Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Саудия Йеменде аскердик операция баштады


Авиасоккудан аман калган йемендиктер. Сана. 26-март, 2015-жыл.
Авиасоккудан аман калган йемендиктер. Сана. 26-март, 2015-жыл.

26-мартта Сауд Арабия башындагы араб өлкөлөрү Йемендеги хусит кыймылына каршы аскер операциясын баштады. Эр-Рияд операциянын максаты Йемендин мыйзамдуу өкмөтүн кулатпай сактап калуу экенин билдирди.

Иран шиит козголоңчуларына каршы согуш Йемендеги чатакты сүйлөшүү аркылуу токтотуу мүмкүндүгүн жокко чыгарып, чөлкөмдөгү абалды дагы оорлоторун эскертти.

Сауд Арабия жана Перс булуңундагы союздаштары Йемендеги хусит козголоңчуларына абадан сокку урууга киришти. Сауд Арабия башындагы операцияга Бириккен Араб Эмираты, Кувейт, Катар жана Бахрейндин да куралдуу күчтөрү катышууда. Шиит кыймылына каршы операция жергиликтүү убакыт боюнча түн ортосунда башталды деп маалымдады 25-мартта падышалыктын Вашингтондогу элчиси Абдел ал-Жубейр.

- Бул чечимди кабыл алуу жеңил болгон жок. Бул чечим терең ойлонулду. Биз союздаштарыбыз жана дүйнөдөгү өнөктөштөрүбүз, айрыкча, Кошмо Штаттар менен өтө жигердүү масилет курдук.

Абдел ал-Жубейр.
Абдел ал-Жубейр.

​Бул кабарды Ак үй тастыктап, президент Обама коалицияга логистикалык жана чалгындоо жагынан көмөктөшүүнү буйруганын билдирди.

Йемендеги саясый кризис январда 100 миң кол хусит тобу Сананы басып алып, президент Абу Раббу Мансур Хадини бийликтен кууганда башталган. Ал өлкө түштүгүнө качып, Аденди Йемендин убактылуу байтакты деп жарыялаган. Шейшемби күнү адаватчылар Аденден 60 чакырым түштүктөгү аскер базасын басып алып, экинчи борборду авиаучактардан бомбалай баштаган эле.

Сауд Арабиянын АКШдагы элчиси Ал-Жубейрдин айтымында, Саудия менен союздаштардын максаты - Йемен элинин мыйзамдуу өкмөтүн ала салдырбай сактап калууну көздөйт:

- Биз Йемендин мыйзамдуу өкмөтүн кулатпоо жана тышкы ыктыярдуу топтордун коркунучунан коргоо үчүн зарыл бардык нерселерди жасайбыз. Азыр ыктыярдуу топтор баллистикалык ракеталарды, оор куралдарды жана авиакүчтөрдү көзөмөлдөп же көзөмөлдөбөй калчу жагдайда турабыз...

Эл аралык диний эркиндик тууралуу 2012-жылы АКШда жарыяланган докладга караганда, Йемен элинин 60-65% суннилер жана 35-40% шииттер. Эсептөөлөр боюнча, азыр Йемендин калкы 25 миллионду түзөт.

25-мартта Йемендин тышкы иштер министри Рияд Ясин Рейтер агенттигине курган маегинде Йемен өкмөтү Араб өлкөлөрүнө кайрылып, Иран колдогон хуситтерге каршы аскердик жактан көмөк сураганын айткан болчу:

Йемен. Сана. 26-март, 2015-жыл.
Йемен. Сана. 26-март, 2015-жыл.

- Араб Лигасынын баш катчысы Набил эл-Араби менен кездешүүдө Перс булуңундагы кызматташуу кеңешинин мүчөлөрүнөн жана башка Араб өлкөлөрүнөн түздөн-түз аскерий интервенцияга баруусун сурандык.

Саудиянын маалымат булактарынын кабарлашынча, падышалыктан гана операцияга 100 согуштук учак, 150 миң жоокер жана согуштук кемелер тартылган.

Иордания жана Египет Сауд Арабия башындагы коалицияны колдоду. Пакистан Сауд Арабиянын операцияга катышуу суранычын карап жатканын билдирди.

Иран жетекчилиги Сауд Арабия жетектеген коалициянын Йемендеги шиит эрегишчи тобуна каршы согуш ачканын “коркунучтуу кадам” деп мүнөздөдү. Аскерий аракеттер “кырдаалды дагы татаалдаштырат” жана Йемендеги жаңжалды “тынчтык жолу менен жөндөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат” деп билдирди Ирандын Тышкы иштер министрлиги.

Хусит кыймылынын жетекчилеринин бири Сауд Арабиянын абадан чабуулун Йеменге каршы баскынчылык деп атап, Эр-Риядды чөлкөмдө “согуш отун жакканды” токтотууга үндөдү.

Кагылышуулар жүрүп жаткан Йеменде болжол менен 50гө жетпеген кыргыз жарандары бар. Алардын көбү ошол жакта иштеген медицина кызматкерлери. Йеменде жети жылдан бери жашаган хирург Нурбек Исраилов буларды айтып берди:

Йеменде кыргыз дарыгерлер аман-эсен
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG