Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Жаннат: Чет жакта окуп, иштегендердин акылын пайдалануу керек


Жаннат Бектурова/Журтташтар
Жаннат Бектурова/Журтташтар

“Журтташтардын" бул жолку каарманы Жаннат Бектурова учурда Араб Эмиратынын Аскер-аба күчтөрүндө инструктор, стюардесса кызматын аркалап келатат.

Буга чейин Бахрейндин улуттук авиакомпаниясында стюардесса болуп иштеген Жаннат ата-энесине, жакындарына гана жардам бербестен туулуп өскөн айылындагы мектепке, окуучуларга, мугалимдерге көмөк көрсөтүп келет. Жергиликтүү бийликти чет жакта окуп же иштеген мекендештердин күчүн, акылын пайдаланып калууга чакырат.

Жаннат Бектурова: Араб Эмиратына келгениме 1,5 жылдан ашып калды. Буга чейин Бахрейнде иштегем. Ал жакта Улуттук авиакомпанияда стюардесса, борт коштоочу болуп 6 жыл иштедим. Андан кийин Араб Эмиратынын аскер аба күчтөрүнө, башкача айтканда, аскер стюардессалардын командасына кошулдум. Бул жакта инструктор болуп иштеп жатам. Борт коштоочуларга сабак беребиз, ал эми бир жакка учкан учурда учактын ичинде менеджерлик кызматты аркалайм.

“Азаттык”: Стюардесса болууга көп кыздар кызыгат. Абада учсам, учакта эркин бассам дегендей... Кантип бул тармакка келип калгансың?

Жаннат Бектурова: 2007-жылы Кыргызстанда 5-курста окуп жатканда практика кылайын, иштейин деп Абу-Дабиге келгем. Мейманканада иштеп жатканда Бахрейндин улуттук авиакомпаниясы 250 кыздын ичинен бешөөбүздү тандап алган. Бахрейнде иштеп жүргөндө да 65 улуттуу жамааттан жалгыз мен кыргыз болчумун, азыр Араб Эмиратында да жалгызмын. Башында Кыргызстан, кыргыз деп билишчү эмес. Азыр өлкө тууралуу, кооз жаратылышы туурасында айтып, көрсөтүп тургандыктан билип калышты.

“Азаттык”: Стюардесса болууну бала кезде кыялданчу белең?

Жаннат Бектурова: Ооба, кичине чагымда паспортума көп мөөр басылса экен деп кыялданчумун. Парижди, Лондонду көрсөм деп эңсечүмүн. Апама стюардесса болом десем “алар кеминде беш тил билиши керек” деп айтканы аябай эсимде калыптыр.

“Азаттык”: Анан беш тил үйрөндүңбү?

Жаннат Бектурова: Беш тилге жете элек, азыр да үйрөнүп атам.

“Азаттык”: Бул кесип, иш бир чети кызык, бир чети кооптуу дагы деп айтылат. Эмнеси менен жагат?

Жаннат Бектурова кесиптеши менен
Жаннат Бектурова кесиптеши менен

Жаннат Бектурова: Канчалаган өлкөлөргө барасың, канчалаган жерди, элди көрөсүң. Алардын маданиятын, салт-санаасын тааныйсың. Ал эми коопсуздук дегенде, дүйнөдө учак машинага караганда коопсуз деп айтылат. Азыр жаңы технология менен иштеп, анын үстүнө биздин учактар жапжаңы. Кыргызстанда да ушундай болсо деп көп каалайм. Анткени ал жакта эски, көп стандарттарды кармабайт. Бул жакта күндө текшерип турат.

“Азаттык”: Колдон келип турса жардам берген аябай жакшы иш да. Кыргызстанда окуган мектебиңе жардам кандайча жардам берип калдың?​

Жаннат Бектурова өзү окуган мектептин окуучулары менен, Тоң району
Жаннат Бектурова өзү окуган мектептин окуучулары менен, Тоң району

Жаннат Бектурова: Жардам тууралуу мен башынан эле ойлонуп жүрчүмүн. Мен мектепти Ысык-Көлдүн Тоң районунан бүттүм. 2012-жылы мектепти бүткөнүбүзгө он жыл болуп классташтар чогулганбыз.

