Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 11:52

Эркиндик

"…Балдарымды мен үчүн кучактап койгула"

Бразилиянын президенти Луис Игнасио Лула да Силва ирандык жаранга баш паанек сунуш кылды. Сакинех Мухаммади Аштиани аттуу айым мекенинде ала жипти аттады деген айып менен өлүм жазасына буйрулган. Өкүм таш менен уруу аркылуу ишке ашырылмак. Соттун бул чечими эл аралык коомчулукта чоң нааразылык жаратты.

x
Текст көлөмү - +
 Иран бийлиги өкүмдү ишке ашыруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырганга аргасыз болду.

Президент Луис Игнасио Лула да Силва Бразилиянын түштүгүндөгү Куритиба шаарында сүйлөп, ала жипти аттады деп айыпталган ирандык Сакинех Мухаммади Аштиани айымга Бразилия баш паанек бериши мүмкүн экенин айтты. Мындан тышкары эл аралык коомчулукту тынчсыздандырган бул өкүмдүн дайынын ачуу үчүн Лула да Силва Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад менен болгон достук мамилесин ортого салганга даяр экенин белгиледи.

- Ирандын президентине жана элине өзүмдүн достук жана пейилдик мамилемди салып, эгер ал аял Иранда түйшүк жаратса биз аны Бразилияда кабыл алганга макулбуз.

Ала жипти аттаган деп айыпталгандан мурун 43 жаштагы Аштиани 99 жолу таяк менен сабалган. Кийин жубайын өлтүрдү деген шек менен Табризде ага карата сот иши кайрадан ачылган. Бирок ал айып ырасталган эмес. Ошентсе да никени бузду деген күнөөсү башынан каралып, таш менен уруп өлтүрүү өкүмү чыгарылган.

Луис Игнасио Лула да Силванын кийлигишүүсү эл аралык коомчулуктун кысымы алдында иран бийлигинин аракеттерине бир аз таасир эткендей көрүнөт. Башында өкмөт Аштиани айымдын өлүм жазасын кийинкиге калтырып, андан соң таш менен жазалоону асып өлтүрүү жазасына алмаштырганга мажбур болгон.

Луис Игнасио Лула да Силванын бул аракети АКШ, Европа Биримдиги жана бир катар эл аралык укук коргоо уюмдарынын Аштианини бошотуу талаптарын коштоду.

Бразилиянын президенти Луис Игнасио Лула да Силва Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад менен абдан жакшы мамиледе. Май айында Лула да Силва Ирандын өзөктүк программасынын үстүндөгү талаштардын чечилишине арачы катары катышкан.

Ирандын өкмөтү Аштиани айымдын адвокаты Мухаммад Мостафаейди да камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Анын аялын жана күйөө баласын кармап кетишип, Мухаммад Мостафаей өзү болсо ошондон бери дайынсыз жоголгон.

Адвокат Мостафаей башында Аштианиниге коюлган айыптарды адилетсиз деп, бул сот ишин эл аралык деңгээлге чыгарып келген:

- Айрым бир судьялар өлүм жазасын чыгаргандан тартынат. Анткени мындай өкүмдү далилдөө көп учурда кыйын. Бирок ошол эле учурда кээ бирөөлөрү мындай чечимди чыгарышы ыктымал. Мындай учурда өкүм чынчыл күбөлөрдүн далилдеринин негизинде болбой, көпчүлүк учурда судьянын «өзүнүн кабардарлыгынын» негизинде чыгарылат. Бул албетте көп суроолорду туудурат, ал ар кандай талаштарды жаратышы мүмкүн.

29-июлда Лондондогу адам укуктары боюнча активисттер Сакинех Мухаммади Аштианинин катын ачыкка чыгарышкан. Анда Аштиани айым мындай деп жазган: “Таш менен уруп өлтүрүү өкүмү чыккан күнү мен аябай терең ойго чөмүлдүм, аң-сезимимди жоготкондой болдум… Мен өлүмдөн корком. Мага тирүү калганга жардам бергиле жана балдарымды мен үчүн кучактап койгула”.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: ПАТРИОТ
12.08.2010 15:41
ирандын кээ бир мыйзамдары 19 кылымга окшош

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.08.2010 15:51
Eң tuura kylat bul okum islamda bar

кимден: аскат каяктан: украина
03.08.2010 13:10
элди карангылыка алып келет мындай окум туура эмес деп эсептем азыр 21 кылым

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)