Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

Лукашенко Беларус ЕАЭСтен чыгып кетерин кыйытты


Беларус президенти Александр Лукашенко маалымат жыйында. 29-январь, 2015-жыл.
Беларус президенти Александр Лукашенко маалымат жыйында. 29-январь, 2015-жыл.

Президент Александр Лукашенко Беларус Евразия экономикалык биримдигинин “саясий” макам алышына каршы экенин билдирди.​

Минскидеги басма сөз жыйынында беларус президенти Александр Лукашенко Беларус Евразия экономикалык биримдиги “нукура экономикалык” максатты гана көздөрүн айтты:

- Бул биримдикте Казакстан менен бирге экономикалык багытты гана көздөсүн деген тартипти өтө катуу сактайбыз. Андан ашык эч кандай максат болбошу керек. Маселен, бирдиктүү визалык режим тууралуу маселе көтөрүлгөндө Казакстан дароо каршылыгын билдирген. Биз ойлонгонго да жетишпей калдык. Саясий кызматташтык боюнча сөз болгондо Казакстан каршы чыгып, "экономика менен гана чектелели" деди. Муну биз да колдодук.

Александр Лукашенко эгер буга чейин түзүлгөн макулдашуу сакталбай, Евразия экономикалык союзу Кремлдин колундагы курал катары колдонулса, Беларус андай бирикмеден чыгып кетиши мүмкүн экенин жашырган жок.

Жыл сайын өткөн маалымат жыйында президент Лукашенко Москва - Минск ортосунда азык-түлүк импорту жана экспорту боюнча тиреш бар экенин моюнуна алды. Беларус Орусиянын кызыкчылыгын көздөп, эч качан Батыш менен мамилесин бузууга барбастыгын эскертти.

Лукашенко украин кризисин чечүүдө Орусиянын “өзгөчө” жоопкерчилиги бар экенин белгилеп, кырдаал тезинен жайгарылбаса, согуш Беларус менен Орусияга жайылышы мүмкүн деген чочулоосун айтты.

Ошол эле маалда Лукашенко “өз өлкөсүндө Украинадагыдай окуялар болбойт” деп, Минскиде Майдан уюштурам дегендер болсо, андай ойдон арылгыла деди:

- Майдан жөнүндө мен буга чейин бир нече жолу айткам. Эгерде кимдир бирөөнүн башында Беларуста Майдан болот же болушу мүмкүн деген “шайтан ой" болсо, андан арылгыла. Канчалык эрте арылсаңар, ошончолук жакшы болот. Анткени Беларуста эч качан Майдан болбойт. Эч качан!

Жети саатка созулган маалымат жыйынында беларус лидери өлкөдөгү экономикалык абал, дүйнөдөгү саясий жагдай боюнча ой бөлүштү. Өлкөнү 20 жылдан ашык башкарып келаткан Лукашенко кийинки президенттик шайлоого катышарын кыйытты. “Бийликте отурган президенттин шайлоого катышпай калуусуна же оору, же мээсинен айныгандык гана себеп болушу мүмкүн. Менде ал жагынан маселе жок”, - деди ал.

Өзүнө өтө ишенген Лукашенко Евразия экономикалык кеңеши боюнча Орусиянын дарегине алгачкы жолу сын айтып жаткан жок. Буга чейин Москва өткөн ноябрда Беларуста өндүрүлгөн азык-түлүккө чектөө салганда ачууланып, “биз менен күчкө салып сүйлөшүүгө эч кимге жол берилбейт” деп агынан жарылган. Жаңы жыл алдында 2015-жылы Беларус Орусиядан көз карандылыгын азайтып, Батыш менен мамилесин жакшыртарын айткан. Европанын "акыркы диктатору" атыккан Лукашенконун мындай чечкиндүү сөзүн саясат таануучулар Орусия - Батыш тирешинде Беларустун бейтарап калуу амалы деп баалашат.

Беларус саясий эксперти Александр Класковский Лукашенко учурдан пайдаланып, кадыр-баркын көтөрүүгө далалат кылууда деп сыпаттады:

- Лукашенконун бул жолку билдирүүлөрүндө Кремлге жагымсыз сөздөр көп болду. Муну менен ал өзүнө пиар кылуу аракетин көрдү деп ойлойм. Экинчи жагынан ал орустардын экспансиясынан чочулаганын да билдирип койду. Ошентсе да, Лукашенко Москвадан бөлүнүп эч кайда бара албайт. Анткени экономикасы коңшусуна көз каранды. Аны Лукашенко өзгөртө албайт жана өзгөртүүнү да каалабайт.

Беларус Украинанын чыгышындагы абалды жайгаруу боюнча ортомчулукту сунуштап келет. Буга чейин расмий Киев менен Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарында “элдик республикаларды” жарыялаган жикчилдер, Орусия жана ЕККУнун өкүлдөрү Минскиде бир нече ирет жолуккан. Сентябрь айында жиктешкен тараптар ортосунда ок атышууну токтотуу, колго түшкөндөрдү алмашуу боюнча меморандумга Беларустун баш калаасында кол коюлган. Тилекке каршы, макулдашуу аткарылбай, Украинанын чыгышында кан төгүү уланууда. Соңку кезде кырдаал курчуганга байланыштуу Украина боюнча “байланыш топ” 30-январда Минскиде чогулганы жатат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG