Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 19:57

Саясат

Ынтымак курултайы: сунуштар суурулуп чыга баштады

23-мартта өтүүчү Ынтымак курултайында өлкөнүн саясий-экономикалык орчун проблемалары жайында ачык кеп болушу керек. Саясий куугунтуктарды токтотуу, конституциялык өзгөрүүлөр мыйзамын чакыртып алуу, арзанбаа сатылган стратегиялык объекттерди мамлекетке кайтарып алуу маселелери оңуна чечилиши абзел. Мындай сунуштарын курултайдын айрым өкүлдөрү билдиришти.

Текст көлөмү - +

Курултайга кур барбай

“Кыргыз эл биримдиги”, “Ала-Тоо ынтымагы” коомдук бирикмесинин жыйырмадан ашуун өкүлдөрү Ынтымак курултайын уюштуруу комитетине 8 маселени жыйындын күн тартибине коюуну өтүнүп сунуштарын жөнөтүштү.

Улуттук баалуулуктарды коргоо, мамлекеттик камкордукка алуу талабын коюшкан коомдук бирикме мүчөлөрү Ынтымак курултайында мамлекеттик бийликтин тең салмагын бузууга багытталган соңку конституциялык өзгөрүүлөр мыйзамын чакыртып алууну сунуш кылууда.

Алар электр энергиясы, коммуналдык кызмат акыларын мурдагы калыбында калтырууну туура көрүшөт. Текейден арзанга бааланган “Түндүкэлектр”, “Кыргызтелеком” ишканаларын мамалекет ээлигине кайтарып алуу зарыл деп эсептешет. Ошондой эле жаңы коомдук бирикме мүчөлөрү курултайда эмитен парламенттик республикага өтүү аракетине киришүү, саясий куугунтуктарды токтотуу маселесин талкууга коюшка куштар.

“Ала-Тоо ынтымагы” коомдук бирикмесинин мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев мына ушул элди өзгөчө ойлонткон маселелер боюнча көпчүлүк так жооп алышы керек, деген пикирде.

- Эгерде эл ал маселелерге жооп ала албаса курултай өз максатына жетпейт деп эсептейбиз. Жана айткандай биздин маневр жасай турган талабыбыз абдан кеңири. Биздин да ал моменттерге даярдаган оокаттарыбыз бар.

Кашыктан төгүлсө чөмүчкө

“Кыргыз эл биримдиги” коомдук бирикмесинин мүчөсү Алмамбет Матубраимов өкмөттүн тариф саясаты социалдык чыңалууну жараткандан башкага жарабастыгын билдирди.

- Тарифти эч ким эсептеген жок. 1 сом 50 тыйын деп коюп коюшту. “Электр станциялары” менен жогорку чыңалуудагы электр линияларына канчадан беребиз? Бөлүштүрүү компанияларына канчадан беребиз деген жок. Ошол жерден ар бир тепкичтен өткөндө кошумча нарк салыгы 12% кошулат, бул 36% өзүнчө чыгып жатат.

Жаңы коомдук бирикме жетекчилеринин бири Дастан Сарыгулов сунуш кылынган маселелер курултайдагы көпчүлүк тарабынан четке кагылып калышын деле жокко чыгарбайт.

- Бирок жөн эле өз пикири жок, бийликтин чечимдерин толук колдоп бербейбиз. Биздин да анча-мынча кадыр-баркыбыз бар. Аны оңой менен тапкан жокпуз. Анан көп жыл бою кашык менен чогулткан анча-мынча баркыбызды ошо жерде чөмүч менен төгүп койгонго биз барбайбыз, туугандар!

Тизмедегинин баары тизилип турбайт

Көпчүлүк арасында Ынтымак курултайына жалаң гана бийликтин сөзүн сүйлөгөн “дүжүр” өкүлдөр чогулбастыгын президент тизмеси боюнча чоң жыйынга кошулуп жаткан “Кыргыз эл биримдиги” коомдук бирикмесинин мүчөсү Кадыр Кошалиев да ырастады.

- Биз “дежур” болбойбуз деп ойлойм. Ал жерде өз оюбузду айтабыз. Ошол бийик трибунадан туруп элдин кызыкчылыгын козгоп, көтөрүп , ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланыш керек деп эсептейбиз.

Ынтымак менен биримдикке чакырган эки коомдук бирикме ушу тапта жер-жерлерден шайланган өкүлдөрдү кепке тартып, сунуш кылынып жаткан маселелерге үн кошууга чакырып жатышканы маалымдалды. Алардын айтуусунда, эки күнгө белгиленген чоң жыйында айтылган кеп-сөздөр улуттук телеканал аркылуу жалпы элге үзгүлтүксүз көрсөтүлүп турушу керек.

