Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:29

Дин

А. Нарматов: Чыныгы мусулман жанкечтиликке барбайт

Москва шаарынын метролорундагы бүгүн эртең мененки эки жардыруу мусулман жанкечтилеринин, террорчуларынын колунан келгендиги айтыла баштады. Андыктан Кыргызстандагы таасирдүү мусулман аалымы, Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр-ажы Нарматов менен террорчулук, жанкечтилик жаатында сөзгө тарттык.

Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр-ажы Нарматов "Азаттыктын" студиясында.
x
Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр-ажы Нарматов "Азаттыктын" студиясында.
Текст көлөмү - +
- Абдышүкүр ажы, бир жаман кабар тарады, эртең менен Москва метросунун эки бекетинде, Лубянка жана “Маданият паркы” деген бекеттеринде удаама-удаа жардыруулар болуп, натыйжада 38 киши набыт кеткендиги, 73 адам жарадар болгондугу, жарадарлардын көбү оор акыбалда экендиги маалымдалууда, дегеле террорчулукка байланыштуу шариатта кандай нерселер айтылат?

- Ислам динибизде жердин кайсы булуңунда, кайсы шаарына барбайлы, мусулмандардын саламдашуусу, “ассалому алейкум” деген, же кыргызча айтканда “биз сиздерге тынчтыкты каалайбыз” деген сөз. Ошондой эле пайгамбарыбыз мусулман ким десе, колунан жана тилинен ким зыян көрбөсө ошол мусулман дейт. Андан кийин кереметүү Куранда, кимде ким бир жанды өлтүрсө баардык инсаниятты, адамды өлтүргөндөй күнөөгө жетет дейт. Ким бирөөгө жашоо берсе жардамы менен, бардык адамдарга жашоо бергендей, ал чоң сооп иш кылган болот дейт. Ошондуктан бүгүнкү болгон, сиз айтып аткан окуяларды, албетте иликтөө кызматтары иликтеп ким экенин аныкташы мүмкүн. Бирок негизинде мусулман адам эч качан мындай жаман ишке барбаш керек. Динибиз бир гана жөнөкөй бир адамдын эмес, жаныбардын да, жаратылышка да эч бир нерсеге зыян жеткирбеген,тили менен колу менен зыян жеткирбеген адамды мусулман дейт. Динибиз бул нерсеге өтө каршы.

- Ал эми жанкечтилер деп айтып атпайбызбы, жардырып бир нече адам өлө турган шартты түзүп туруп, өздөрү кошо өлүүгө макулдук берип атат. Дегеле ушулар жөнүндө шариатта кандай айтылат?

- Шариатта Аллах-Таала берген жанды Аллах-Таладан башка эч ким алууга укугу жок делген. Ошондуктан жанкечти дегендерди иликтөө кызматтары иликтеп, тактаар ким экенин. Чынында бир мусулманмын деген Аллахтын кыямат күнүнө акыры Аллахтын астына барып жооп бере турган адам бул ишке эч качан барбаш керек, барбайт дагы.

- Ушул жардырууларды чечен жикчилери жасады деген алдын-ала маалыматтар болуп атат, алдын-ала маалымат экенин Москва дагы белгилеп атат. Дегеле чечен мусулмандары жөнүндө, алардын терроризмге буга чейинки катышы жөнүндө өзүңүздүн ой толгооңуз болсо керек?


- Албетте мен коопсуздук кеңешинде, же алардын иликтөө кызматтарында иштебегендиктен эрте бир нерсе айтуу өтө кыйын нерсе. Баса белгилээрим, көбүнчө азыр дүйнөлүк деңгээлде ушундай жардыруулар, башкалар болуп жаткан нерседе мусулмандарга, Исламга жаап жаткан нерсе болуп атат. Билбейм, аныгында түбүнө жетиш өтө кыйын нерсе. Мисалы, акыркы кезде Бен Ладен ж.б. дегени менен ушул убака чейин, бүгүнкү күндө космосто туруп жердеги кумурсканын кыймыл аракетин билип турган кезде, эгер ошол кылмышкер Бен Ладен болсо, же анын жан жөкөрлөрү боло турган болсо, бүгүнкү күнгө чейин ал кармалыш керек эле. Артында көп суроолор белгисиз. Бул суроолорго жооп алыш өтө кыйын болуп калды.

- Чын эле суроолор абдан татаал. Ал эми мусулман эмес адам, Кудайга ишенбеген адам мусулмандардын атынан жанкечтилик, ушундай жардыруу иштерин жасашы мүмкүнбү?

- Мүмкүн, биз саясий өтө таңкалычтуу заманда жашап жатабыз. Ар түрдүү нерсенин күтүлүшү мүмкүн. Бүгүн аны биз аныктай албагандан кийин, бир нерсени билбестен сүйлөш деле шариатта туура эмес нерсе.

- Рахмат маегиңизге
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Өтө так
04.04.2010 16:02
ТАК!
Анткени, мусулманмын деген киши дагы, бирөөнү жардырып салса боло берет деп ишенип, аны жардырса мусулманчылыктан чыгып калат мекендешим....

кимден: Так
30.03.2010 04:28
Али жана Таалай, силер калп айтып атасыңар. Эмне үчүн жардырганга чейин мусулман, жардырган соң мусулман эмес дейсиңер?

кимден: Али каяктан: Малазия
29.03.2010 20:14
Абдышукур молдоке өтө туура айтат. Чыр чыкса эле "мусулмандар","исламчылар" деп кыйкыра берген туура эмес да. Балким аны Орустардын батыштык "террорчу досу" жасаган чыгаар. Эгер чечен жигиттери жасаган болсо да,аны исламга байланыштыруунун кандай кажети бар?Жанкечти болсо өз улутунун,же жекече ич күйдүлүк мамилеси үчүн жасаган чыгаар. Коомдук жайларды, калктуу пункттарды жардыруу ислам дининде маанилүү эмес экенин аз гана акылы бар киши да түшүнөт деп ойлойм.

кимден: Таалай каяктан: Бишкек
29.03.2010 19:56
Ислам азыркы кезде өтө агрессивдүү дин болуп баратат. Өзгөчө биздин түштүк эли, анын жаштары исламдын экстремисттик багытын көбүрөөк алганы мени тынчсыздандырат. Түштүккө барганда сынап көрүү үчүн "кудай жок" деп койдум эле, мени сабап кое жаздашты, араң качып кутулдум. Чын эле ислам коркунуч түзүп атат, аны тансак дагы.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)