Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Маэстро Темирканов: Адам бойдон калгым келди


Юрий Темирканов маалымат жыйынында. Прага, 15-май, 2015.

Юрий Темирканов маалымат жыйынында. Прага, 15-май, 2015.

16-17-май күндөрү Прагада дүйнөгө белгилүү Санкт-Петербург мамлекеттик филармониясынын Академиялык симфониялык оркестри концерт берди.

Заманыбыздын чыгаан дирижерлорунун бири Юрий Темирканов башындагы оркестр 20 кылымдын албан композиторлорунун тобуна кирген Дмитрий Шостаковичтин атактуу “Ленинград” симфониясын жана башка чыгармаларын ойношту.

“Вашингтон пост” гезитинин жазышынча, Санкт-Петербург мамлекеттик филармониясынын Академиялык симфониялык оркестри Орусиянын улуттук дөөлөтү болсо, Юрий Темирканов дүйнөдөгү мыкты дирижерлордун бири. Маэстронун музыка ааламынын лөктөрүнүн көңүлүн өзүнө бурганына келерки жылы жарым кылым болот. Теги кабардин Темиркановду Прагада жакшы билишет. Ал алгач Ленинград опера жана балет театрынын 320 адамдык жамаатын 1984-жылы Прагадагы фестивалга алып келсе, кийин эки жолу Падышалык Лондон симфониялык оркестрин жетектеп келген. "Бул жолу симфониялык оркестр Прагага Германиядан келди" деп баштады маэстро 15-майда “Интерконтиненталь” конок үйүндөгү маалымат жыйынын:

- Биз кечээ Кельнде, андан мурда Берлинде концерт бердик. Оркестр ойногон Германиянын башка шаарлары эсимде жок. Праганы биз аябай жакшы көрөбүз. Ошон үчүн Прагага келгенибизге сүйүнүп жатабыз. Тарыхый жактан алганда, Прага Европанын музыкалык борборлорунун бири. Ошон үчүн мен бир аз толкундап турам. Башка эч нерсе айта албайм. Себеби, эмне айтканды билбейм.

Дмитрий Шостакович. Москва. 1-апрель 1961

Дмитрий Шостакович. Москва. 1-апрель 1961

Юрий Темиркановдун айтымында, оркестр Германияда немис композиторлору, романтизм доорунун көрүнүктүү өкүлү Иоганнес Брамстын жана “классикалык Вена мектебинин” өкүлү Людвиг ван Бетховендин чыгармаларын аткарган.

- Брамстын скрипка үчүн жазылган концертин ойнодук. Татынакай скрипач Юлия Фишердин коштоосунда. Татынакай. Биринчиден, Юлия Фишер таң каларлык керемет скрипач. Экинчиден, ал аябай сулуу аял. Биз Германияда Бетховендин Үчүнчү симфониясын да ойнодук. Мен Германияда немис музыкасын ойногонду кааладым. Себеби, Германияга барган орусиялык оркестрлер жалаң орус музыкасын ойношот. Немистер ошон үчүн бизди башка эч нерсе ойной албайт деп ойлошот.

Дмитрий Шостаковичтин 7-симфониясынын (“Ленинградская” до мажор) 16-майда прагалык музыка сүйүүчүлөргө сунуш этүү себебин дирижер мындайча түшүндүрдү:

- Дмитрий Шостаковичтин көпчүлүк эмгектери биринчи жолу Санкт-Петербург филармониясында ойнолгон. Ошондуктан, биздин филармония - Шостаковичтин филармониясы деп аталат. Биз ошон үчүн 7-симфонияны Прагада ойногонубузга абдан бактылуубуз. Анын үстүнө азыр согуштун бүткөнүнүн 70 жылдыгы белгиленүүдө. Ошон үчүн 7-симфонияны уккан жакшы болот.

