Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Чек талаштын чечилиши узакка созулчудай


Чек кыштагынын тургуну Манап Божоев кыргыз президентине жазылган кайрылуу менен айылдаштарын тааныштырууда.
Чек кыштагынын тургуну Манап Божоев кыргыз президентине жазылган кайрылуу менен айылдаштарын тааныштырууда.

30-апрелдеги Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине каршылык нотасына жооп бериле элек. Ал арада Өзбекстан коопсуздук кызматынын мамлекеттик чек араны коргоо комитети билдирүү таратты. Анда Өзбекстандын күч кызматтарынын Кыргызстандын Чек кыштагындагы аракети мыйзам негизинде жүргөндүгү белгиленген.

Ноокен районундагы Чек айылына 19-апрель күнү Өзбекстандын куралчан күч кызматкерлери чек арадан өтүп, айылдагы үйлөргө тинтүү жүргүзүшкөн. Тынч турган айылга бүлүк салгандарга нааразы болгон кыргызстандык жарандарга өзбекстандык күч кызматкерлери тил тийгизип, опуза кылышкан. Мындай аракет Өзбекстан кол койгон эларалык-укуктук келишимдерге кайчы келерин эскертип, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 30-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисине каршылык нотасын тапшырган.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги азырынча каршылык нотага жооп кылып, ортодо чагымчылык кылгандардын аракетине кандай укуктук баа берилгенин кабарлай элек. Аны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкери Артур Матыев да ырастады.

- Азырынча мен бул маселеге түшүндүрмө бере албайм. Себеп дегенде биз азырынча расмий кагаз документтерди ала элекпиз. Бизге Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги түшүндүрмөсү менен жооп нотаны жөнөтүшү керек.


А.Матыев айрым маалымдоо каражаттарында жарыяланган Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек араны коргоо боюнча комитетинин билдирүүсүн Интернеттен окуганын, бирок да андай маалыматка анчалык ишеним жоктугун кошумчалады.

Жалал-Абат облусунун жетекчиси Кошбай Масировдун ырасташынча, өзбекстандык күч кызматтар текшерүүгө алган жер азырынча аныкталып, мыйзам негизинде бекитиле элек. Кыргызстандын эки коңшу өлкө - Өзбекстан, Тажикстан менен чек аралары толук аныкталып, такталып бүтө элек.

- «Бул жер тигинин жери, мунун жери» деп айтышка биз дипломатиялык жагынан акыбыз жок. Себеби дегенде, чек ара аныкталып бүтө элек. «Тигинин жери» деп айтышка болбойт. Бирок бизде 24 үй-бүлө жашайт. Ал үй-бүлөлөрдүн 22 өзбек, экөө кыргыз,- дейт Кошбай Масиров.

Анын айтуусунда, ушу тапта чек арадагы элдин айрым проблемаларын кеңешип чечүү максатында Өзбекстандын Анжиян облусунун жетекчилиги менен жакын арада жолугушуу өтмөкчү.

- Кечээ күнү телефон чалышты. 11- же 12-майда Анжиян облусунун жетекчиси, чек арачылар биз чекте жолугалы деп жатышат.

Ал арада Чек айылынын тургундары чек араны эртерээк тактап берүү өтүнүчүн жолдошууда. Ортодогу чек аранын кыйладан бери такталбай келатышы айылдыктарга толгон-токой түйшүктөрдү алып келүүдө. Азырынча өткөндөрдү кадалып текшерүүгө албаганы менен, Өзбекстандын чек арачылары эртеңки күнү айылдыктарды кантип текшерүүгө аларын азыр эч ким айта албайт.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев кийинки кездери суунун айынан коңшу өлкөлөрдүн мамиле-катышы кыйла салкындай түшкөнүн белгилеп, ошондон ортолук проблемалардын чечилиши кыйынга туруп жатканын айтат.

- Өзбекстан биз эгемендикке чыккандан кийин эле чек араны зым менен тосуп, анын эки тарабына тең мина көөмп, ушундай ишти кылган. Өзбекстан өзүнүн кызыкчылыгын орой далилдегиси келип, анан Кыргызстанга караштуу жерлерди тартып алгысы келгенин мына бул иштер далилдеп жатат.

Постсоветтик Борбор Азия республикалары ортосундагы чек араларды аныктоо-тактоо жумуштары аягына чыга элек. Түйшүгү түмөн бул жумуштар аягына чыкканча Чек кыштагындагылардын проблемасынын бир жаңсыл чечилиши деле кыйын.

XS
SM
MD
LG