Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 11:50

Эркиндик / Сөз эркиндиги

Ж.Мусабекова: Кызымды айтып коркутуп атышат

“Форум” гезитинин башкы редакторунун орун басары Жылдыз Мусабековага ачык коркуткан телефон чалуулар, артынан андуулар болууда. Ал муну журналисттик ишмердиги менен байланыштырат. "Мен 20 жылдан бери оппозициялык көз карашта иштеп жүргөн журналистмин. Мындай нерсеге буга чейин дуушар болгон эмесмин" дейт журналист айым.

Текст көлөмү - +
“Азаттык”: - Жылдыз, сиз иштеген “Форум” гезитинин жетекчилерине коркуткан телефон чалуулар, аңдуулар болуп атканы тууралуу маалымат чыгып атат. Ушулар туурасында айтып бериңизчи. Кандай болгон, кандай формадагы коркутуулар, алардын көздөгөнү эмне экен?

Жылдыз Мусабекова: - Мага 3-4 күндөн бери номери жашырылган телефондор менен чалып, унчукпай эле тыңшап атышкан. Төрт беш жолу тыңшагандан кийин, “сүйлөбөйсүңөрбү” десем “сенин 13 жашар кызың бар экен” деп, эң биринчи коркутуу ушундай болду. “Ооба менин кызым бар” десем, “анын бою узун экен, ал красавица экен” деп орусча сүйлөштү. “Сен өзүңдөн коркпосоң да кызыңдан корк” деп мага ачык эле коркутуу жүрүп атат. Бул коркутуу мурда эле болгон, бул экинчи жолу болуп атат. Чын эле менин бою мени менен тең, сулуу, жакшынакай кызым бар. Анан эки күндөн бери артымдан күмүш түстөгү, 87 24 деген номерлүү “лупарик”, жанагы тоголок көздүү Мерседес менин машинамдын артынан ээрчип жүрөт. Институт земледелияга чейин ээрчип келет дагы, ошол жерден калып калат. Ар түрдү телефон чалуулар болуп атат.

“Азаттык”: - Көздөгөндөрү эмне экенин айтышкан жокпу, кайсыл бир макала же материал үчүнбү, эмне себептен экенин?

Жылдыз Мусабекова: - Көздөгөнү эмне экенин айтпайт, болгону кызың бар экен деп коркутушат.

“Азаттык”: - Бул боюнча сиздер мамлекеттик тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылдыңыздарбы, “ушундай болуп атат” деп?

Жылдыз Мусабекова: - Тааныштарым аркылуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Фархат Үсөновго чалдым. Бирок ал киши азыр дарыланууда жүргөн экен. Ал Данияр деген орун басарына чалып, официалдуу түрдө арыз бергиле деди. Жогорку иш адамдарына эскерттим. Мен азыр билем, оппозициялык көз караштагы журналисттерге аңдуулар күч алууда.

“Азаттык”: - Ушул боюнча укук коргоочулар, Акыйкатчы менен байланышып көрдүңүзбү?

Жылдыз Мусабекова: - Акыйкатчы эми өзүнүн орун басарларынын ызы-чуусу менен жүрөт да азыр, укук коргоочулар деле долбоорлордун ызы-чуусу менен баштарын оорутуп жүрүшөт. Анан менин проблемама көп деле баштарын оорутушпайт го. Бирок кайрылабыз...

“Азаттык”: - Сиз өзүңүз кандай болжоп атасыз? Кайсы макалаңыз, иликтөөңүз үчүн ушундай болуп атат?

Жылдыз Мусабекова: - Журналисттик ишмердүүлүгүм үчүн. Башка эч нерсе жок. Мен эч кимдин куйругун баскан эмесмин. Эгер менин өмүрүмө коркунуч туула турган болсо, менин үй-бүлөм, менин жакындарым кимдин колу аркылуу жасалып жатканын билишет.

“Азаттык”: - Сиз ошол айтып аткан адамдардын аты-жөнүн айта аласызбы?

Жылдыз Мусабекова: - Ооба. Мага ачыктан ачык айтышты, “Биз Бакыт Сыдыковдун мурдагы жан сакчыларыбыз, сизге биз көзүбүз түз. Сиз Үсөн Сыдыков менен Бакыт Сыдыковдун көптөн бери безине сайган макала жазып жүрөсүз. Ошолор жинденип ушундай иштерге барганы турушат” деп. Бирок мен биле албайм, аларбы же алар эмеспи. Мүмкүн алардын душмандары жасап аткандыр.

Мен 20 жылдан бери оппозициялык көз карашта иштеп жүргөн журналистмин. Мындай нерсеге дуушар болгон эмесмин. Ачык эле айтып атышат, “Биз Бакыт Сыдыковдун командасына иштегенбиз. Биз ал кишиге нааразы болуп кетип калганбыз. Бирок сизге ушундай кол салуу даярдалып атат. 3-4 күн абайлап туруңуз. Эгер абайлабасаңыз катуу кырсыктарга кабылышыңыз мүмкүн” деген нерселер менен телефон чалып атат. Мен муну азыр Бакыт Сыдыков же Үсөн Сыдыков деп кабыл албайм. Бирок менин акыркы кездеги гезитке жазган макалаларым ошол кишилерге байланыштуу.

“Азаттык”: - Рахмат маегиңизге!
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кушубак каяктан: Бишкек
26.01.2010 23:12
"Форум" газетасы мыкты газета, ачык жазышат. Жылдыздын да андан бир макаласын окуп абдан жүрөгүм түшкөн. Ажыдаардын куйругун басып алыптыр деп. Демек Жылдыз сен булар менен ойнобо, булардын укуругу узун. Сенден кыйындарды жок кылышкан демек үй-бүлөгө тийишпе. Калганын жаза бер, шоу бизнес, криминал, тагдырды мыкты жазуучусуң. Саясатчылардан кызыктуу маектериң мыкты чыкчу. ошолорду уланта бер сасык саясатка аралшапа. сага ийгилик, узун өмүр, балдарың менен аман бол. Бирок бул күндөр да өтөөрүн унутпа.

кимден: Жамал каяктан: Бишкек
26.01.2010 18:10
Жылдыз!Жан сакчы алсаң деле ал сага жардам бербейт.Сен өзүң билесиң,коркунуч кайдан келип жатканын.Аларга бардык укук берилген.Кожосу бекем.Сага сигнал беришти,кыз абайла дешип.Үй-бүлөдөн башка теманы жаз дешип.Түшүн.Башка мен-мен дегендер жансакчылары менен жок болуп атса,алар үчүн бир журналист эчтеке эмес.Сен андан көрө МВДда иштегендер менен кеңешип көр,алар гана пайдалуу кеңеш бере алышат.Ошолор айткандай кыл.

кимден: чынара каяктан: Ростов
26.01.2010 14:55
Жылдыз эже сиз эмнеси болсо да укук коргоочуларга жакшылап кайрылып арыз жазып таштап коюңуз анан өзүңүз туура жазышкан канчалаган журналисттер өлүп кетип жатат жан сакчы жалдап эле алганыңыз оң го деп ойлойм анткени кудай бетин ары кылсын бир нерсе болсоңуз ким жасаганын кыргыз укук коргоочулары табарына деле ишенбей калбадыкпы. Эмнеси болсо да амандыгыңызды тилеп туралы

кимден: Назира каяктан: Бишкек
25.01.2010 19:53
Чынында журналисттерге коркунучтуу. Ушундайда силер бир биринерге тилектеш болбосонор болбойт. Жылдызды мен көптөн бери билем Асабада иштеген Агымды көтөргөнгө салымы бар. Бардык темада илгиртпей жазат. мурч калемпири менен! Сак болсун. Бирок бир карын майды бир кумалак чиритет дегендей Назгүл дегенге түшүнбөдүм. Ылайым тилегине таш! Боолголоп атам Назгүлдүн артында ким турганын ушу Жылдызга ичин күйгөн эле немесиң. Башына ушундай иш түшкөндө түшүнөсүң. бирок оозуна келгенди оттобой жүр

кимден: Каныбек каяктан: Бишкек
25.01.2010 18:41
Жылдыз азамат! Ме бу кызды "Асабада" иштеп жүргөндөн бери билем. Курч жазат, а жанагы Назгүл деген ал Жылдызды билбеген билсе да ичи күйгөн бирөө болуш керек. Мусабекова деген фамилияны окурмандары абдан жакшы билет. Сак болунуз, калеминиз курчу берсин. Эркектей мүнөзүң бар экенин билем ошондон кайтпа. Назгүл дген неме кыздын атын жамынган эле эркек сөрөй сендей боло албаган соң ичи куйуп атса керек. Андайларга капа болбо, балдарыңды ойло.

кимден: KOlPOCH
25.01.2010 17:27
Жылдыз эже саламатсызбы! Откондогу "Форум" гезитинин экинчи бетине жазган макаланызды окуп "Оппа, катуу жазыптыр. Ушул бирнесенин ичинен чыгат деп ойлогом." Эми амандыгынызды гана кудайдан тилейм. Сиздикиндей макаланы жазган журналисттерден 10 оо болсо эле "саясатчыларды сайга айдап койсо болот эле." Оппозиция болсо, сиздердин коопсуздугунуздарды камсыз кылып бере албайт! Сак болунуз.

Ишинизге ийгилик каалап, илгерки таанышыныз.

кимден: Назгүл каяктан: Бишкек
25.01.2010 17:05
Биринчиден Жылдыз Мусабекова курч материал жазбайт. Анын белгилүү эл оозуна алынган макаласы жок. Баары бүтүп, журналисттер өздөрүн пиар кыла баштадыбы? Бул уят. Эгер Павлюктукундай макалаларды жазса ишенет элем.

кимден: Күнболот каяктан: Бишкек
25.01.2010 12:31
Ой-ой, абайлаңыз Жылдыз эжеке, азыр булардан баарын күтсө болот, сак болунуз! Калемиңиз даагы кайкалабай куйкалай берсин!

кимден: Ботик каяктан: Бишкек
25.01.2010 12:27
Чындыгында эле, Мусабековадай азыркы журналистердин көбү жаза албайт. Майын чыгарып жатат, азаматсыз! Бирок, мен боваямын, коркпойм, бир алладан башкасынан деп көп айтчы элениз, акырына чейин туруп атасынын көрү деп ушулар менен бир камчылашсаңыз болот эле. КАмчылашууга чакырсаңыз, бир алладан башкасынан коркпогон мен да барып кошулат элем.

кимден: Бактыгүл каяктан: Бишкек
25.01.2010 11:59
Айтпадым беле Урматтуу Илим мырза, негиз жок деп дагы пикириңизди айтып чыга калбайсызбы.
Жылдыз айым сиздин кесиптештериңиз сиз менен, эч нерседен коркпоңуз. Бирок акчаңыз болсо эгерде, аябай эле жансакчы жалдап алганыңыз жакшы болот го. МВД жака барбай эле коюңуз без пайда. Алар ийне жоголду дей беришет.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)