Эки кем 80 жаштагы Темирканов үчүн Д. Шостакович Орусиянын акыркы ыйык адамы. Композитор Совет заманында дүйнөлүк атак-даңкка жеткени менен өмүрү өткөнчө совет бийлигинен коркуп жүргөнүн Юрий Темирканов өкүнө белгиледи:

- Менин оюмча, Д. Шостакович Орусиянын акыркы ыйык адамы болгон. Мен бул жашоодо жолдуу адам экенмин. Анткени Шостакович менен жакшы тааныш болгонума бактылуумун. Атүгүл менде анын мага жазган каты сакталуу жүрөт. Ал алган бардык запискаларына жана каттарына жооп берген 20 кылымдагы жападан жалгыз адам. Бул Шостакович жөнүндө өтө көп нерсени айтып турат. Азыр андайлар калбады. Жок. Белгилей кетчү бир нерсе: Шостакович совет бийлигинен абдан коркуп калган. Совет бийлиги баягы зулумчул, өктөм мүнөзүн жоготконуна карабай, Шостакович андан коркконун уланта берген жана өмүрүнүн аягына чейин совет өкмөтүнөн коркуп жүрүп өтүп кетти. Бул өкүнүчтүү.

Юрий Темиркановду британиялык таанымал музыка сынчысы Дэвид Найс Орусиянын улуу муундагы алп композиторлорунун акыркысы деп атаган. Анын жазышынча, Санкт-Петербургдун Академиялык симфониялык оркестрин Темиркановсуз, Темиркановду береги оркестрсиз элестетүү мүмкүн эмес. Себеби, маэстро жана оркестр бир чулудай ширелишкен. Ошон үчүн Темиркановдон кийин салтты ким улантат деген суроо туулат.

- Билесизби? Менин оюмча (пауза) жаш дирижерлердун баары улуу. Ошон үчүн мени алмаштырчу дирижерлер дайыма табылат. Атактуу Давид Ойстрах Америкада гастролдо жүргөндө болсо керек, ага: “Маэстро! Сиз, албетте, дүйнөдөгү номер биринчи скрипачсыз,” - деп айтышат. Ошондо ал: “Жок, жок! Мен экинчимин,”- деп жооп берет. “Ким биринчи?”- деп сурашканда, Давид Ойстрах: “Биринчилер абадан көп” деген. Ошон үчүн мени алмаштырчу дирижерлер табылат.

Давид Ойстрах жана Владимир Ямпольский

Давид Ойстрах жана Владимир Ямпольский

Дирижер совет заманында музыкага гана кызмат кылып, мансап үчүн өз принцибин, ыйманын саткан эмес. Кайра куруу жылдары Санкт-Петербургдагы Римский-Корсаков атындагы консерваторияда антисемиттик маанай күчөгөн кезде ал мындай жосунга ачыктан-ачык каршы чыгып, профессордук кызматынан баш тартат. Же өзү айткандай, “адам бойдон калууну” өйдө көрөт.

- Мени баатыр деп атап болбойт. Анткени, мен да советтик бийликтен коркчумун. Кандай гана бийлик болбосун, өз жүзүмдү сактап, адам бойдон калууга аракет кылдым. Менин оюмча, антисемитизм, улутчулдук адамзаттын эң жаман ой-жоромолу. Мындай жүйө менен Санкт-Петербург консерваториясынан биринчи Римский-Корсаков кеткен. Мен экинчи болдум. Кайрадан экинчи.

Юрий Темирканов менен интервью. 15-май 2015

Юрий Темирканов менен интервью. 15-май 2015

Маэстронун атасы Хату Темирканов 27 жашында Кабардино-Балкар педагогикалык институтунун ректору болуп дайындалат. Ата Мекендик согуш башталганда Кабардин-Балкар АССРинин маданият башкармалыгын жетектеп турган. Ал 1942-жылы партизандык отряддын комиссары болуп жүргөндө чыккынчы сатып коюп, фашисттердин колунан курман болот. Хату Темирканов ошондо 31 жашта болчу. Кичинекей Юраны жана үч бир тууганын жесир калган Блина Питуевна жалгыз чоңойтот.

- Өкүнүчтүүсү - апамдын көзү өтүп кетти. Апам биздин үй-бүлөбүз үчүн ыйык адам. Себеби, 29 жашында төрт баласы менен жалгыз калган. Ал мына ошол коркунучтуу жылдарда өзү жалгыз бизди чоңойтуп, тарбиялай алды.

Юрий Темиркановдун ысмы оркестрдин бийик сапатын, музыкалык чыгарманын салттуу интерпретациясын, аткаруучуларга болгон өтө жогорку талапты билдирет. Ошон үчүн Италиянын музыкалык сынчылар ассоциациясы эки мертебе ага Франко Аббьяти атындагы сыйлыгын ыйгарган. Андан көп бул сыйлыкка италиялык дирижер Клаудио Абадо гана арзыган. Француздардын “Монд” гезитинин жазышынча, “Юрий Темиркановдун дирижерлугу - биз үчүн өткөн кылымда жоголгон акыркы титандардын биринин дүйнөгө (деңизге) сыйкырдуу шумкуганына окшош”.

Устаттын айтымында, анын көркөм дүйнөсүнө баарынан көп улуу немис композитору, барокко доорунун чыгаан өкүлү Иоганн Себестьян Бах таасир эткен болушу мүмкүн: “Билбейм...Бах болсо керек...”

Ал музыкалык чыгармаларды барокко, классизм же заманбап музыка деп бөлбөйт. Эл сүйүп уккан бардык музыканы заманбап же бүгүнкү күндүн табитине ылайык деп билет:

- Заманбап деген түшүнүк деген жок деп ойлойм. Оркестр эмнени ойносо, публика ал чыгарманы укчу болсо, андай музыканын баары заманбап болот. Чыгарма бүгүн жазылганы үчүн эле заманбап болуп калбайт.

Юрий Темирканов сүрөт тартканды аябай жакшы көрөт. Ошон үчүн кокус дирижер болбой калсам, художник болмокмун деп айтканы бар маэстронун. Анын жакшы көргөн художниги британ живописчиси, романтикалык пейзаждын чебери Уильям Тёрнер (1775-1851).

Немес композитору И. С. Бах

Немес композитору И. С. Бах

Дирижер музыка дүйнөсүнө кошулганы эчендеген ысмы таш жарган таланттуу инсандар менен кездешкен. “Алардын ичинен кимди көп эстейсиз? Ким менен сүйлөшкөндү жакшы көрөсүз?” десем, 2007-жылы о дүйнө сапар салган виоленчилист жана пианист Мстислав Ростороповичти атады: “(Мага) баарынан да Мстислав Ростропович көп жетишпейт. Ал музыкант гана эмес улуу адам болчу.”

Ю. Темиркановдун музыкага кылган кызматы Орусиянын болгон мамлекеттик сыйлыктары менен бааланган. Май айынын ортосунда гана Япониянын экинчи маанилүү сыйлыгы - “Көтөрүлүп бараткан күн” ордени менен сыйланды. Бул дирижердин чет мамлекеттик биринчи ордени эмес. Ал АКШнын жана Европанын эң атактуу симфониялык оркестрлерин жетектеген, абройлуу эл аралык музыкалык фестивалдарда, дүйнөнүн эң мыкты концерттик залдарында жарым кылымдан бери дирижерлук кылып келет. Бирок акустикасы жана архитектурасы жагынан өзү 50 жылга чукул эмгектенген Санкт-Петербург мамлекеттик филармониясын дүйнөдөгү мыкты зал деп эсептейт: “Менин оюмча, эң жакшы, эң көркөм зал – бул Санкт-Петербург филармониясы. Бирок менин бул сөзүм туура дегенди билдирбейт.”

XS
SM
MD
LG