырылбасын” деген көрсөтмө берилген.

Бул категорияга кулакка тартылган адамдар, алардын бала-чакалары да кирген. Андай адамдар добуш берүү укугун жоготкон жана аларга паспорт берилген эмес. Айдалып барып, жашап калган жеринен башка жакка чыкканга укуксуз болгон. Ошондой эле кулактар өздөрү жана балдары Жумушчу дыйкан кызыл армиясы, РККАнын катарына чакырылбаган, аскердик кызматка алынбаган.

Бирок кээ бир аскер округдары кулактардын балдарын 1939-жылдан баштап эле армияга чакыра баштаган. Буга Сокулуктун Күн-Туу айылынан башка кыргызстандыктар менен кошо Украинага сүргүнгө айдалган тегирменчи Коробовдун үй-бүлөсүнүн тагдыры далил.

Азыр Херсон шаарында жашаган илимпоз-социолог, “кулактын” небереси Владимир Кузьмич Коробов мындай дейт:

- Атам 1939-жылы Скадовский райондук аскер комиссариатына чакырылат. Ал жерден бардык түштүктүктөр Фин фронтуна согушка жөнөтүлөт. Атам Фин фронтунда, андан кийин Германия фронтунда согушуп жүрүп туткунга түшөт. Туткунда жүргөндө адегенде Польшанын Белый Подляск деген жеринде лагерде отурат. Канча жыл туткунда отурганын билбейм. Аны туткундан америкалыктар бошотот. Атамдын Батышта калуу мүмкүнчүлүгү болуптур. Бирок ал Советтер Союзун тандап алат.

Бул жерде апасы жана эки бир тууганы менен ушул эле Скадовский районуна сүргүнгө айдалган Асанкан Жумакматовдун тагдырына кайрыла кеткен жөндүү. Асанкандын атасы Жумакмат Чаловду кеңеш бийлиги 1928-жылы Сибирге сүргүнгө айдап, кийинки тагдыры белгисиз. Жумакматтын ортончу уулу Намасхан 1939-жылы армияга чакырылып, эки жылдан кийин майданда курман болот. Улуу уулу Муратхан да 1943-жылы Украинаны бошотуп жүрүп, окко учат. Ал эми кичүү уулу Асанкан 1941-жылы согушта өз ыктыяры менен кетет.

Виноградово(Чалбасы) кыштагынын ортосу. Херсон облусу, 3-апрель 2013

Виноградово(Чалбасы) кыштагынын ортосу. Херсон облусу, 3-апрель 2013

​Ал эми Чалбасыда калган кыргыздар да өлкө башына мүшкүл түшкөндө аны жоодон коргоп, кан төккөн деп эскерет Виноградово кыштагынын тургуну, 89 жаштагы Федор Николаевич Никишенко: “Алар армияга да барышты, курман да болушту”.

Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, 1937-жылкы эл каттоодо Сталиндик коллективизация саясаты алып келген ачкачылыктар жана эл душмандары деп адамдарды боо-боо кылып кыруулардын кесепетинен, элдин саны болжолдонгондон бери дегенде сегиз миллионго аз чыгып, натыйжада армияны толуктаганга аскер курагындагы эр-азаматтар жетпей калат. Андан тышкары фашисттик Германиянын Польшаны басып алып, СССРдин батыш чек арасына чукул келиши Совет өкмөтүн маңдайына "эл душмандары" деген мөөр басылган үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүн Кызыл армияга чакырганга аргасыз кылат.


Экинчи Дүйнөлүк согуш башталгандан алты айдан кийин же 1940-жылдын 27-февралында СССРдин Коргоо комиссариаты аскерий округдарга кат жолдоп, “Эмгек поселокторундагы аскерге чакыруу курагындагы жаштар (эгер алар эч бир жаман иш жасабаса) катоого алынып, Кызыл армияга эл комиссарынын көрсөтмөсү боюнча чакырылсын" деп буйрук чыгат. Мына ошондон тарта эл душмандары деп соттолгон жана сүргүнгө айдалган кулактар, алардын балдары аскер курагына жетер замат жумушчу-дыйкан кызыл армиясына чакырыла баштайт.

Виноградово (Чалбасы) кыштак өкмөтүндө сакталып калган 1944 -1946 - каттоо китебинде 1943-44-жылдары гана армияга чакырылып, уруш майданына жүрүп кеткен кыргызстандыктар булар:

Жданова Елена 1922, Жданов Леонид 1921.

Алымкулов Сансызбай, 1905, РККА – 1943

Аликанова Рысбүбү, 1924, РККА – 1943

Байзаков Баялы, 1910, РККА – 1943

Бердо Борис, 1926, РККА – 6.07.1943

Беспалченко Саша, 1924, РККА – 22.06. 1943

Гадюкин Николай, 1906, РККА – 1941

Жиданов Андрей, 1915, согушта алган жараатынан 1944-жылы 21-ноябрда көз жумган.

Жданов Николай, 1924, РККА – 1944
Жданов Виктор, 1926, РККА – 1944
Жданова Елена 1922, Жданов Леонид 1921.

Жиданов Иван, 1921, РККА – 1942
Жиданов Михаил, 1923, РККА – 1943
Жиданов Петр, 1925, РККА – 1944

Зайнидинов Ильяс, 1910, РККА
Зайнидинов Арун, 1920, РККА

Иманкулов Асанкан, 1914, РККА

Ишаев Жолой, 1908, РККА - 20.08. 1940

Мох Василий, 1924, РККА – 6. 06. 1942

Колесников Дмитрий, 1914, РККА- 6.08. 1942

Омельченко Владимир, 1924, РККА – 1942. 20-февраль

Омельченко Василий, 1908, РККА – 1942. 20-июнь

Омурзаков Билалы, 1923, РККА – 1943

Ормонкулов Уридин, 1900, РККФ

Урбаев Уркалый, 1915, РККА

Уркунбаев Касымалы, 1900, РККА – 1943

Чойбеков Бейшеке, 1924, РККА – 1943

Чынкожоев Касымбек, 1913, РККА 13.03. 1942

Кыргызстандык кулактын небереси Владимир Кузьмич Коробов. 5-апрельl 2013

Кыргызстандык кулактын небереси Владимир Кузьмич Коробов. 5-апрельl 2013

Совет өкмөтү фашисттик туткунда болгон башка советтик жарандар сыяктуу эле Кузьма Коробовду кайрадан абакка кесет. Ал советтик лагерде өткөргөн жылдары жөнүндө үй-бүлөсүндө эстегенди жаман көрчү экен.

"Ал туткундан кийин түз эле үйгө келбеди,- деп улантты В. Коробов. - Ал лагерде отуруп чыкты. Лагерде жазмачы болуп жүрөт. Ошон үчүн мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкса керек деп ойлом. Атам анан да согушта алган сыйлыктарын калыбына келтире алганы чоң жардам берген деп ойлойм. Абактан келгенден кийин кыштакта мугалим, мектептин директору болуп иштеп жүрүп, Ленин ордени менен сыйланды. Ал партиянын мүчөсү эмес болчу. Анан Кызыл Жылдыз орденин алганы ага көп жардам берди".

Кузьма Коробов фашисттик Германияда туткунда болуп, мекенине кайтарылбай жатып, советтик лагерге айдалса, анын бир тууганы Николай Коробов кан майданды кечип, Германияга чейин жетет:

- Николай Артемович - менин аталаш агам, дядя Коля дагы Сергеевкадагы “спецпоселениеде” чоңойгон. Ал Новая Маячкадагы балдар үйүндө, кыргыз балдар менен кошо тарбияланган. Николай Артемович армияга чакырылып, Германияга чейин от кечип барган жана Германиядагы советтик аскерлердин курамында калган. Ал полктун командиринин техникалык жактан орун басарына чейин көтөрүлгөн. Аскерден пенсияга чыккандан кийин Житомир облусунун Бердычев шаарында заводдо транспорт кызматын жетектеди. Азыр 85 жашта.

Теги Кыргызстандан экенин дайыма сыймыктана айтып жүргөн илим кандидаты Владимир Кузьмич Коробов, Херсон улуттук техникалык университетинин доценти. Философия жана социология кафедрасынын башчысы.

Педагог-социолог чоң атасынын кулакка тартылганы анын балдарынын тагдырына түрдүүчө таасир эткенин айтат:

- Эгер менин тагдырым кесиптик жөндөмүмө, жеке сапатыма карап чечилсе, менин жашоо жолум бөлөкчө болмок деп ойлойм. Бул сөз мага гана тиешелүү эмес, чынбы? 1981-жылы мага Бүткүл Союздук Лениндик коммунисттик жаштар союзу - ВЛКСМдин Борбордук Комитетинен кызмат сунуш кылышты. Мен эми Москвада иштейм деген ишенимде элем. Саясий жүйөдөн улам мени албай коюшту. Себебин түшүндүрбөй, жөн гана ийин куушуруп коюшту. Мен каны-жаным боюнча толук советтик адам болсом да, мени "саясий жактан ишенимсиз" деп, Борбордук комитетке албай коюшту деп ойлойм. Мен эч кимди жек көрчү эмесмин. Кимдир бирөөдөн өч алуу ниетим да жок эле. Эч кимди күнөөлөгөн эмесмин. Совет өкмөтүнөн миллиондогон адамдар жапа чеккенин билчүмүн. Тагдыр ар түрдүү болот экен.

Кыргызстандык Кузьма Коробовдун эки уулунун эки башка тагдыры. Сталин “баласы атасы үчүн жооп бербейт” дегени менен, мындай түшүнүк коомго терең тамырлап кеткенине Владимир Кузьмичтин өмүрү бир ибарат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG