Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Трейси: Билимге инвестиция салган уттурбайт


Брайан Трейси
Брайан Трейси

BMW, "Альфа Банк", "Газпром", McDonald’s ж.б. дүйнөдөгү ири 100дөн ашуун компаниянын кеңешчиси, инсандык жеке сапаттарды жана бизнести өнүктүрүү жаатындагы мыкты насаатчы деп табылган Брайан Трейсинин 30-апрелде бир күндүк семинары өттү.

Кыргызстанда мындай масштабдуу бизнес - окуу быйыл экинчи жолу өтүп жатат. Сатылган билеттин кымбаттыгына карабай келип, залга батпай турган элден улам бизде да жеке инсандык сапаттар менен бизнесин айкалыштырып, өнүктүрүүнү каалагандар арбып баратканын байкаса болот.

- Сиз иштеп тапкан акчанын көлөмүн ким белгилейт? Мамлекетпи? Директоруңарбы, же сиз иштеп жаткан фирмабы? Бул суроонун жообу оңой, иштеп тапкан акчаңыздын көп же аз болуусуна сиз гана жооптуусуз. Жыл сайын Америкада 25тен ашуун ири компаниянын башкы директор жана менеджерлери иштеп тапкан акча эсептелет. Былтыр ушундай башкаруучулардын биринин бир жылдык орточо кирешеси 10,3 миллиард доллар болгону аныкталган. Жыл сайын Кыргызстанда миңдеген киши биринчи жолу жумуш талаасына аттанат. Ушул миңдеген кишилердин жыйырма жылдан кийинки кирешесин салыштырсак, билимге жана өзүн өнүктүрүүгө канчалык көп каражат жумшаган адамдардын гана байыганын байкай алабыз, - деген сөздөр менен Трейси өз семинарын баштады.

Брайан Трейсини Кыргызстанга Борбордук Евразия Лидерлик Академиясы чакырган. Мындай кадамдын башкы максаты - бизде да ишмердүүлүгүн өнүктүрүп, билим алуунун ар кыл ыкмасын жактырган адамдардын санын көбөйтүү экенин белгилейт аталган академиянын мүчөсү Жылдыз Караталова:

- Бул семинар биз өткөргөн экинчи иш-чара. Былтыр да биз ушундай багыттагы семинар өткөрүп, 200дөй киши катышкан. Былтыркы семинарга катышкан ишкерлер аябай ыраазычылык билдиришип, ушундай саамалыктын кайра кайталанышын суранышкан. Быйыл биз дүйнөлүк насаатчылардын баарын анализдеп отуруп, эң мыкты ондукка кирген кеңешчи Брайан Трейсини чакырдык. Келген конокторубуздун саны да көп. Биздин негизги максат - Кыргызстанда кесипкөй ишкерлердин санын көбөйтүп, алардын билимин өркүндөтүү.

Теги канадалык Брайан Трейси азыр 71 жашта. Ванкувер шаарында жакыр үй-бүлөдө төрөлгөн. Мектепти бүтпөй эле окуусун таштап, сегиз жыл бою кемеде иштеп, бир нече өлкөнү кыдырып, кийин жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин жеке инсандык сапаттарды, бизнести өнүктүрүү боюнча китептерди жазган.

Анын кеңеш-насаатын дүйнөдөгү миллиарддаган кирешелүү IBM, BMW, "Альфа Банк", "Газпром" сыяктуу ири компаниялар пайдаланып келет.

Ысык-Көлдө дыйкан чарбачылыгы менен алектенген Абдуталип мырза да мурда Трейсинин китебин окуп таасирленип келсе, бул жолу өзүн көрүп, кеңештерин өз оозунан угууга атайын Ысык-Көлдөн келген:

- Бул кишинин китеп, эмгектерин мурда китептен, гезиттерден окуп жүргөн элем. Анан Бишкекте семинар өткөрүп жаткандан кийин атайын өз көзүм менен көрүп, өз оозунан кеңештерин угайын деп Ысык-Көлдөн келдим. Брайан Трейси заманбап ишмердүүлүктү өндүрүү, адамдын билим алууга умтулуусу жаатында мыкты идеялары бар. Ошон үчүн сыйлайм.

70тен ашуун өлкөдө 300 миллиондой кишиге лекция окуган Брайан Трейсинин бизнес кеңештерин алуу үчүн Бишкекке жеке эле Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан эмес, коңшу Казакстан, Орусиядан да келгендер болду. Эң башкысы кыргыз коомчулугунда жеке инсандык баалуулуктар менен ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө болгон кызыгуу артып жатканы дал ушул семинардан байкалды.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG