Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 11:18

Дүйнө

Россия Азербайжанды "С-300" сатып сооротобу?

Москва-Ереван ортосунда 20-августта кол коюлган келишимге ылайык, россиялык аскерлер Армениянын Гюмри аскерий базасында 2044-жылга чейин калат.

Армения. Аба чабуулунан коргоочу "S-300" системасы
Текст көлөмү - +
 Бул келишим Россиянын Түштүк Кавказадагы аскерий таасирин күчөтүүгө катар коңшулаш Азербайжан менен Түркияда чочулоо менен кабыл алынды. Удаа эле Москванын Азербайжанга абадан коргонуу системасын сатары кабарланды.

Түркиянын англис тилдүү “Turkish Press” басылмасы Россия-Армения ортосундагы жаңы аскерий келишимге байланыштуу “Москва мурдакы Советтер Союзунун түрдүү бөлүгүндө жоготкон гегемондук ролун кайтаруу үчүн алынын барынча аракеттенүүдө” деп жазды.

Ошол эле мезгилде “кокус Азербайжан Тоолуу Карабахты күчкө таянып кайтарып алмакчы болсо, Россия кийлигише албайт. Анткени, Тоолуу Карабах Азербайжандын мыйзамдуу территориясы” деп бүтүм жасайт басылма.
Армениянын жетекчилери Азербайжан менен болгон согушта өлгөн армяндардын мүрзөлөрүнө гүл койгону баратышат. Еревандагы аскерий гөрүстөн. 30-декабрь 2009


Армян калктуу Тоолуу Карабах үчүн 1990-жылдардын башында болгон согушта 30 миңдей адам өлүп, Азербайжан бештен бирге жакын жеринен кол үзгөн. Эл аралык арачылардын Армения менен Азербайжанды элдештирүү аракети үзүрсүз болууда.

Армениянын коргоо министри Сейран Оганян “Азаттыктын” Армян кызматына берген интервьюда непада армян-азербайжан согушу кайра башталса, россиялык аскерлер Армения тарабында болорун айтты:

-Эгер Азербайжандын Тоолуу Карабахка карата коркунучу Армения Республикасына коркунуч жаратса, Россия Федерациясы келишимде каралган жана союздаштык милдеттенмесин аткарарынан күмөн санабайм.

Оганян бирок Россиянын Азербайжанга анти-ракеталык “С-300” системасын сатуусуна токтолуп, береги курал Азербайжанга эч кандай стратегиялык артыкчылык бербесин кошумчалады. Анткени, “радио-техникалык системаны башка аскерий техника менен айкалыштырып пайдаланганды үйрөнүүгө көп мезгил керек” деп санайт ал.

Азербайжан Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Элхан Полуховтун “Азаттыктын” азери кызматына айтышынча, Москва мурда берген убадасына ылайык, Гюмри аскерий базасына жаңы жайгаштырылчу техника Азербайжанга каршы колдонулбайт.
Азребайжан жана АКШ жоокерлери НАТОнун бирлегелешкен машыгуусунда. Бакунун чети. 24-апрель 2009


Ошентсе да, Азербайжан менен Түркиядагы серепчилер Ереван-Москва ортосундагы келишим Россиянын Түштүк Кавказдагы таасирин күчөткөнүн, Бакы менен Анкараны этияттандырып, Россия менен болгон мамилени кайра кароого түрткөнүн белгилешет.

-Аталган келишим Түркия-Азербайжан-Армения алакасы үчүн оңдуу документ болгон жок. Анкара акыркы жылдары Москва менен экономикалык жана башка багыттарда өтө жакындашып бараткан. Жаңы келишим Түркияны кырдаалга жараша жаңыча кызматташууга арагасыз кылат. Себеби, Түркия Армения менен чек арасын ачууга аракет кылганы менен эки арадагы мамиле начарлап жаткан. Бул иштер кайра каралбайт, мамиле осолдой берет. Эми эки өлкөнүн(Түркия менен Армениянын) жарашуу мүмкүнчүлгү азайды,- дейт Ыстамбулдагы Коммерция университетинин изилдөөчүсү, доктор Давлет Надыр.

Надыр Давлеттин айтымында, Москва региондогу азыркы кырдаалга канаат кылабы? Же жокпу? Маселе ушунда:

-Россия азыркы ролуна ынайбы же Грузия сыяктуу эле Азербайжанды да жарга такайбы? Эгер мындай кадамга барчу болсо, Азербайжан-Россия-Түркия ортосунда чоң чатак чыгышы мүмкүн деп ойлойм.

Анткени, доктор Давлеттин болжошунча, Азербайжанга кайсы бир тарап кол салса, Түркия байкоочу болуп турбайт.

Президент Д. Медведев 20-августта Ереванда сүйлөп, Россия региондогу кубаттуу держава катары тынчтыкты сактаганга умтуларын жана Тоолуу Карабах чатагын сүйлөшүү менен жөндөөнү колдоорун билдирген.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)