Ошол жерде курбу кыздар болуп фонд түзүп, жакшы окуган окуучуларга стипендия берели деген идеяны ойлондук. Каражат жагынан жардам бергиси келгендер бир аз акчасын кошушкан.

Кийин барганда ал акча өтө деле көп сумма болбогондуктан, бир топ окуучуларга тарап, чачырап кеткендиктен анын жакшы натыйжасы болбой жатканын байкадым. Андан көрө англис тилин үйрөнүү үчүн ийрим түзөлү деп ойлодум.

2013-жылы жок дегенде айына бир жолу сабактар англис тилинде өтсүн деп программасын түзгөнбүз. Ийримге 30 бала кирип окуй баштаган. Андан бери эки жолу барып, кандай окуп атышканын көрүп, сурап жатам.

Биздин мектептин жайгашкан жери радиоактивдүүлүгү чоң болгон үчүн эл аралык компаниялар ыктыярчы жибербейт экен. Ошондуктан англисче эркин сүйлөгөн, жардам берем деген каалоосу бар кыздар-балдар айына бир жолу сабак өтүп берсе жакшы болот эле. Азыр мен ошондой кишини издеп жатам.​

Жаннат Бектурова Кыргызстандагы окуучулар менен
Жаннат Бектурова Кыргызстандагы окуучулар менен

“Азаттык”: Сыртта жүргөн мекендештер ар кандай түрдө билим берүү, айыл чарба тармагында чакан долбоорлорду баштап өз мекенине, туугандарына, айылына жардам берип жатышат. Негизи эле натыйжа жакшы болуш үчүн, берилген жардамдар куру кетпеш үчүн чет өлкөдөгү кыргызстандыктар жардамын кайсы багытка көбүрөөк жумшаш керек?

Жаннат Бектурова: Кыргызстан жаңыдан өнүгүп келатат. Көптөгөн кыздар-балдар сыртта жүрөт. Баарыбыз чогулуп кичинеден болсо да жардам берип баштасак өлкөбүз өнүгөт деп ойлойм. Жардам бере турган тармактар көп эле. Мисалы, окуу куралдан, мугалимдердин деңгээлин көтөрө турган тренингдерди өткөрүп, колунда жок үй-бүлөлөрдун балдарына жардам керек.

“Азаттык”: Инвестицияны, берилген жардамды келечекте пайда алып келе турган нерсеге салыш керек деген ойдо турбайсыңарбы?

Жаннат Бектурова: Жөн эле акча берип койбой келечекте да ошол нерсени пайдалана турган багытты тандасак дейм. Мисалы, билим бул түбөлүк калат. Ал баланын келечегине жол ачат.

“Азаттык”: Кыргызстанга келгенде насаатчы катары да иштеп, мугалимдерге ментор болуп, кеп-кеңеш айтып да жүрөт экенсиңер. Наасаатчылыкты кантип өнүктүрүш керек?

Жаннат Бектурова: Айылда же шаарда жергиликтүү бийлик, айыл өкмөтүндө иштегендер сыртта жүргөн, чет өлкөдө иштеген уул-кыздарын пайдаланышы керек деп ойлойм. Ушул маселеге көңүл бурулбайт. Бул кетиптир, ал келиптир деп эле калып калбай, жок дегенде окуучулар менен жолугушууларды уюштуруп, чет жакта иштөө, билим алуу боюнча тажрыйбаларын, жолдорун сурап, маектешүүлөрдү уюштурса жакшы болмок. Алардын күчүн, акылып пайдаланыш керек. Бул да жаштарга мотивация болмок.

“Азаттык”: Бир катар өнүккөн өлкөлөрдө болдуңар, алардын иштөө тартибин үйрөнүп, көрүп жатасыңар дегендей. Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсү үчүн эмне кылыш керек?

Жаннат Бектурова: Чет өлкөдө жүргөндөр туугандарына, жакындарына жардам берип келатышат. Кычыраган машина алып берип мингизип атышат. Ал да жаман эмес. Бирок жолдорубузду карасыңыз жыртык-тешик. Коррупцияны жоймоюнча өлкө өнүкпөйт. Бала бакчадан баштап коррупция болуп кеткен.

Маек "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунун "Мекендештер" форуму долбоорунун алкагында даярдалды.

XS
SM
MD
LG