Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

Нева боюнда туңгуч кыргыз элчисин эскерип...


Туңгуч кыргыз элчисинин Орусияга сапарынын 225 жылдык мааракесине арналган жыйындын катышуучулары Орусия ИАсынын Чыгыш кол жазмалар институтунун музейин да көрүштү. 2010-ж., 27-октябр. TCh.
Туңгуч кыргыз элчисинин Орусияга сапарынын 225 жылдык мааракесине арналган жыйындын катышуучулары Орусия ИАсынын Чыгыш кол жазмалар институтунун музейин да көрүштү. 2010-ж., 27-октябр. TCh.

Кыргыз эли эзелтеден чет өлкөлөр менен карым катнашын элчилерин жиберип тереңдетишкен. Элчи Абдыракман Кучак уулу 1785-жылы Чүйдөн аттанып, кийинки жылы Орусия канышасы Екатерина Экинчинин кабыл алуусунда болгон.


Элчилердин изин кубалап...

Кыргыз бийлеринин бири Атаке баатыр тээ 225 жыл мурда алыскы Санкт-Петербургга аттандырган элчиликтин мааракеси жакында илимпоздор чөйрөсүндө эл аралык деңгээлде белгиленди.

Бишкектеги Кыргыз-Орус (Славян) университети менен Орусия Илимдер академиясынын Санкт-Петербургда жайгашкан Чыгыш кол жазмалар институтунун биргелешкен илимий жыйыны 27-октябрда бул институттун жыйын залында өттү.

Жыйында сарыбагыш уруусунун таасирдүү бийлеринин бири Атаке баатырдын Абдыракман Кучак уулу жетектеген элчилик тобу Омск аркылуу бир нече айлап жүрүп отуруп, 1785-жылдын этегинде араң Орусия падышалыгынын борбору Санкт-Петербургга жеткени, бир нече айдан соң (1786-жылы) кыргыз элчисин каныша Екатерине Экинчи өзү кыргыз элчисин кабыл алганы тууралуу атайын баяндама болду.

(Айтмакчы, анын ысымын маркум профессор Сабыр Аттокуров “Абдыракман Күчүк уулу” деп жазган, бирок эмне үчүн элчинин атасынын атын Кучак эмес, Күчүк деп жазуу керектигин тастыктаган тийешелүү булакты көрсөткөн эмес)

Баяндама ээси – кыргызстандык академик Владимир Плоских айрым себептер менен Петербургга келе албай калса да, анын баяндамасы жыйында толук окулду. Анда алгачкы кыргыз-орусиялык дипломатиялык алакалардын Кыргызстан үчүн позитивдүү тарыхый ролу белгиленген.

Бул саптардын ээси даярдаган баяндамада болсо совет доорунда жана азыркы тапта кыргыз элчилеринин Орусияга жасаган саякаты менен байланыштуу атайын көмүскөдө калтырылып жаткан жагдайларды калыс таразалоо, бир беткейликке алдырбоо маселелери козголду.

Маселен, В.М.Плоских сыяктуу айрым адистер элчи Абдыракман Кучак уулунун Санкт-Петербургдан атажуртуна кайтып келе жатып кыргыздар тууралуу жалган маалыматтан улам Батыш Сибирде туткунга алынганын, өмүрүнүн акыркы айларында анын элчилик даражасы орусиялык бийлик тарабынан кадырланбагандыгын жана жазыксыз тутулган бойдон эл-жерине жете албай дүйнөдөн кайтканын ачык көрсөтпөстөн, “элчиликтин миссиясы ийгиликтүү аяктады” деп жаза беришет.

Андан тышкары, айрым кыргыз тарыхчылары “Атаке бий бул элчиликти жалпы түндүк кыргыз урууларынын курултайына таянып аттандырган”, деген далилсиз жоромолдорун кошо беришет. Чынында, түндүк кыргыз урууларынын чакан гана бөлүгү Атаке баатырдын таасири астында болгон, - делет биздин баяндамада.

Бул теманы ырааттуу иликтеген тарыхчы, орус архивдерин кылдат изилдеген Дөөлөтбек Сапаралиевдин, кыргыз элчилеринин каттарынын араб жазмасындагы түп нускасын алгачкы ирет диссертациясында талдаган Арслан Капай уулу Койчиевдин жыйынга келе албай калышканы өкүнүчтүү болду. Ошондой болсо да, алардын илимий салымдары жыйында эскерилди.

Профессор Сергей Кляшторныйдын баяндамасында орто кылымдардагы кыргыздар өз дипломаттарын “элчи” жана “йалавач” деген эки термин менен белгилегени, бул терминдердин болжолдуу айырмачылыктары жана мезгилдик орду тууралуу сөз болду.

Профессор Сергей Кляшторный. Орусия ИАсынын Петербургдагы Чыгыш кол жазмалар институту. 2010-жылдын 27-октябры. TCh.



Ал айрым кыргыз элчилерине багышталган байыркы энесай руна сымал жазмасынын айрым эстеликтерин атаганда, жыйынга катышкан кыргызстандыктардын көзү тим эле жалжылдап кеткендей болду.


Профессор Кляшторныйга ала-тоолуктар алкыш айтып, ак калпак, чепкен кийгизишти.


Ал эми петербургдук айтылуу чыгыш таануучу Лилия Тугушева болсо швед илимпозу Свен Гединдин (1865-1952) Түштүк Кыргызстанга 1893-жылкы саякаты жана анын Алай менен Памир боюнча маалыматтарынын кыргыз таануу үчүн өзгөчө баалуулугу тууралуу баяндады.

Түрколог Лилия Тугушева өзү иштеген Орусия ИАсынын Чыгыш кол жазмалар институтунда. 2010-жылдын 27-октябры. TCh.


Кийинчерээк Тугушева айым менен өзүнчө маектешкенимде, Свен Гедин мырзага кыргыздар бийик тоолуу аймактардан өтүүдө өтө чоң жардам бергени, Гедин өзү да прогрессивдүү саякатчы болгону жөнүндө кеп куруп отурду.


Тугушева айым өзү иликтеген “уйгур жазмасы” иш жүзүндө жалпы чыгыш түрк элдерине орток тийешелүү экенин, ошондуктан аны тарыхта “уйгур жазмасы” деп бир этнос менен чектеп атап калуу жаңылыштык болгонун биз менен маегинде белгиледи.




Жыйынга катышкан кыргыз элчиси Улукбек Чыналиев, Кыргыз-Орус (Славян) университетинин ректору, академик Владимир Нифадьев, анын проректору, илимпоз жана жазуучу Каныбек Иманалиев, Петербургдагы кыргыз диаспорасынын өкүлү, акын Өктөм Мамеева жана башкалар Орусия менен Кыргызстандын тарыхый алакалары жана азыркы туруму тууралуу өз ойлору менен бөлүшүштү.

Каныбек Иманалиевдин айтымында, эгерде совет доорунда жылына бир миңден ашуун кыргыз студенти Ленинградга окууга жиберилип келсе, азыркы тапта өкмөттөн эч каражат албастан эле бир нече миңдеген кыргызстандык студенттер Петербургда таалим алып жатышат.

Конок ээси болгон институттун чакан тарыхы

Орусия Илимдер Академиясынын Чыгыш кол жазмалар институту падышалык маалында - тээ 1818-жылы - негизделген Азиялык музейдин кыртышында пайда болуп өнүккөн.

Орусия ИАсынын Чыгыш кол жазмалар институтунун аталыш тактасы. 2010-жылдын 27-октябры. TCh.

Азиялык музей падышалык Орусия доорунда чыгыш кол жазмаларын чогултуп, сактап, иликтөө иштерин уюштурган бирден-бир мамлекеттик илимий чордон болгон.

Ал 1804-жылы негизделген Казан университетинен кийин ачылган Орусиядагы экинчи чыгыш таануу борбору болуп калган.

1933-жылы 23-майда СССР Илимдер академиясында атайын Чыгыш таануу институту негизделип, Азиялык музей анын карамагына өткөн.

1951-жылы Институттун баш кеңсеси жана бир катар бөлүмдөрү Ленинграддан Маскөөгө көчүрүлөт.

Ал эми чыгыш кол жазмаларын сактоо жана иликтөө менен байланыштуу иш алып барган тармактар Ленинградда кала берет да, алардын мекемеси расмий түрдө “СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Ленинград бөлүмү” деп аталып калат.

Пост-советтик доордо бул мекеме “Орусия ИАсынын Чыгыш таануу институтунун Санкт-Петербургдагы филиалы” деп аталып калган.

2007-жылы 19-июнда бул филиал Орусия ИАсынын өз алдынча институтуна (Чыгыш кол жазмалар институтуна) айланды.

Петербургдук чыгыш таануучулардын Кыргызстан үчүн салымы

Кыргыз жана орусиялык окумуштуулардын бул чакан жолугушуусун ачкан Орусия ИАсынын Чыгыш кол жазмалар институтунун директору Ирина Попова айым бул институт өз учурунда Кыргызстандын тарыхын иликтөөгө бараандуу салымын кошконун баса белгиледи.

Ырас эле, кыргыз тарыхынын тарыхый булактарын, көөнө тарыхын жана маданиятын объективдүү иликтеген айтылуу Иакинф Бичурин (анын теги чуваш болгон), В.В.Бартольд, С.Е.Малов сыяктуу чыгаан адистер Азиялык музейде, ал эми алардын улантуучулары - В.А.Ромодин, А.Б.Халидов, О.Ф.Акимушкин, С.Г.Кляшторный сыяктуу адистер музейдин мураскору болгон СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Ленинград бөлүмүндө иштешти.

Туңгуч кыргыз элчисинин Орусияга сапарынын 225 жылдык мааракесине арналган илимий жыйындын катышуучулары Орусия ИАсынын Чыгыш кол жазмалар институтунда. 2010-жылдын 27-октябры.

Бул бөлүм бир катар кыргыз чыгыш таануучуларына илимий жетекчилик жаатында жана башка адистик жардам берген.


Фарсы жана түрк булактарын иликтеген Анвар Мокеев менен Тынчболот Жуманалиев, синологдор Муратбек Иманалиев, Таалайбек Бейшеналиев жана Кубан Жусаев сыяктуу адистер ушул Ленинград бөлүмүндө аспирантурада окушкан.


Институт азыр дагы жаш кыргыз чыгыш таануучулары үчүн каалгасы ачык экенин билдирүүдө.


Маселе – азыркы жеңил жана модага айланган темалардан качып, көөнө жана орто кылымдардагы чыгыш тилдерин жана булактарын үйрөнүү үчүн бир нече жыл бою такыбалык менен иштөөгө даяр улан-кыздардын жана алардын сүрөөнчүлөрүнүн табылышында гана...
XS
SM
MD
LG