Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 19:52

Экономика

Өкмөттүн ишин парламентте сындагандар болду

17-марттагы Элдик курултай күнү өкмөт парламент фракциялары алдында өткөн жылдагы ишинин отчетун берди. «Ак жол» фракциясынын депутаты Максат Кунакуновдун анын ишин начар деп баалап, жашыруун добуш берүү сунушу кесиптештеринен колдоо тапкан жок.

Премьер-министр Данияр Үсөнов парламентте, 2009-жылдын 21-октябры.
x
Премьер-министр Данияр Үсөнов парламентте, 2009-жылдын 21-октябры.
Текст көлөмү - +
Коммунисттер фракциясынын көпчүлүгү да өкмөттүн ишине ичи чыкпаганын жашырган жок. Данияр Үсөнов жетектеген министрлер кабинети асманга чыккан тарифтери менен элдин эсинде калат окшоп калды.

Ордо ичиндеги нааразылык

“Ак жол” фракция жетекчисинин орунбасары Максат Кунакуновдун өкмөттүн ишин начар деп баалап, ага ишеним көрсөтпөө демилгеси таламандын тал тушунда чагылган чартылдап түшкөндөй эле болду. Алдына келген өкмөт ишине жылуу-жумшак мактоо айтуудан ары көтөрүлө албаган бийлик партиясынын жаштар канатын жетектеген депутаттын капыс сыны артынан ошол эле замат аркыл божомол-жоромолдорду жаратып жиберди.

М. Кунакунов Кыргызстанда орточо айлык акы эң төмөн, баалар бай өлкөлөрдүкүндөй жогору экенин конкрет экономикалык көрсөткүчтөр негизинде айтып өттү. Көтөрүлгөн баалардан канча акчасы бюджетке түшкөнү жашырын сыр катары айтылбай жатканы да маалымдалды.

- Жакында сиз Үсөнов мырза, өкмөт ойлонуп жатканын айттыңыз. Бирок сиз бир ойлонсоңуз аны 4 ай айтасыз. Ноябрда сиз тарифтерди көтөрүүнү ойлондуңуз, мартта болсо аны элге түшүндүрүүнү ойлоно баштадыңыз. Эми болсо байма-бай маалымат жыйындарын чакырып, телекөрсөтүүдөн түшпөй тарифтерди 200% ары көтөрүү зарылдыгын айта баштадыңыз. Элдин нааразылыгы күчөй баштаганда гана өкмөттүн аракетин түшүндүрө баштадыңыз. Эми болсо кечигип калдыңыз.

Максат Кунакунов өкмөттүн тариф саясаты элге каршы экенин айтып, анын ишин начар деп баалады, ага фракция мүчөлөрү жашыруун добуш беришин сунуш кылып, Данияр Үсөнов өлкөнү туңгуюкка баштап баратканын баса белгиледи.

Өкмөт башчы депутаттын сын пикири анын жекече таарынычынан чыгып жатканын айтуу менен гана чектелди. Айтылган сындын баарын кылдат талдап чыга тургандыгын билдирди.

Акчалар кайда?

Данияр Үсөнов “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бегаалы Наргозуевдин коррупцияга каршы күрөш, Кыргызстандан сыртка чыгарылып кеткен ири каражаттарды кайтаруу суроосуна момундай жооп узатты.

- Сиз тизмени берсеңиз Швейцарияда кайсы кыргыздардын акчасы бар, биз кайрылабыз. Мисалы менде маалымат жок кайсы кыргызда Швейцарияда акча бар экени боюнча.

Депутат Б. Наргозуев өлкөдөгү кылмыштуулукка каршы кандай күрөш жүрүп жатканына да кызыкты. Ачык суроого Кыргызстандын Ички иштер министри К. Конгантиев ачык жооп узатты.

- Кылмыш бизде азайдыбы же ачалбай жатабызбы?

М. Конгантиев: - Эми кылмышты биз өзүбүз жасабайбыз да. Болгон кылмышты тактайбыз, далилдейбиз, каттайбыз. Анан муну көбөйткүлө десеңиз бирөөгө пара берип көбөйтөлү.

Орусиядан агылган акчалар

Кыргызстан коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиев Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрү кара жанын карч уруп чет жерде иштеп жүргөн мигранттар менен өткөн жылкы орусиялык 150 миллион долларлык гранттын эсебинен камсыз кылынып жатканын ырастады.

- Ошон үчүн мен өкмөттүн аракети менен эле кургуйга түшпөй кармалып калдык деп айта албас элем. Орусия кредити, ошондой эле Москва, Тверь жана орустун башка шаарларында иштеп жүргөндөр ай сайын 200-300 доллар акча жөнөтүшөт. Ошолор чогулуп келип чоң акчаны түзөт. А биз болсо урматтуу министрлер менен Жогорку Кеңеш депутаттары, ошол акчалардын эсебинен жашап жатабыз. Салык салып, чогултуп, бюджеттин жыртык-тешигин бүтөп келатабыз.

Өкмөт башчы ушу тапта Социалдык фонддун 6 миллиард ашыкча сому бардыгын маалымдады. Ал акчанын бир бөлүгү кантип Орусияга барып калганы азырынча табышмактуу жашырын сыр. Парламентте Социалдык фонд төрагасы акча маселеси чечилип жатканын гана айтты. Ошол оңор эмес акчага ээлик кылган Е. Гуревичтин “MGN Group” компаниясы ушу тапта чоң чатакка кабылып, чеңгелдеген акчаларынын көбүнүн дарек-дайны белгисиз, алардын чети кайсы жерден булайып чыгып калары да азырынча дайынсыз. Депутат Б.Наргозуев фракцияда козгогон акчалардын шек-шооратын дагыле болсо кыргыз өкмөтү эмес, мыйзамды урматтаган кайсы бир европалык өлкө ачып, кыңыр иштин кыйтыңы кыйладан кийин дайынга чыгып калышы деле ажеп эмес.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: мигрант каяктан: Москва
18.03.2010 20:58
М.Эшимканов эң жакын досу Текебаевди таштап кеткен....Өзүңөр ойлонуп көргүлө.

кимден: Рус каяктан: Чүй
18.03.2010 17:38
Кунакуновдун сөзү, Наргозуевдин сөзү, бүгүн Эшимкановдун сөзү бул жөн эле Акүйдүн технелокторунун сөз алар ушунтип Данчикти кетирет ал күнөөнү мойнуна алат башка кызмат алат Чоң эмгеги үчүн. Мен ишенбейм буларга ошол Кунакунов Наргозуев Эшимкановдор мурун колдоп берген түндүк элетрды сатканды

кимден: Балта каяктан: Нарын
18.03.2010 17:27
Садага чапканга сары улакты даярдап жатышкан экен да, ал сары улак өкмөт башы эмей анан ким болмок эле. Нурдун пикирине толугу менен кошулам. Билбей калыптырмын, көрбөй калыптырмын деп өзүн ак көрсөтүп, элди алдоонун кезектеги амалы.

кимден: asan каяктан: bishkek
18.03.2010 16:53
Babanov baatyr kayda ketken .Al mintip jata bere mitingge chikpay stroykasi ech kachan butpoytko, revolyutsyadan revolyutsyaga sozulup...

кимден: даке
18.03.2010 12:54
2006 ,2007 de oppozitsiyani koldop jon ele chigiptyrbiz,chik dese ele.emi baykush elim chindap ele ozu uchun chikty okshoyt.kunakunov dele betke aytkan menen... balkim ozunun rolu oshondoydur ani bir kudayozu bilet da....

кимден: Ата-Мекен каяктан: Бишкек
18.03.2010 11:45
Прааавильно Максат! Нос по ветру держишь! Молодец!

кимден: Жээнбек каяктан: Нарын
18.03.2010 11:35
Бул эми ушундай жаш саясатчылардын колу менен өкмөттү, тоюс Данчикти жыга чабууга жол салуунун башаты. Анткени ушул Кунакунов Нарынга келип эч нерсе боло электе эле "биз силерди уктук. Эми силер бизди угуп, Курманбек Салыйычты колдогула" деген экен былтыр ушул жаз маалда. Анда Президентти шайлоо жөнүндө сөз да боло элек болчу.

кимден: Берчи мага каяктан: жарым кашык адилеттүүлүк
18.03.2010 11:26
"Ак жол" партиясы жана парламент толугу менен карапайым калктын ишеничинен кеткен.Ал жерде кыз болсо да эркектей болуп, эл таламын талашып, жалгыз гана Роза Отунбаева жүрөт.Калган эркектер уялышса болот.

кимден: Нур каяктан: Бишкек
18.03.2010 09:56
Бул атайын уюшулган сценарий!!!Бакиев бардыгын Үсөновго шылтап, өзү суудан кургак чыккысы келип жатат. Ошон үчүн депутаттарды пайдаланып, Үсөновдун шермендесин чыгарып олтурат, тарифтерди президент эмес, өкмөт көтөрүп жатат деп кыйыр түшүнүк берип жатпайбы...Кунакуновду колдонгону- биртке болсо да ишенимдүүрөк болсун дегени... Үсөнов деле муну билип турган болуш керек, бирок...

кимден: Камбарали каяктан: Баткен
18.03.2010 09:09
Максат иним туура айтыпсың. Бетке айткандын заары жок.Эсиң барда этегин жап деген ушул да. Сен өсө турган жигитсиң.Ак-жол фракциясындамын деп эле оозына талкан салып алгандай болуп олтурбай ,жүрөгүңдөгү айта турган оюңду айта бер. Баш кесмей бар , тил кесмей жок.Теледеги тоту куштар сайрагандай азырынча жалгызсың, бирок сага окшоп элди ойлогон Ак-Жолчу сага кошулаар.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)