Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:44

Саясат

Мамлекеттик тил мыйзамы: бери карап күлөсүң, ары карап ыйлайсың

20 жыл илгери кабыл алынган “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамды аткаруунун оош-кыйыштары жөнүндө Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары Азимжан Ибраимов “Азаттыкка” ой бөлүштү.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары, журналист Азимжан Ибраимов.
Текст көлөмү - +
- Азимжан мырза, "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзам кабыл алынганына 20 жыл болду деп белгилеп атабыз. Бул мыйзам бүгүнкү өнүгүүгө канчалык деңгээлде төп келип атат?

-20 жыл өттү деп атабыз, бирок ошол 20 жыл ичинде кыргыз элибиз, мамлекетибиз үчүн эмне иш кылдык , элибиз үчүн кандай иш жасай алдык деген суроо пайда болот. Эң башында эле белгилеп коюшубуз керек, ушул 20 жыл мурдагы акыбал менен бүгүнкү акыбалды. Биз суверендүүлүккө ээ болдук, элибиздин улуттук аң-сезими жогорулады, кыргыз улуту үчүн баалуулуктар пайда болду да, ошонун бири кыргыз тили болуп калды.

Эгерде 10 жыл мурда элибиздин, коомчулуктун басымдуу көпчүлүгү орус тилине жана башка тилдерге артыкчылык берип келсе, бүгүн кадимкидей кыргыз тилин үйрөнүү керек экенин түшүнүп, конституциялык даражасын сыйлап, урматтап калдык. Мына ушул идеологиялык багытта дейбизби, адамдардын кулчулук сезимден арылтуу дейбизби, ушундай бир өзгөрүүлөр болду.

- Азимжан мырза, "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын элдин жана мамлекеттин турмушундагы үзүрү кандай болуп атат деп ойлойсуз?

-Албетте, мыйзамдын иштеген статьялары болуп атат. Негизи Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил болуп саналат дегенди биз жетекчилике алып, Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда мамлекеттик мекеме-уюмдарда иш кагаздары мүмкүнчүлүктүн жетишинче кыргыз тилинде жүрө баштады.
 
1990-жылдардын башында иш кагаздары жалаң орус тилинде жүргүзүлүп келсе, бүгүн, кудайга шүгүр, мамлекеттик мекеме-уюмдарда, болгондо дагы борбордук мамлекеттик органдарда иш кагаздары эки тилде жүрө баштады да. Облустарыбызда негизинен иш-кагаздары кыргыз тилинде жүрүп жатат. Алар расмий түрдө ушундай чечим кабыл алып, Чүй облусунан башкасы мамлекеттик тилге өткөн.

Мына ушундай бир ийгиликтерибиз болуп жатат. Окуу китептерибиз жаңырды, окутуунун электрондук жолдорун иштеп чыктык, башкача айтканда тилге болгон ыкылас күчөдү. Бул улуттук дөөлөт катары баалана баштады, артыкчылык берилип атат.

-Азимжан мырза, мамлекеттик тил комиссиясы парламентке кыргыз тилинин мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө өздөрүнүн сунуштарын берди деп уктум эле да, ошонун тагдыры эмне болуп атат азыр?

-Биз мамлекеттик тил мыйзамына өзгөртүүлөрдү- толуктоолорду бергенбиз, эки жылдан ашып кетти. Социалдык жана маданий иштер боюнча комитетте жатат. Биздин депутаттарыбызга нечен ирет кайрылдык, ушул мыйзамдын долбоорун карап берип коюңуздар деп, ал бизге эле эмес жалпы элибизге керек, өтө зарыл деп.

Анткени "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзамыбыздын акыбалы анча жыргатарлык деле эмес чындыгында. Анын ичинде көп пункттарды тапса болот. Баягы “өңдү көрсө жүр тайган”, “бери карап ыйлап, ары карап күлгөн” статьяларыбыз бар.

Мамлекеттик тилде же расмий тилде иш жүргүзсө болот, мамлекеттик тилде же расмий тилде сүйлөй берсеңер болот, мамлекеттик тилди билбегендер эч кандай кысымга алынбашы керек, расмий тилди билишибиз керек, иштетишибиз керек деген нерселер көп да. Мына ошондон арылбасак мамлекеттик тил эч качан өнүкпөйт жана анын келечеги жөнүндө көп суроолор пайда болот.

-Бул мыйзам качандыр бир мезгилде парламентте каралат деген үмүт барбы. Себеби мунун саясий жагы дагы болуп атса керек?

-Сөзсүз муну көтөрүп аткан депутаттарыбыз да бар. Буюрса, бул маселени парламенттин комитетинин талкуусунан өткөрүп алсак, андан кийин жалпы парламенттик талкуусуна койсок өтүп кетет. Анткени биздин депутаттардын арасында патриот, мамлекеттик тилге кызыктар болгон мыкты депутаттарыбыз да бар.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Munar каяктан: bishkek
23.09.2009 10:08
Rasmiy tildi alip ele salish kerek. Osondo gana onuguuu bolot. Orus tili alinmay sayin baaribiz orusca sayray berebiz, chondordun ozu kirgizca tak bilbegendikten 20 jil otso da ushul akilbalda jurobuz. Oruscani uyronuu kerek birok oz ene tilin turganda ani birinci orunga chigaruu kirgiz eli uchun kilingan en jogorku chikkinchilik bolup eseptelet. Rasmiy til alinsa ele baardik jerlerde mamleket strukturalarinda argazisdan kirgiz tiline otup koldongondu uyronushmok. Emne ele mincha 10%tik orus uchun biz orusca ish alip barishibiz kerek. Oz jerinde bashkanin tilin koldoonuu bul en chon shermendechilik bolup sanalat. Ozbekterdi kazaktardi karagila, aliska ketbey konsu mamleketterden ele alina turgan sabak bar.

кимден: мирлан каяктан: Бишкек
23.09.2009 10:06
Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышынын 20 жылдыгын майрамдаганыбыз өтө уят иш. Эч ким укпасын дейин - десең Ташбоо Жумагулов бүгүн Филармонияга чакырып жатпайбы. Менимче бул иш чараны кыргыздарды ойлонтуш, ойготуш үчүн өткөрүш керек, ушуга жараша форматын ойлонуш керек болчу. Илгери Салижан агай айткандай, бул күн "биз өкүрүп, бакырып, жер муштап ыйлай турган" күн. Мына жөнөкөй арифметика - кыргыздарга 2200 жылдан ашуун жыл болду деп атабыз. Эгерде мындан 2200 жыл мурун 50 кыргыз болсо, бүгүн эмнеге 50 млн. эмеспиз. Тилди өздөштүрүп, алып жүргөндөрдүн саны 4 млн.го жетпесе кантип өнүктүргөн жатасыңар. Өзүнүн эне тилине кам көрө баштаганына 20 эле жыл болду деп айтыш керек. Мына ушунда туура болот. Тил мыйзамында, балбал таштардагы жазуулар сыяктуу эле эстелик болуп калган статьялар өтө көп. Эми мамлекеттик тилдин нормаларын сактабаганы үчүн Административдик жазаларды аракеттеги мыйзамдарга киргизиш керек. Мисалы телерадио боюнча мыйзамга кирген тил боюнча контент, кадимкидей кыргыз тилин теңине албаган менчик ТВларды эсине келтирип койду. Ушул сыяктуу жолдорго барыш керек.

кимден: Таза улутчулдар уюму
23.09.2009 08:33
Мыйзам качан иштейт? Артында катуу жазасы турганда иштейт. Жөн эле жазып койгондон эч кайсы мыйзам иштебейт. Анын үстүнө расмий тил деген балакет статус чыкты, бир нерсе десең эле расмий тилде сүйлөп атам деп чыгышат. А негизи кандай болушу керек? Мамлекеттик тилди билбеген адам мамлекеттик кызматка алынбашы керек. Адамдарды тейлөө менен байланышкан кызматтарга да алынбашы керек, анткен ал жактан кыргызча суроого орусча жооп берип турса бул мамлекеттик тил мыйзамынын түздөн-түз бузулганы. Терминдердин котормолору боюнча конкурстарды уюштуруп, уткандарын кыргыз тили китебине киргизиш керек. Ташбоо мырза жакшы эле иштейин деп атат, бирок анын кендирин расмий тилдин статусу, мыйзамдын жумшактыгы кесип атат. Жанызак торонун эмгеги чындап эле зор. Өкмөт акылы болсо ошону пайдаланса болмок. Тилди абдан мыкты билген кишилер бар, алар да бир топко барып калышты, ошол кишилерди ушул ишке пайдаланып, стилистика боюнча китептерди жаздырып калсак жакшы болот эле. Мисалы, ушул эле "Азаттыктан" Эсенбай Нурушев, Балбай Алагушев деген аксакалдар бар. Чоюн Өмүралиев, Казат Акматов агайларыбыз бар. Ар кайсы жаш курактагы манасчыларыбыз, төкмө акындарыбыз бар (улуу муундагыларынын көбү көзү өтүп кетти). Ыраматылык Амантур Акматалиев өзү жалгыз бир институт жасай турган ишти көтөрүп жүрүп акырет жайга кете берди. Пайдалансак жакшы эле болот эле. Тил бузулуп баратат. Көчөдөгү элдин тили тургай элге үлгү болот деген басма сөздүн, протоколдун да тили бузулуп баратат. Кимде кандай сунуштар бар, ушуну талкуулабайлыбы? Азимжан мырза да окуп калса ишине пайдалангысы бардыр.

кимден: Умарали каяктан: Россия
22.09.2009 21:35
Саламатсыздарбы Кыргызстандык жердештер?!!
Эртең кыргыз тилинин кабыл алынганына 20 жыл толот экен. Куттуктайм, чын жүрөктө! Бирок бул тилге бир нече миңжыл мурда биздин чоңаталарыбыз менен чоңэнелерибиз ушул тилде сүйлөйсүң деп чечим чыгарып койгон, ошол чечимди улоо биздин чоңдорго абдан кыйын болду. Башка улуттун тилин сыйлап, эне тилибизди жок кылсак, ата бабаларыбыздын арбактары урат. Биздин артыбыздагы балдар, жаштар үрп - адаттарын башка үрп - адаттарга алмаштырат, латын тилине окшоп кайсы бир илимдин тили болуп да кала албайт. 20 жылдан бери президенттин алдындагы тил боюунча комиссиясы бир көрүнүктүү нерсе жасай албай, узун туура басып жүргөндө, силер көрө албаган Жанызак акебиз көбүрөөк иш жасап коюуптур. Мен Россияда врач болуп иштейм. Өткөн (2008) жылдан бери кытайдын тарыхий бир китебин кыргыз тилине которуу менен алекмин. Орусча-кыргызча сөздүк абдан керек болуп атат.Кудай кааласа ушул китепти которуп бүтсөм, медик болсом да сөздүк түзгөнгө аракет кылам. Урматтуу кыргыз тилчилер, уялбастан эле Жанызак акеге барып, кантип сөздүктү жаратуу керек экендигин сурап, ар бириңиздер бирден тамга алсаңыздар, 20 жылдын ичинде эч болбогондо 20 сөздүк чыгып калаар эле. Эгерде эртең менин китебим чыгып калса, аны сындаган кыргыз тилчилердин саны Кыргызстандагы кыргыз тилчилердин санына туура пропорциялаш болот! Канча сын болбосун, ЖЭҢИШ Жанызак агай менен меники болот. Эң негизгиси кыргызга бир нерсе таштап кеткен болобуз, катаасын чыныгы кыргыздар рахмат айтып оңдоп коюушат. Сиздерди урматтап Умарали

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине