Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:53

Кыргызстан

Кыргызстан-АКШ: Ортодо Транзит Борбору

АКШнын Борбордук Командачысы Дэвид Петреус Бишкекке келип кетти. Бул сапарга аралаш Аксакалдар Кеңеши АКШнын Транзиттик Борборун Кыргызстандан чыгарууну бийликтен талап кылды. Бул апта ичинде катталган Кыргызстандагы олуттуу саясий окуялардын бири болду.

Текст көлөмү - +
АКШнын борбордук командачылыгынын командачысы Дэвид Петреус 9-11-март аралыгындагы кезектеги Бишкек сапарында президент Курманбек Бакиев менен жолугушуп, Бишкектеги АКШнын Транзиттик жүктөрдү ташуучу борборунда болду жана Транзиттик борбордун 700 миң долларлык гуманитардык колдоосунда түптөлө баштаган Аялдар борборун долбоорунун ачылышына катышты. 11-мартта өткөн Шопоков шаарындагы бул салтанатта Генерал Петреус америкалыктар менен кыргызстандыктарды жакын достор жана өнөктөштөр катары санап, президент Курманбек Бакиев менен жолугушууга жогорку баа берди:

- Учурда өзгөчө белгилей турган биздин кыргыз досторубуз бар. Алардын алдыңкы сабында президент Бакиев турат. Биз анын ушул иш-чараны чоң колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Мен ушул жерде белгилеп коюшум керек: кечээ президент Бакиев менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Гфеллер айымдын, менин катышуумда абдан сонун жолугушуу болду.

Президенттин катчылыгы жолугушууда эки тараптуу кызматташтык жана Ооганстандагы кырдаал талкуулагандыгын билдирип, жолугушуунун мазмуну тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Анткен менен коомдук-саясий чөйрө АКШнын таасирдүү генералынын Кыргызстанга кезектеги сапарын биринчи кезекте “Манас” аба майданындагы жүк ташуучу Транзиттик Борбордун жагдайына байлоодо. Мындай оюн “Азаттык” менен Коопсуздук боюнча мурдагы кызматкер Имамберди Жалилов бөлүштү:

- Петреустун Кыргызстанга келгендеги бирден бир милдеттеринин бири – АКШнын “Манастагы” транзиттик базасынын мөөнөтү июнда бүтөт. Ошого байланыштуу америкалыктар Ооганстандагы кырдаалдын оор жана жеңилдигине байланыштуу базанын мөөнөтүн узартышы мүмкүн.

Талдоочулардын баамында Транзиттик Борбордун мөөнөтүн узартуу же токтотуу азыр бир топ жагдайлардан көз каранды. Бул биринчи кезекте Иран - АКШ мамилесиндеги акыркы кырдаалдын таасири. Иран бийлиги 23-февралда “Дубай-Бишкек”сапарында кыргызстандык учактан террорчул “Жундалла” уюмунун лидери саналган Абдулмалик Ригини кармады жана анын Бишкектеги Транзиттик база менен кызматташтыгы тууралуу маалымат таратты.


Мына ушул окуянын айланасындагы ызы-чууну негиз кылган кыргызстандык Аксакалдар Кеңеши АКШ генералынын Бишкек сапарына аралаш Транзиттик Борборду өлкөдөн чыгарууну кыргыз бийлигинен талап кылды.

Аксакалдар Кеңеши АКШнын аба-аскерий күчтөрүнүн жайгашып турушу өлкөдө бейстабилдүү кырдаалды түзүп жатат деп, муну дал ошол акыркы Кыргызстандын “Дубай-Бишкек” учагында 23-февралда болгон окуяга байлады. Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Үмөталиев “Азаттыкка” окуп берген билдирүүдө төмөнкүлөр белгиленген:

- Кыргызстандын Аксакалдар Кеңеши 2002-жылдан берки саясий туруксуздуктардын бардыгына америкалык базанын биздин өлкөнүн аймагына жайгашышы себепкер болду. Бул тышкы саясат сыяктуу эле ички саясатка да тиешелүү. Дал ушул АКШнын аскерий базасы Кыргызстандын президенти үчүн мыйзамсыздыкка тымызын жол ачкан көзүр карта болуп калды.

Ошондуктан Аксакалдар Кеңеши Ооганстанга жүктөрдү жарандык тартипте ташууну жана АКШнын Транзиттик Базасын өлкөдөн толугу менен чыгып кеткиче учууларды токтотууну талап кылды. 250дөн ашык аксакалдын атынан жасалган бул кайрылуу Кыргызстандын азыркы шартында бийлик үчүн өтө ыңгайлуу болуп турат. Мына ушундай пикирди тутунган талдоочулар америкалык генерал келген маалга тушталган билдирүү атайын уюштурулгандыгын бөркүндөй көрүп жатышат. Талдоочу Марс Сариевдин көз карашында:

- Ким уюштурганы, кайсы күч уюштурганы азырынча белгисиз. Бирок татаал кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын бийлиги америкалыктарга мына эл дагы каршы чыгып атат, эми эмне кылабыз деп айтат да. Тышкы иштер министрлиги деле база боюнча келишим пролонгация боло элек деп айтпадыбы. Кайра эле соодалашмай кырдаал түзүлүп атпайбы.

Кыргызстан үчүн АКШ өңдүү мамлекет менен кол үзүшүүнүн пайдасына караганда зыяны көп. Бул өңүттү эске алган талдоочу Табылды Акеров борборду өлкөдөн чыгаруу кызыкчылыгынын артында Орусия турушу ыктымал дейт:

- Орусия бүгүн Кыргыз бийлигине кескин мамиледе. Мурдагы мамилесин өзгөртүп атат. Себеби азыркы кландык система Орусияга ишеним арттырбай, Кыргызстанга келип жана иш аткарып аткан адамдарга ишеним артпай, алар тууралуу маалыматтарды алып, Орусиядан келип аткан акчалардын бардыгы ошолордун колуна өтүп кетип калышы мүмкүн деген кооптонууда азыр кыргыз бийлигин аралыкта кармап турууну көздөп жатышат.


Талдоочунун баамында Кыргыз бийлигинин каржы кеңешчиси катары саналган Евгений Гуревичтин айланасындагы чуу да Орусиянын кооптонуусун далилдеген бир факт болуп калды.

Кыргызстандын тышкы саясатта мындай жагдайга кирептер болушун оппозиция расмий бийликтин өңчөй жеке кызыкчылыкка багытталган баш аламан саясатына байлап жатат. Учурда чет өлкөдө жүргөн коомдук ишмер Эдил Байсалов Кыргызстандын туруксуз саясатынан чочулоодо:

- Мени коркутканы – былтыр бир заматта Кыргызстандын саясаты 180 градус бурулду да, АКШны айдап чыгабыз, акча бергиле деген талап койду.

Байсалов мындай саясат биринчи кезекте Кыргызстандын коопсуздугуна пайда берерине ишенбейт. Ошол эле мезгилде Аксакалдар Кеңеши коопсуздук жаатындагы кызматташтыктын кылдат жүргүзүлүшүн кааларын билдирди:

- Биз эл аралык саясатта көп маселелер боюнча карама-каршы көз карашты карманган эки чоң мамлекеттин аскерий базаларынын бир бүтүн аймакта турушу жол берилгис жагдай деп эсептейбиз, -дейт аксакалдар кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Үмөталиев.

Коомчулуктун бул көз карашты колдогон бөлүгү Орусиянын Кант аба-аскерий базасынын Кыргызстанда жалгыз турушуна ынтызар. Мындай кызыкчылык Кыргызстандын ЖККУ, КМШ өндүү уюмдарга мүчө экендиги менен түшүндүрүлүүдө.

Ошол эле мезгилде АКШ “Манас” аба майданында жайгашкан Транзиттик Борборду чыгарып кетери тууралуу божомолдор сейрек. Бул биринчи кезекте АКШнын Борбор Азия аймагынан чыгуу кызыкчылыгы жоктугу менен түшүндүрүлүүдө. Мындан пайда көрүүнү каалаган Кыргыз бийлиги азыркы жагдайда жаңы шарттарды коюшу ыктымал деген пикирлер да айтылууда.

Бул аралыкта Транзиттик Борборго байланышкан жаңы келишим тууралуу расмий Кыргызстан үн ката элек. АКШ генералынын сапарына аралаш Борбордун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Рикардо Бодден “Азаттыктын” кабарчысынын суроолоруна берген жообунда:

- Учурда келишимди жаңылоо жүрүп жатат. Эки тарап тең - АКШ өкмөтү жана Кыргыз өкмөтү алдыга карай жылып, келишимдин шарттарын тактап, ага кол коюуга умтулууда, - деп жооп берди.

Америкалык Транзиттик Борборду Кыргызстанга жайгаштыруу жөнүндөгү келишим 2009-жылы 22-июнда түзүлгөн. 2002-жылы
Кыргызстанда жайгаштырылган Антитеррордук Коалициянын аба-аскерий Базасынын Борбор катары кайра түзүлүшүнө Кыргызстандын АКШ аба-аскер күчтөрүн чыгаруу чыгаруу талабы түрткү болгон.

Мындай талапты АКШга Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев былтыр февралдын башында Орусия сапарынын учурунда Москвада уюштурулган маалымат жыйынында койгон. Бул сапардын алкагында Кыргыз бийлиги Орусиядан инвестициялык жардам алуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюп кайткан.

"Азаттыктын" архивнен: Шопоковдо аялдарды колдоочу борбор ачылат

Шопоков шаарындагы мурдагы оорукананы аялдарды ишкерликке үйрөтүүчү жана зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерге убактылуу башпаанек берүүчү борборго айландыруу үчүн АКШ өкмөтү 700 миң доллар бөлөт. MiT

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Москвадан саясий аналитик каяктан: Эн Ыйык Кыргызстаныбызга
15.03.2010 16:37
Урматтуу Мен Кыргыз! Сиздин көз карашыңызды урматтайм.Мен Сиздин оюңузга кошулам.Мен АКШга ыктабайм.Ошол эле Япониянын кайсыл бир жылы 13 000 жараны АКШда билим алган.

кимден: Мен Кыргыз каяктан: Мекен Кыргыз
13.03.2010 23:01
Мен жогорудагы Москвадан жазган аналитиктин анча мынча пикирлерине кошулгум келбей турат. Неге дегенде, Ал АКШга ыктоону жактыргандай. А мен болсо АКШга ыктабай эле оз алдыбызча эркин иш аракетти кылып онугууго жетишибиз керек. Уйронууго келсек, кайсыл элдин болбосун жакшы жактарын уйронушубуз керек, бирок коз карандылыгыбызды, эркиндигибизди жоготпошубуз керек. Эркиндик дегенде эгемендигибиз бар, бирок озубуз адамдарыбыздын башы эркин эмес, онун мунун этегине жабышабыз. Ошентип атып эмнеге жетиштик? Эч нерсеге. Экономикабыз онукпой аркада калып жатабыз. Биз башкаларга алданып атабыз. Япондордон коп орнокторду алсак болот. Алар башка элден бир нерсе уйронууго ачык бирок башкаларды ич саясатына кийгилиштирбей алыс кармайт. Америка Кыргызстанды оз кызыкчылыгы учун колдонуунун артында. Алар дуйного демократияны жайылтабыз деген шылтоо менен канча мамлекеттердин ич саясатына киришип, натыйжада алардын башкаруу системасына оз адамдарын чыгарууга жетишип региондордо оз кызыкчылыгын озунун устомдугун калтыруунун аракетин жасашат. Буга тарыхта болгон бир топ мисалдарды келтирууго болот. Керек болсо АКШ бийлиги да эркин эмес. Алардын артында башка кучтор бар, алар АКШ аркылуу дуйного устомдук кылсак деген ниетте. Ошон учун АКШ га Кыргызстандын эшигин коп эле ача бербеш керек. Биз аларсыз деле экономикабызды гулдоп остурсок болот. Алар кайра бизден 100ду алып кайра бизге 10ду берип жатышса, биз, алар бизге жардам берип жатат дейбиз. Мен АКШ га эч качан ишенбейм. "ЙАНКИИ ГОУ ХОУМ !"

кимден: Москвадан саясий аналитик каяктан: Эн Ыйык Кыргызстаныбызга
13.03.2010 17:43
Акаев президент болгондо мен 1-класска да бара элек элем. Арадан коп жыл отту. Университетти да аяктап, акыры бакыт издеп Орус жергесине сапар тартууга туура келди.
Кыргызстандагы мамлекеттик башкарууга, мамлекеттик кызматкерлердин денгээлине коз жугуртуп олтуруп, алардын ишмердуулугуно канааттана албай келем.
Чет мамлекеттер менен кызматташууду Мекенибиздин кызыкчылыгын коздогон аоакеттер болбой келет.

Ошол эле АКШ жонундо.
Билим, экономика, саясат жана аскердик жактан дуйнонун эн таасирдуу олкосу.
91-жылдан бери бул олконун аттуу-баштуу атка минерлери Мекенибизге коп жолу келип кетишти. Кыргызстан бул олко менен келишим тузуп, жуз миндеген жаштарын АКШда окутууга жетише алмак. Кеч болсо да бул олконун билим багытындагы куч-кубатынан пайдаланышыбыз керек.
Чет олколордо билим алган Кыргыз жаштары мени канааттандырбайт. Кыргызстан карызга болсо да жуз миндеген жаштарын дуйнонун эн онуккон олколорундо окутууга тийиш. Билимсиз биз осо албайбыз.
Ар бир торт Кыргыздын бири англис тилин эркин суйлоого тийиш.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине