Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Баспай иштегендерге диабет жармашат


Иллюстрация
Иллюстрация

Кара чаар жылан олжосуна кол салганда башы кандай ылдам кыймылдаганы аныкталды. Адамдын ичегисиндей иштеген генетикалык ичеги жасалды. Улгайган курактагыларга ылайыкталган мотоцикл ээсин ээрчип жүрө берет. Такай отуруп иштеген адамдар ар 60 мүнөт сайын 5 мүнөттөй басып турганы ден соолугуна пайда экенин изилдөө көрсөттү.

Кара чаар жылан жетпеген кош аяк чычкан

Окумуштуу-биологдор кара чаар жыландар түркүмүндөгү Viperidae курмандыгын чагарда башын кандай ылдамдыкта алдыга күүлөткөнүн биринчи жолу аныкташты.

Риверсайд шаарындагы Калифорния университетинин (The University of California, Riverside) биологдору Viperidae түркүмүндөгү кара чаар жыландардын курмандыгына кол салуусун АКШнын түштүк батышындагы Мохаве чөлүндө изилдешкен. Доцент Тимоти Хигхэм (Timothy Higham) баштаган биологдор жыландардын кош аяк кенгуру чычканга1 аңчылык кылган учурун баштан-аяк жогорку ылдамдыктагы инфракызыл камера менен дамамат байкап турушкан. Мындай камера 1 секундада 3D форматында 500 кадрды таратып алат.

Кара чаар жыландын башы 4,8 см алыстагы кош аяк кенгуру чычканына 78 миллисекундада учкан октой барып тийип, аны өлтүрө чаккан. Ошентип Viperidae кара чаар жыланы олжосуна чабуул койгондо, анын тездиги 79 миллисекундада2 100 км/саат ылдамдыкка жетет.

Чабуул маалында жыландын денесинин температурасы 23.1 ± 1.5 °C болгон.

Камерага тартып алынган кадрлар көрсөткөндөй, Viperidae кара чаар жыланы төрт жолу кош аяк кенгуру чычканына октой тийип өлтүргөн жана төрт жолу жаза тийген же чычкан буйт берип кеткен.

Бул изилдөө ошондой эле кара чаар жылан октой тез кыймылдайт жана көздөгөн олжосун ордунан жылдырбай өлтүрөт деген кепти калпка чыгарды. (Булагы: http://www.nature.com, https://www.agroxxi.ru)

Адамдын ичегисиндей иштеген генетикалык ичеги

Жапон окумуштуулары адамдын сөңгөк клеткасынан кадимки ичегини өндүрүп алышты. Илимий табылга келечекте Крондун дарты (латынча Еnterocolitis regionalis, англ. Crohn's disease), жоон ичегинин колит жарасы сыяктуу ичеги-карындын оңой менен дарыланбас ооруларын айыктырууга көмөктөшүүсү мүмкүн дешет окумуштуулар.

Жапониянын Балдардын саламаттыгы жана өнүгүүсү борборунун директору Хидэнори Акуцу (Hidenori Akutsu) жетектеген окумуштуулары адамдын сөңгөк клеткасынан кадимки ичегини өндүрүүдө атайын үч белокту пайдаланышкан. 1 см ичеги бир-эки айдын ортосунда өнүп жетилген. Мындай ичеги ашказандагы иштетилген тамак-ашты жерибей өзүнө сиңирген. Ал эми протеин менен сууну кадимки адамдын ичегисиндей жыйрылып туруп, "аш кылып" же сиңирип алган.

Илимий жол менен өндүрүлгөн ичегиге ич өткөрчү суюк азык куйганда ал адамдын ичегиси тамакты сиңирбегендегидей жыйрылган жана ич өткөктү токтотуучу агентти ичегиге бергенде дефекация (заң бөлүү) токтогон.

Илимпоздордун айтымында, жапон окумуштуулары өндүргөн ичеги- адамдын ичегисине окшош иштеген дүйнөдөгү биринчи жасалма ичеги.

Хидэнори Акуцу мырзанын билдиришинче, алар жасаган илимий ачылыш Крон дартына окшош жеңил айыкпас оорулардын пайда болуу механизмдерин терең түшүнгөнгө кеңири мүмкүндүк берет. (http://japanenglishnews.com, https://www3.nhk.or.jp)

Эквилибрист мотоцикл

5-8-январь күндөрү Лас-Вегаста болгон эл аралык жармаңкеде кыялда жок жаңы техникалар көрсөтүлдү. Айтсак, жапондордун Honda компаниясы жасаган мотоцикл үстүндө минген адамы жок деле жыгылбай, вертикалдык абалында кете берет; атүгүл артыңыздан кулундай ээрчип алат.

Honda NC750S моделинин негизинде жасалган алдагы мотоциклде оболу электромотоциклдер менен велосипеддер үчүн иштелип чыккан өзүн өзү баланстоо технологиясы колдонулган. Ошого ал жай баракат баскан адамдай ылдамдыкта жүргүнчүсү жок эле жүрүп кете берет.

Беш-алты жыл илгери Honda компаниясы өз алдынча узагыраак аралыкка жете албаган улгайган курактагы адамдар үчүн жалгыз дөңгөлөктүү сегвей: UNI-CUB жана электромотоцикл: U3-X жасаган. UNI-CUB түз багытта гана жүрбөстөн, каптал тарапты көздөй да жүрөт.

Лас-Вегаста көрсөтүлгөн модернизацияланган NC750S мотоциклинде тең салмактуулукту сактоо үчүн UNI-CUB сегвейинде колдонулган технология пайдаланылган. "Биз пайдаланган Riding Assist технологиясы мотоциклдерди оор жана манёврун азайтуучу чоң гироскопторду колдонбогонду мүмкүн кылды", - дейт Honda компаниясынын илимий изилдөөлөр департаментинин жетекчиси Йошиюки Мацумото (Yoshiyuki Matsumoto).

Riding Assist технологиясын да Honda компаниясынын инженерлери ойлоп тапкан.

Демографтардын эсеби боюнча, 2050-жылы 70-80 жаш курагындагы жапондордун саны азыркыга салыштырганда эки эсеге жакын көбөйөт. Өлкөдө балдар аз төрөлгөндүктөн, бүгүнкү 20-30 жаш курагындагылар карылыкка жеткенде, аларга камкордук кылчу кызматчылар жетишсиз болот. Ошон үчүн Honda компаниясы сыяктуу эле Жапониянын роботторду жасоочу өнөр жайы азыртадан болочокту ойлоп, улгайган курактагыларды мобилдүү жана бирөөнүн көзүн карабай, өз алдынча болуусуна керектүү техникаларды гана жасабастан, психологиялык жактан да даярдоодо деп айтса болот. (Булагы: http://www.bikesportnews.com, http://www.newsjs.com)

Беш мүнөт баскан ден соолукка пайдалуу

Азыр стол кучактап күн өткөргөн адамдардын саны көбөйдү. Бирөөлөр жумушуна байланыштуу күн бою стол кучактап отурса, жаш муун көп убактысын интернет дүйнөсүндө өткөрөт. Ушул адамдар ар саат сайын беш мүнөт ары-бери басып, денесин жана буту колун жазып алса, мээси сергип, көңүлү көтөрүлүп, концентрациясы калыбына келип, курсагым ача баштады деген сезими мокойт.

Муну АКШнын Колорадо университетинин Аншьюз медициналык кампусу (The University of Colorado Anschutz Medical Campus), Адамдын ишмердүүлүгүн изилдөөчү Жонсон & Жонсон институту (Johnson & Johnson Human Performance Institute) жана башка илимий мекемелери өткөргөн изилдөө аныктады.

Изилдөө, ошондой эле, ушинтип ар саатта беш мүнөт баскан жумуш алдында жарым саат же андан көп баскандан пайдалуу экенин да көрсөттү. Себеби, бир нече саат бою бир орундан жылбай отурган адамдын бутуна кан аз агып, атеросклероз болуу жана көк тамырда кан уюп калуу коркунучу күчөйөт. Жылбай отургандан бут талыганды алыс аралыкка самолетто учкан адамдардын көбү өз башынан өткөргөн болушу керек.

Күнүнө сегиз-тогуз сааттан көп бир орунда отуруп иштеген адамдарда ордунда такай отурбай, улам ары-бери басып жүргөндөргө салыштырганда кант диабети менен оору, депрессияга батуу жана семиз болуп кетүү тобокелдиги көбөйөт.

Буга чейинки изилдөөлөр сегиз саат бою столдон жылбай иштеген адамдарда аз отургандарга салыштырмалуу 2-даражадагы кант диабетине чалдыгуу коркунучу 90 -112% жогоруларын, жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу коркунучу 147% чейин өсө турганын, күн бою ордунан жылбай стол кучактап отургандар менен тамекини такай тарткан чылымкорлор арасындагы өлүмдүн деңгээли бирдей экенин көрсөткөн.

(Булагы: https://www.nytimes.com, http://fitness.mercola.com, http://www.bmj.com)

---------------

1Кош аяк кенгуру чычканы (лат. Dipodomys merriami) – кемиргичтер отрядынын калталуу секиргичтер тукумундагы жандык. АКШнын Түштүк Батышында жана Түндүк Мексикада жашайт. Эки буту кенгурунукуна окшош болгондуктан кош аяк кенгуру чычканы деп аталат. Дене бөлүгүнүн узундугу 10-20 см чейин болсо, куйругу 20 см чейин узун. Улууларынын салмагы 70 граммдан 170 граммга дейре болот.

2 Миллисекунда (мс)- секунданын миңден бир бөлүгү (10−3 же 1/1.000 секунда).

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG