Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:48

Саясат

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жыйыны үзгүлтүккө учурады

24-июлда Таласта “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын облустук конференциясы жергиликтүү айрым тургундардын нааразычылыгынан улам үзгүлтүккө учурады. Партиянын төрагасы Адахан Мадумаров бул окуянын артында ага атаандаш саясатчылар турарын, муну чагым катары эсептей турганын билдирди.

Адахан Мадумаров "Азаттыктын" студиясында, 13-апрель, 2010-жыл.
x
Адахан Мадумаров "Азаттыктын" студиясында, 13-апрель, 2010-жыл.
Текст көлөмү - +
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров конференциянын башында анын партиясы парламенттик башкарууга каршы экенин жана жакында кабыл алынган Конституцияга карата сын пикирин айтты:

- Биздин партиянын негизги идеологиясы – күчтүү президенттик башкаруу, президенттин иш аракеттеринин баарын көзөмөлгө алып, күчтүү парламент керек деп атабыз. Эртең менен туруп күзгүнү караңыз: күзгүнүн бери жагында турган – сиз, күзгүнүн ары жагында көрүнүп аткан – бийлик. Эл кандай болсо бийлик ошондой болот.

Адахан Мадумаровдун сөзүнө залдын ичиндеги айрым жаштар каршы болуп, “бул айтылган сөздөрдү учурунда бийликте турганда аткарбаган жетекчи азыр аткармак беле” деп партиянын төрагасына кайрылышты. Талас мамлекеттик университетинин студенти Мирбек Айтикеев буларды айтты:

- 2007-жылы биз “Ак жол” партиясына каршылык көрсөтүп добуш бергенде Рашид Тагаев, сиз элдин добушун бурмалагансыңар. Каркыра жайлоосун ратификациядан өткөргөндө сиз спикер болгонсуз, казактардын колуна жерди карматып бергенсиз. Сиз мамлекеттик катчы болуп турганда биздин «Манас ордодогу» Манас бабабыздын жакшынакай жерин каздыргансыңар, ошого түздөн түз сиздин тиешеңиз бар.

Ошентип чатак ырбап отуруп акыры “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын облустук мүчөлөрү жаңыдан башталган партиянын конференциясын токтотууга аргасыз болушту.

Адахан Мадумаров менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рашид Тагаевди партиянын облустук жетекчилери конференция уюштурулган Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин арткы эшигинен алып чыгышты. Унаасына түшүп жатып Адахан Мадумаров «Азаттыкка» бул көрүнүштү айрым бир партия лидерлери тарабынан уюштурулган чагым катары бааларын айтты:

- Бул абийирсиздик. Биз менен атаандашабыз деген саясий партиялар ушундай жолдор менен кете турган болсо эч качан кыргыздын, мамлекеттин бүтүндүгүнө салым кошпойт.

Ал эми Адахан Мадумаровго сын айткандардын бири Роза Кошалиева эч бир партияга кирбегенин «Азаттыкка» билдирип, бул нааразычылыкты ар бир карапайым эл Мадумаровго жана «ак жолчуларга» билдирет дейт:

- Убагында жерди кылычтап бөлүп, Каркыраны саткан. Каркыраны коргойм деп барган балдарды жумуртка менен урдурган.

“Ак шумкар” партиясынын мүчөсү Малик Тайгожоевдун пикиринде, жергиликтүү эл жаңжал чыгарбастан Мадумаровго суроолорду узатып, анын жообун угушса болмок жана эртең башка партиялар ушул Мадумаровдой абалда калышы мүмкүн:

- Бул чатак туура эмес. Эртең «Ата мекен», «Ак шумкар», СДПК түштүккө барса, аларды киргизбейт. Бизге тынчтык керек. Кимиси болсо ошонусу болсун.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын облус боюнча биринчи жыйынына, анын уюштуруучуларынын айтымында, 400дүн тегерегинде киши келген.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 13 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Нургазы каяктан: Лейлек
03.08.2010 10:57
Мадумаров биз сизди колдойбуз, Атажурт партиясы менен бириккиле.

кимден: РУСЛАН каяктан: ЖАЛАЛ-АБАД&СУЗАК
28.07.2010 03:31
Кыргызстандын кайсыл бурчунан, болбосун.жалал-абад,ош, талас, нарынданбы. Ар кимдин оз регионунда, озунун колдоочусу болот.И ар бир адам озуго жаккан, партиясын колдойт! Ар бир атуулдун озунун укугу, ага эч ким тоскол болалбайт,тоскол болгону акысы да жок. мунун эч! жаман жери жок! Туштук колдойт же тундук колдобойт десе эле бири бири м/н чабышып кетет деген жапайы тушунук. Ал эми оштук, аркалык деген создон биз эч жака качып кутула албайбыз. эмнеге дегенде биздин геог- абалыбыз 76% тоо,аска м/н курчалган.
БИЗ! КЫРГЫЗ ЭЛИ! Ыймандуу,акылду,ынтымактуу болсок бут кыйынчылыкты жен,ебиз! БИЗДИН ПАДЫША! РОЗА ОТУНБАЕВА. ал эми МЕН! АТА-ЖУРТ! партиясына добуш берем. Кайсыл партия болот, кимиси болбойт, аны куздогу, шайлоо корсотот. ЫНТЫМАК БАР ЖЕРДЕ, ЫРЫС БАР! ийгилик сага КЫРГЫЗ ЭЛИМ!!!

кимден: Мирбек МС каяктан: Москва
28.07.2010 03:07
Туугандар колдосок да, колдобосок да жердешчиликке, трайболизмге бөлүнбөй эле баа берсек. Патриот деген Адахан мырзадай болот. Тили эле бар, колунан эч нерсе келбейт,- деген азаматтарга таң калам. Жүрөктө болсо анан тилге келет да. Андан башка кимиси кыйратып койду? Көрбөдүкпү кичине эле чууну баса алышпай Ошту кантип кыйратышканын, же Кыргызстанды биротоло кыйрата турганы керекпи бизге???

кимден: Медер каяктан: Нарын
27.07.2010 18:11
Данбагарга суроо? Адахан Москвага барганда эмне дедиң эле деп жатасың? Эгер ал өтө эле жашыруун болбосо биз менен бөлүшүп койсоң жакшы болот беле. Биз да билип калат элек. Анын колунан сөз сүйлөгөнөдөн башка эч нерсе келбейт. Кыргыз эли үчүн колу менен бир чыбыктын чырпыгын сындырып койбоду. Капыраай ушундай да киши болот экен? Таластыктар берген суроонун Адаханга барган жеринен ар бир кыргыз берет. Ал уялбай таласка кантип барды экен? Кайсы электоратына ? Талас эли өзүнүн уулдарын сүйлөгөн сөзү үчүн эмес. жазаган иштери үчүн баалайт. урматтуу кыргызстандыктар адм болуу аста-аста, ал эми айбан болуу бир паста дейт кыргызда. баарыбыз бир жеңден кол чыгарып бир жакадан баш чыгарып келе жаткан шайлоодо, Акаевдин, Бакиевдин куйруктарына сокку урушубуз керек! Алардын баары башын көтөрүп, ар кайсы областтарды кыдырып жүрүшөт колдоочу издеп акчаларын сапырып. Акчасын алсаңар да, шайлоодо адамдык парызыңарды балдарыңардын келечеги үчүн ак аткарып кыргызстандын келечегин өтүп кеткен, качып кеткен президенттердин куйруктарына дагы бир жолу кармата бербөөгө жалпы журт аракет кылып, жаштар үчүн добуш бергиле.

кимден: adi каяктан: Бишкек
27.07.2010 15:48
Дегеле канча мен билгенден Мадумаров А.К. кыргыз элим деп куйуп бир нерсе кылганын коро да , уга да элекмин... Акаевдин учурунда деле, Бакиевдин учурунда деле тилинен чан чыгарып, макалдап суйлогонунон башка( жакшы ораторский курсту окуса керек!) колунан бир иш кылганын билбейбиз эл учун...

кимден: Касым каяктан: Бишкек
27.07.2010 15:08
Ооба, Таластагы шайлоочулардын саны аз, бирок регионалдык 0,5% босогосун унутпаныздар.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.07.2010 15:06
Бек, Жалалбат Ситиден дейби?
Бектин "илеп белгисинен" башка кнопкалары иштебей калган го?

кимден: Калыс каяктан: Бишкек
27.07.2010 14:39
Мадумаровго бугун кечеекини жакшы талдай албаган маныроо адамдар гана ишенишет. Анткени, ал элдин озуно болгон умутун тебелеп салды. Жеткен карерист, ойт берме, озгорулмо экендигин иш жузундо абдан тастыктады. Акыл эси бар адамдар учун мурдагы Мадумаров жок. Ал Мадумаровдун озу тарабынан жок кылынган. Бирок, Таластыктардын анын жыйналышына орой мамиле кылганы жакшы эмес. Сын пикирди маданияттуу турдо билдируу азыркы шайлоодо аба менен суудай керек. Мамадани Мадумаровду 20 минут угуп койгондон эч ким эч нрсе жоготпойт эле

кимден: Кыргыз каяктан: МОСКВА
27.07.2010 13:22
Аны айтабыз муну айтабыз Адаханжан башка Президенттике татыктуу адам жок. Адахан байке биз сизди колдойбуз башыныздыы которуп ишинизди уланьа берин. Биз сизге ишенебиз!!! Мадумаровго бир аз иш беримиш болуп Бакиев анын атын булгмакчы болгондо ишин таштап кеткен. Бул киши ото патриот кыргыз деп журогу согот!!!! Бар болун!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.07.2010 13:11
Обондорго талатып жумурка менен урушкан жок, Таластыктар суроо беришти, саясат жасабай Адахан мырза сурого жооп бериш керек болчу.
Жалпы 13 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)