Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:35

Армения: ЕАЭБнын пайда-зыяны таразада


ЕАЭБга каршылардын Армения парламентинин алдында өткөргөн акциясы. 1-декабрь, 2014-жыл.

ЕАЭБга каршылардын Армения парламентинин алдында өткөргөн акциясы. 1-декабрь, 2014-жыл.

Армения парламенти Евразия экономикалык биримдигине кошулуу келишимин талкуулоодо. Армения Орусия башындагы уюмга кирүү тууралуу келишимге 10-октябрда кол койгон.

Расмий маалымдалгандай, Кыргызстан 23-декабрда Евразия экономикалык биримдигине кошулуу жөнүндө келишимге кол коет. Ага байланыштуу Бажы биримдигине кирүү боюнча мурда бекитилген “жол картасында” каралган милдеттенмелерин аткарууга тийиш.

1-декабрда Армениянын улуттук жыйыны - парламент Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча келишимди талкуулай баштады. Ал эми оппозициянын жана коомдук уюмдардын ондогон активисттери парламент алдына документти бекитүүгө каршы нааразылыкка чыгышты.

“Улуттук өз алдынчалык” бирикмеси партиясынын лидери Паруйр Айрикяндын айтымында, Орусиянын экономикасы Батыштын санкциясына туруштук бербей дарманы тайып бараткандыктан, Армения береги биримдикке киргенден эмне пайда табары күмөндүү.

Армениянын парламенти.

Армениянын парламенти.

- Бүгүн рубль мурдагыдай валюта болбой калганы, Орусияда экономика жок экени баарыга маалым. Цивилизацияга согуш жарыялап болбойт, бул согушту жарыялагандардын өнөктөшү болуу жарабайт. Элди бул жолго баштоого болбойт,- деген Айрикян Орусиянын Крымды аннексиялап алуусуна жана украиналык жикчилдерди куралдандырып жатканына ишара кылды.

Армения жетекчилиги болсо башка пикирде. Өкмөттүн айтымында, Евразия экономикалык биримдигине кошулуу товарларды экспорттоону олуттуу көбөйтүп, элдин жашоо деңгээлин жакшыртат, өлкө туруктуу өнүгүүгө мүмкүндүк алат.

Каржы министринин орун басары Сурен Караяндын депутаттарга айтканына караганда, Армения биримдикке жаңы жылдан тарта киргенден кийинки эки-сегиз жыл арасында 900гө жакын товарга бажы салыгы өзгөрүлбөйт, экономика жылына 1,2-2,5% өсөт. Бирок Дүйнөлүк соода уюму менен чечүүчү бир катар проблемалар болот деди Сурен Караян:

- Армения Евроазия экономикалык биримдигине кошулуп, ЕАЭБнин бирдиктиүү бажы салыгын кабыл алуусу керек. Кээ бир учурда Армения импорттоочу товарларга бажы төлөмдөрү Дүйнөлүк соода уюму менен биз макулдашкандан жогору болот. Армения Евроазия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен бирге Дүйнөлүк соода уюму менен жаңы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана өз милдеттенмелерибизди бузганыбыз үчүн салынчу санкциялардын жоопкерчилигин ЕАЭБга мүчө мамлекеттер да көтөрөт.

Каржы министринин орун басары Сурен Караян 26-ноябрдагы өкмөттүк кеңешмеде билдиришинче, Армения жылына Евразия экономикалык биримдигинин бюджетине болжол менен 2 млн. доллар төлөп турат. Армения өз кезегинде ЕАЭБдан жылына орточо эсеп менен 250 млн. доллар алып турат:

- Декабрда келишим күчүнө киргенден кийин, үчүнчү өлкөлөрдөн ЕАЭБнын территориясына ташылган товарлардан алынчу бажы төлөмдөрү мүчө өлкөлөр арасында бөлүштүрүлөт. Армениянын үлүшү 1,13% түзөт. Бул сумма мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн кирешеси түрүндө түшөт. Анын так суммасын айтуу оор, бул 250 млн. доллардай болот. Анын көлөмү ЕАЭБ 2015-жылы үчүнчү өлкөлөрдөн импорттоочу товарларга жараша болот.

Армениянын парламенти астында ЕАЭБга каршы болгондордун акциясы (1-декабрь)

Минтип Армения өкмөтү жакшы убадалар менен саясатчыларды жана жарандардын көңүлүн алып жатканда, ишкерлердин тынчы кетүүдө. “Арарат тамак-аш комбинаты” компаниясынын директору Ерванд Тарвердян 1-декабрда “Азаттык” радиосунун армян кызматына сүйлөп, жалпы бажы мейкиндигине карабай, Орусия өкмөтү союздаш Беларустан азык-түлүктүн кээ бир түрлөрүн импорттоого тыюу салганын айтты. Москва өз чечимин санкция жарыяланган Батыштын азыктарын Беларус кайра иштетип, Орусияга сатууда деп негиздеди. Тарвердян болочокто Москва ушул жолоюн Арменияга каршы да колдонбойбу деп кооптонот:

- Мага түшүнүксүз. Биз эгер эт импорттоп, аны анан Орусияга экспорттосок, албетте, бул кайра иштетилбеген товар. Бирок биз сырттан эт ташып, андан консерва, колбаса, казы-карта жана башка оокаттарды жасап сатчу болсок, аларга да санкция колдонулабы?

Ал эми “Экокат” жана “Ликвор” компанияларынын башчылары Артур Мовсисян жана Сергей Матевосян болсо Арменияда Орусиядагыдай эле кошумча нарк салыгы (НДС) 20%, Беларуста ал салык жок экенине көңүл бурушту. Натыйжада, бир эле экономикалык мейкиндикте аракеттенген армениялык ишканалар чыгым тартат. Себеби, орус жана беларус компаниялары салыкты аз төлөшкөндүктөн, өз өнүгүүсүнө акчаны көп бөлө алат.

1-январдан иштей баштачу ЕАЭБ Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик жөнүндөгү келишимдин негизинде түзүлгөн. Бажы биримдигине азыр Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө.

XS
SM
MD
LG