17-марттагы Элдик курултайда эки коомдук бирикме демилге катары Ынтымак курултайына сунуш кылып жаткан саясий-экономикалык курч проблемалар козголуп, биртоп талаптар коюлган. Курултай катышуучулары “коюлган талаптар аткарылбай турган болсо ар бир аймакта эл бийлигин калыбына келтирүү маселесин чечүү максатында Элдик Курултайларды өткөрүүгө элдин конституциялык жактан толук укугу” бардыгын ырастап кайтышкан.

Кезектеги курултайда кандай маселелер талкуланары, ушу тапта уюштуруу комитетине жөнөтүп жаткан сунуштардын кабыл алынар-алынбасы да белгисиз. Президент К.Бакиевдин пресс-катчысы А.Турдумаматов “Азаттыкка” чыккан маегинде мамлекет башчысы коомдук жаңырыктар туудуруп жаткан маселелер жайында Ынтымак курултайында өз позициясын билдире тургандыгын ырастады. Күтө туралы.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: патриот каяктан: Аксычы
21.03.2010 17:12
Бакиевдин курултайы бул жөн гана шоу, спектакл.Бул курултайда эч кандай элдин койгойу каралбайт. Жон гана элди алаксытуу деп эсептейм.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.03.2010 10:12
Oi oi oi,silerdi ele ugam dep Bakiev al jerde kurultai kylyp jatyr...silerge dejurlardan mikrofon boshoboit oshol jerde oturganyngar menen ech nerse aita albaisyngar garantiya 100%....andan koro azyr ele atkez kylgyla...

кимден: Балта каяктан: Нарын
19.03.2010 09:09
Муз козголду, туугандар. Элдик курултайдын койгон талаптары менен бийликтин ынтымак курултайына чакырылган аттуу-баштуу делегаттардын көтөрө турган маселелеринин бирдей, үндөш болушу бул - Бакиевдин саясатынын туура эместиги.

кимден: Нураян Залкарова
19.03.2010 01:38
Дастан Исламович, кашыктап чогулткан кадырыңызды депутат кезиңизде Кумтөрдөгү алтынды таразага салбай көз болжол менен урдуртканыңызды унутуп калдыңызбы? "Ала-Тоо-Ынтымагындагы" койкойгон Кеңешбек Дүйшебаевди 17 мартта Элдик Курултайда көрүп, баягы 2005-жылы 23 мартта телерадиодон "митингге чыккандар буйрукка көнбөсө ок чыгарабыз" деген. Эми ошол ок чыгарчу кишинин, президенттин Ынтымак Курултайына отурганына жол болсун. Бийликтин кусаматы менен ошол кезде Россия, АКШ элчилигине жалдырап жардам сурап кагуу жегенин унутуп калса керек. Президенттик шайлоо аябай балит өттү. Ала-Тоодогу ынтымакты кааласа калыс сөзүн айтат эле го. Азыркы саясатчылардын эки эмес, он жүзү бар!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.03.2010 20:07
Бул жакшы саамалык.
Ошол жерде сөз алып сүйлөгөн центристтер 17 мартагы элдик курултайдын талаптарын да эскертип коюшса,артык баштык кылбайт.Бул ынтымак курултайын өз кызыкчылыктарын бекемдөө максатында пайдалануга аракет жасалары шексиз,андыктан бул
курултайдан эч деле жакшылык күтүүнүн кереги жок.Учурда жаңы ойгонуп,көтөрүлүп жаткан элдин талабын башка жака буруу,алдоо бул бийликтин башкы максаты экенинде шек жок,анча мынча уступкага барышат,бир ай өтпөй бардыгы эски ордуна келет,бул жагынан Бакиевде опуту көп. Өлкөдө бийликти ЭЛге өткөрүү кана бардык маселелерди чечет.Андыктан Р. ОТУНБАЕВА жетектеген уюм эки эселенген күч менен иштеши керек,элди булар өзүнө имерип кетпес үчүн

кимден: Мика каяктан: Чуй
18.03.2010 18:38
Ушул Дүйшөбаевдерди Акүй ушул митинг пикет шайлоо курултай болор алдында колдонот да анан бара бер деп койот булар өзү принциби жок адамдар,бутка чалынбай үйүндө жата берсе болот эле

кимден: Болот каяктан: Ош
18.03.2010 18:11
Матубраимов,Дуйшобаев,сарыгуловдор булар бир сөз айталбайт Бакиевке каршы.Элдин чыныгы лидерлери Бекназаров Исаков Атамбаев Текебаев ,ынтымак курултайы бул жөн эле чогулуш анча мынча свет суу жылуулук деп койт аны эч ким аткарбайт

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)