Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 20:16

Саясат

ЕККУ полициясына каршы митингдер өттү

Бишкектеги эски аянтта, Жогорку Кеңеш имаратынын алдында ЕККУнун полиция күчтөрүн өлкөгө киргизүүгө каршы митинг өттү. Ушундай эле митинг Ош шаарында да болду. Өткөн бейшембиде ЕККУнун Туруктуу кеңеши Кыргызстандын түштүгүнө 52 полициячы офицерди жөнөтүү маселесин жактырган эле.

ЕККУ полициясына каршы митинг, Бишкек, 26-июль.
Текст көлөмү - +
Эртең менен борбордук "Ала-Тоо" аянтында башталган митинг көп өтпөй Жогорку Кеңеш имаратынын алдындгы эски аянтта уланды. Митингге чыккандар колдоруна “Кыргызстанды бөлүп-жарууга жол бербейбиз”, “Кыргыз эли ЕККУнун полициясынын киргизилишине каршы” деген жазууларды көтөрүп алышты. Аянтта жүргөн кабарчыбыздын маалымдашынча, митингди “Кыргызстан сырткы күчтөргө каршы” кыймылы уюштуруп, ага жүз чакты адам катышты. Митингге чыккандар аянтта ЕККУ полициячысынын сөлөкөтүн да өрттөштү.
Митингге чыккандар аянтта ЕККУ полициячысынын сөлөкөтүн өрттөштү

Митингде сөз сүйлөгөндөр Кыргызстанга ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү чечимин айыптап, билйик өкүлдөрү алардын алдына чыгышын талап кылууда. Бирок түшкө чейин митингчилердин алдына бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыккан жок. Түштөн кийин митингчилердин беш өкүлүн президент Роза Отунбаева кабыл алганы кабарланды, бирок анын жыйынтыгы азырынча белгисиз.
 
Ушундай эле талапты койгон митинг Ош шаарынын борбордук аянтында да өттү. Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаевдин кабарлашынча, митингчилердин саны миңге чукул. Алардын алдына да түшкө чейин бийлик тараптан эч ким чыккан жок. Митингчилердин бир бөлүгү түшкө чукул ЕККУнун Оштогу кеңсесин көздөй бет алды.

Митингчилер ЕККУнун аймактагы башчысына талаптарын тапшырып, маселе оң жагына чечилбесе, бейшембиде мекеменин жумурияттан чыгып кетүүсүн эскертишти. Ага улай ЕККУ полициячысынын сөлөкөтүн өрттөп тарап кетишти.
Митингчилер ЕККУ полициячысынын сөлөкөтүн өрттөштү.

ЕККУ полициясын киргизүүгө каршы митинг бүгүн Ысык-Көлдө да өттү. Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, түшкү саат экиде Ысык-Көл облустук администрациясынын алдына алтымыштай киши чогулду. ЕККУнун полиция күчтөрүн Кыргызстанга киргизбөө талабы менен чыккандар «ЕККУ куралдуу күчтөрүнө кыргыз эли каршы» деген ураандар жазылган кагаздарды кармап турду. Митингге чыкандар «Ынтымак таянычы» коомдук бирикмеси, элдик кошуундар жана “Замандаш” партиясынын мүчөлөрү экенин “Азаттыкка” КСДПнын Ак-Суу районундагы координатору Асылбек Бабаев маалымдады. Кыргызстанга кире турган полиция куралсыз гана келип, коопсуздукту сактоо ыкмаларын үйрөтө турганын облустук бийлик өкүлдөрү түшүндүргөн менен митингге чыккандар ага ынанбай өлкө президентине кайрылуу жолдошту. Караколдогу бул митинг жарым саатка созулду

Президент Роза Отунбаева буга чейин ЕККУнун полиция күчтөрү түштүктө Кыргызстандын күч органдарына укуктук жактан тренинг өтүп, кеңеш берип, мониторинг жүргүзүп, жардам беришерин айткан болчу.

ЕККУ полициясына каршы митингдер Бишкекте өткөн жумада да өткөн. Ошол эле учурда буга чейин айрым укук коргоочулар Кыргызстанга EККУ күчтөрүн киргизүү талабы менен чыгышкан.

Тасмада: ЕККУ полициясына каршы 26-июлдагы митинг.


Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Нур каяктан: Ош
27.07.2010 20:52
Узбeк, слушaй, для рaсслeдовaния создaнa мeждунaроднaя комиссия. Здeсь жe рeчь идeт о полицeйских. Ты рaзницу знaeшь?

кимден: Кыргыз каяктан: МОСКВА
27.07.2010 13:14
ЕККУнун полициясынын киришине мен да каршымын. Роза Отумбаеванын бул кадамга барышынын бир себеби чет элден жардамдар келбей калат деген коркунучтан кабыл алса керек. Бизде баары бар жетиштуу, политиканы эле туура жургузуп эл чун иштегенде биздин аткаминерлер. Эч кандай жардамсыз эле бул акыбалдан чыкса болмок. А биздин НПОлордо иштеген адамдарыбызга акча болсо болду, ким акча берсе ошолорду жакташат. Роза эжебиз да копко узабай калат го мындай кетиште. Эл менен бийлике келди эле го эми эл менен макулдашпай туруп, эсептешпей туруп бул чечимдм кабыл алганы туура эмес. Адахан Мадумаров айтпады беле откондо ОДКБнын материалдык жактан жардам алып бул проблемаларды чечсе болот деп. ЕККУнун полициясы эмнени уйротмок эле кыргыз тилин билбесе котормочулар башкача кылып айтса ошолорду эрчип кете беришет да. Мындан коро Материалдык жардам берсе болбой беле. милициялар колдоно турган спецтехникалардан ж.б..

кимден: Булбул каяктан: Алай
27.07.2010 10:20
Чындыгында бийлик төбөлдөрү өтө, өтө көрөгөч болушу керек. Бизге ошондой адамдар жетишпей жатат. ЕККУнун полиция күчтөрү киргенде да абал кандай болуп кетет, кырдаал кай жагына оойт ошону билип, сезип тургандай болушу керек эле. Тилекке карыш... Бул жерде акча маселесе да чоң роль ойноп жатканы айтылууда. Эгер элдин, өлкөнүн тынчтыгы үчүн ЕККУ полициясы терс жагдай жаратат десек анда ар бирибиз өз чөнтөгүбүздөн колдон келген акчаны чыгарып берели да, полицияга "жок" дешибиз керек. Полициясыз эле күч структуралары ачык, таза иштеп жана күчтүү болсо эле кырдаал эрте турукташканы турат.

кимден: Евгения каяктан: Ош
27.07.2010 09:50
Жылдыз сен Эл аралык полиция менен Эл аралык комиссияны айрмалап бил.

кимден: Акмал УЗБ каяктан: ОШ
27.07.2010 00:16
ЭЙ туугандар,мен озум Озбекмын,келгиле объектив бололучу.Кыргыздада, Озбекдада жамани и жакшысы бар.Мен бул нерсени сиздерге жакыш учун жазмадым.Биз азыр кыргыздык же озбекдык позиция эмес,мусулмандык позицияни тутушибиз керек.Мени ата-бабам Ошдо туулуп,шул жерде олгон,менде шул жерде жашаймын,балдарымде шул жерде жашайт.Мен эчкайга кетпем.Мены жашым 28 де,мен Кыргызстанда откон умрумдан разымын.Биз Кыргызстандаги Озбектер Озбекистандаги Озбектерден жакшы,бай,эркин жашадик.Биз Озбекситанга кошулушды калабайбыз.Ал жердеги системага биз рази бололбайбиз.Мени Ошто бизнесим бар,жакшы уйум ,жакшы машинам бар.Мени Ошта ,Бишкекте кыргыз досторум бар,шул учун мен кыргыздарды жаман деп соккону алардан уйолом.Ар бир кыргыздиде аз болгондо 3-4 озбек досу,клиенты бар,алардан уйолбойтми?Неужели Озбектерды айдаб чикариб жакшы жашайбыз десенглер,быздын бир-биримизге паздабыз тийведиви?Простой эл айбдар эмес.Бызденде чыкты К.Батыровге ухшаган лидердер,бакирип-бакирип,элды подставка кылып качып кетти Дубайга.Силердеде бар имансыз лидердер.
Кыргызчадаги каталарым учун кечиргиле,кыргызчани жакшы билбейм
Азаттык журналисттары,мени коментариемниде чикырип койгулачи

кимден: Узбек каяктан: Ош
26.07.2010 22:51
Почему вас возмущает ввод полицейских ОБСЕ? Ведь кыргызская власть уже показала свою несостоятельность.Если кыргызам нечего скрывать то пусть объективно расследуют.Некоторые говорят что это урон авторитету Кыргызстана.Наоборот,если не дадут войти полицейским то весь мир подумает что кыргызам действительно есть что скрывать и они ведут геноцид против узбекам.То что Узбекистан не пустил независимых экспертов в 2005 году в Андижан не делает им чести.Действительно в Андижане по приказу властей было застрелено тысяче невинных людей.Им было что скрывать.А вам что скрывать? 52 безоружных иностранцев погостять 4 месяца и все.Почему если узбеки виноваты как утверждают некоторые из вас не сопротивляются полицейским? Мы узбеки 100% за независимое расследования.Если мы виноваты то готовы понести наказание.

кимден: Таалай каяктан: Оруссия
26.07.2010 22:23
Полиция, ЕККУ десе анча конул бурбагам экем, ананайын кыргыз калкым шоорубуз ушул чала билим политиктерге калган окшойт, мындан коро кен бир боор энем оруссияга эле кошулуп кетсек жакшы болмокбу дейм да СССР маалында деле жашап келбедик беле тынч эле орусубу озбегиби армяныбы латышыбы баары эле ынтымакда азыр болсо тытышып эле кызырган жердин баарын жулуп качмай болуп калды го.

кимден: Жылдыз каяктан: alystan
26.07.2010 22:15
Кыргызстан дуйнонун астына акталганы келсе, ОБСЕ жана эл-аралык комиссияга жол беришуу зарыл. Кыргызстанда геноцид болгон жок, бирок дуйно биздин эмес эл-аралык комиссиянын айтышына ишенет.

кимден: АлтынБек каяктан: Алмата
26.07.2010 22:04
ЕККУ полициясы бизге кереги жок.Бизде куч органдары жетишту.Эсинер барда этегинерди жапкыла

кимден: Sapar каяктан: Novosibirsk
26.07.2010 19:22
Azyrky prezidentibiz jana anyn koldoochularynda taryhiy mumkunchuluk bar. Eger ushunu tuura koldonup adilettik menen bul okuyanyn chyguu sebebin anyktap, kunoolulorun tak tuura jazalasa, el menen keneship korogochtuk menen ish alip barsa, ech kanday syrtki baykochu je jardamdamysyz ele kyrdaaldan chyksa bolot. En obolu kuch organdarynda ayrym asha chapkan, je kiyanatchylyk menen mamile jasagandar bolso alardy temirdey tartipke olturguzuu kerek.

Kuch organdary ushak je jalaa menen emes dalilderdin negizinde ish alip barsa el ozu ele koldop beret. Eger bork al dese bash ala berse, bul masele ech kachan chechilbeyt.
Anan ukuk korgoochular sizderden suranich, keebir faktylarga tayanip ele butundoy kuch organdaryn jamandagandy toktotkula. Jakshyby jamanby bizdyn koopsuzdugubuzdu kun tun debey ishtep atashit, aralarynda oz omurun bergen baatyrlarybyz da toltura. Emne uchun osholordu da estep koyboysunar. Alardyn da uyundo baldary, jubayi kaldy alarga kim kuyot?
Kalys bolsonor ten bolgula!
Eger tak maalymatynar bolso prokuraturaga kayrilip miyzamdyn cheginde ish alip bargyla da. Ooz eki dattana berbey ish juzundo korsotkulo. Syrtky jana ichki koopsuzdugubuz uchun kuroshup jatkandarga olko kyzykchylygyn eske alip but toskondu toktotkula, suranych.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)